Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө ЖОБО

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө ЖОБО

Жарыяланган: 11 April 2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 27-июлундагы
N 416 токтому менен
бекитилген

 

1. Жалпы жоболор
2. Башкаруу тартиби
3. Байкоочу кеңеш. Байкоочу кеңештин функциялары жана иши
4. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн функциялары жана отчеттуулугу
5. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн жоопкерчилиги
6. Фонддун акчалай каражаттарын түзүүнүн тартиби
7. Фонддун акчалай каражаттарын пайдалануунун тартиби
8. Салык салуу
9. Өзгөчө шарттар

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун (мындан ары Фонд) ишин жөнгө салат.
2. Фонддун негизги максаты болуп Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, региондун экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына дем берүү, Фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу эсептелет.
3. Бул Жобо 2009-жылдын 6-июнундагы, Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайра каралган инвестициялык макулдашууга (мындан ары – Макулдашуу) ылайык иштелип чыккан.

2. Башкаруу тартиби

4. Фондду башкарууну Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун байкоочу кеңеши (мындан ары – Байкоочу кеңеш) жүргүзөт, анын курамы Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлөт.

Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 475 (Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралу) буйругу

Фонддун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу максатында Байкоочу кеңештин курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү, Ысык-Көл облусунун райондорунун, Каракол жана Балыкчы шаарларынын жергиликтүү кеңештеринен бирден өкүл, ошондой эле коомдук уюмдардын, бирикмелердин жана жарандык сектордун кеминде үчтөн өкүлү киргизилет.
5. Байкоочу кеңештин функциясы жана иши ушул Жобо менен аныкталат.
6. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн укуктары жана жоопкерчилиги Байкоочу кеңеш бекиткен объекттердин тизмеси жана бириктирилген сметасы менен кошо Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясына – губернаторго (мындан ары – Фонддун каражаттарын тескөөчү) берилет.

3. Байкоочу кеңеш. Байкоочу кеңештин функциялары жана иши

7. Байкоочу кеңеш коллегиалдуу байкоочу орган болуп эсептелет, бул Байкоочу кеңеш Фондго жана анын акчалай каражаттарын Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн максаттуу пайдаланууга жалпы жетекчилик жүргүзөт.
8. Байкоочу кеңеш юридикалык жактын статусуна ээ болбойт.
9. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
10. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын жыйындарына катышуу үчүн өздөрүнүн ордуна башка адамдарды жибере алышпайт. Байкоочу кеңештин мүчөсү жок болгон учурда бул мүчө каралып жаткан маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
11. Байкоочу кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– Фонддун ишинин негизги принциптерин, багыттарын жана артыкчылыктарын бекитүү;
– Фонддун каражаттарын тескөөчү сунуш кылган Фонддун кредиттик жана инвестициялык ишин ишке ашыруу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
– Фонддун каражаттарына ички аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
– ар бир финансы жылына Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн ишин каржылоонун сметасын жана шарттарын бекитүү;
– долбоорлордун жана объекттердин тизмесин, ошондой эле кварталга бөлүштүрүү менен аларды каржылоонун бириктирилген сметасын бекитүү;
– Фонддун акчалай каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо.
12. Байкоочу кеңеш өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
– өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты Фонддун каражаттарын тескөөчүдөн сурап алууга;
– Байкоочу кеңешке бекитүүгө Фонддун каражаттарын тескөөчүсү берген документтерди кайра иштеп чыгууга жиберүүгө;
– Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө.
13. Байкоочу кеңештин жыйындары квартал сайын өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда иш-чаралардын жана объекттердин тизмесине, ошондой эле тиешелүү чыгымдардын сметаларына оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан учурдагы маселелерди чечүү үчүн Байкоочу кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
14. Байкоочу кеңештин жыйынын өткөрүү күнүнө чейин кеминде 5 күн калган мезгилде Байкоочу кеңештин мүчөлөрү алдын ала (жазуу жүзүндө же ооз эки түрдө) кабарланганда жана Байкоочу кеңештин кеминде 2/3 мүчөсү катышса жыйын мыйзамдуу болуп эсептелет.
15. Байкоочу кеңештин жыйындары Байкоочу кеңештин катчысы тарабынан протокол менен таризделет. Протоколго Байкоочу кеңештин төрагасы же жыйынга төрагалык кылган адам кол коет, анын түп нускасы Байкоочу кеңештин катчысында сакталат.
16. Байкоочу кеңештин чечимдери Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Байкоочу кеңештин жыйынында төрагалык кылган адам кол коет. Добуштар тең болуп калса, Байкоочу кеңештин жыйынында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
17. Байкоочу кеңеш өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер Фонддун каражаттарын тескөөчү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
18. Байкоочу кеңештин ишин камсыз кылууну Фонддун каражаттарын тескөөчү жүргүзөт. Фонддун каражаттарын тескөөчү Байкоочу кеңештин катчысынын милдеттерин аткаруу үчүн өзүнүн штаттык кызматкерин берет.
19. Байкоочу кеңештин катчысы Байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен кат алышууну жүргүзөт, алардын сунуштарынын негизинде иштөө планын, күн тартибин түзөт, жыйындардын протоколдорун жазат, Байкоочу кеңештин төрагасынын тапшырмаларынын жана чечимдеринин аткарылышынын мөөнөттөрүн контролдойт.
20. Ар бир календардык жылдын 25-декабрынан кеч эмес мезгилде өтүп жаткан жыл үчүн иштин жыйынтыгы жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн отчетун өзүнүн жыйындарында угат.
21. Ар бир жылдын башында, 25-январдан кеч эмес мезгилде Байкоочу кеңеш ошол жыл үчүн долбоорлордун жана объекттердин тизмесин, ошондой эле аларды каржылоонун бириктирилген сметасын Фондго түшүүчү каражаттарды эске алып, кварталга бөлүштүрүү менен бекитет.

4. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн функциялары жана отчеттуулугу

22. Фонддун каражаттарын тескөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
– Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын биринде АКШ долларында жана улуттук валютада Фонддун өзүнчө алыш-бериш эсебин ачат;
– Байкоочу кеңештин чечимдеринин жана ал бекиткен бюджеттин аткарылышын камсыз кылат;
– Байкоочу кеңештин ишин борбордоштурулган материалдык-техникалык жабдууну камсыз кылат;
– Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттерди техникалык көзөмөлдөөнү, аларды оңдоо жана реконструкциялоо үчүн долбоорлоо-сметалык документтерди түзүүнү камсыз кылат;
– Байкоочу кеңеш бекиткен, Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн чыгымдарын төлөөнү жүргүзөт;
– Фонддун акчалай каражаттарынын колдонулушу боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт;
– Фонддун пайдаланылбаган акчалай каражаттарын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына пайдалуу шарттарда жайгаштырат;
– Байкоочу кеңештин жыйындарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
– көз карандысыз аудитор үчүн маалыматты даярдайт;
– ачык угууларды (айылдык жана шаардык жыйналыштарды) жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт жана Фонддун каражаттарын бөлүштүрүүдө тургундардын пикирин эске алат.
23. Фонддун байкоочу кеңеши Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча функцияларын аныкташы же жогоруда аныкталган функцияларын деталдаштыруусу мүмкүн.
24. Фонддун каражаттарын тескөөчү өзүнүн иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасы кабыл алган Кен тармагынын ишинин айкындыгын жогорулатуу демилгесинин принциптерине ылайык расмий басылмаларда квартал сайын жарыялап турат.

5. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн жоопкерчилиги

25. Фонддун каражаттарын тескөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун акчалай каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
26. Ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун каражаттарын тескөөчү отчеттук жыл үчүн Фонддун бюджетинин аткарылышы жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун аткарылышы жөнүндө отчетту даярдайт жана Байкоочу кеңешке бекитүүгө берет.
27. Ар бир жылдын башында облустун райондорундагы жана шаарларындагы социалдык-экономикалык абалды иликтөөнүн жана талдоонун негизинде Фонддун каражаттарын тескөөчү “Кумтөр Голд Компани” ЖАКы берген Фондго которула турган акча каражаттарынын болжолунун негизинде, Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттердин жана долбоорлордун тизмесин даярдайт жана Байкоочу кеңешке бекитүүгө берет.
28. Фонддун каражаттарын тескөөчү өткөн квартал үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту жана кийинки кварталга карата Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча такталган болжолду Байкоочу кеңешке бекитүүгө квартал сайын берет.
29. Фонддун ишине көз карандысыз аудитти Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жүргүзөт.

6. Фонддун акчалай каражаттарын түзүүнүн тартиби

30. Фонддун акчалай каражаттары Макулдашууга ылайык “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын “Ысык-Көл салымынын” эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен түзүлөт.
31. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКы өткөн айда алынган дүң кирешенин 1%и өлчөмүндөгү сумманы өткөн мезгил үчүн ар бир айдын онунда (эгерде айдын ону жумушчу күн болбой калса, жакынкы кийинки жумушчу күнүндө) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы эсепке АКШ долларында которот.
32. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы каражаттарды алгандан кийин 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде 1 проценттик салымды которуу жөнүндө төмөнкүдөй тартипте буйрук берет:
– 50 проценти Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун эсебине которулат, алар андан ары Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө Фонддун каражаттарын тескөөчү тарабынан пайдаланылат. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКы бул каражаттарды бөлүштүрүүгө катышпайт;
– 50 проценти Фонддун атына ачылган өзүнчө “Эскроу-Эсепке” которулат, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАКы менен макулдашуу боюнча пайдаланылат.
33. Фонддун акчалай каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.

7. Фонддун акчалай каражаттарын пайдалануунун тартиби

34. Фонддун акчалай каражаттарын Фонддун каражаттарын тескөөчү Байкоочу кеңеш аныктаган максаттарга гана пайдаланууга тийиш.
Өзгөчө учурларда Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы – губернатор Байкоочу кеңештин кароосуна объекттердин кошумча тизмесин киргизүүгө укуктуу.
Акчалай каражаттар башка максаттарга, ошондой эле Байкоочу кеңештин жана Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн уюштуруучулук иш-чаралары менен байланышкан чыгымдарга пайдаланылышы мүмкүн.
35. Фонддун каражаттарын тескөөчү Фонддун акчалай каражаттарынан алынган проценттерди Фонддун топтоштурулган акчалай каражаттарынын суммасын көбөйтүү максатында пайдаланат.
36. Фонддун акчалай каражаттары Байкоочу кеңеш бекиткен жылдык бюджетке ылайык Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө төмөнкүдөй пайдаланылат:
– билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, укук коргоо, коргонуу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана алардын ишин колдоо;
– курорттук-рекреациялык зонаны өнүктүрүүнүн башкы пландарын, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин, деталдуу пландоонун долбоорлорун иштеп чыгууга, экологиялык коопсуздукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга;
– жерлерди мелиорациялык жакшыртуу, ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга, жердин абалын жакшыртуу боюнча башка агротехникалык иш-чараларга;
– Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу бизнес-долбоорлоруна мөөнөтүн белгилөө, акы төлөө жана кайтарымдуулук негизинде микрокредиттик уюмдар аркылуу микрокредит берүүгө;
– облустун калктуу конуштарын абаттоо, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;
– облустун айыл чарба кооперативдерине жана дыйкан чарбаларына андан ары лизингге берүү менен айыл чарба техникасын жаңылоого жана борбордоштурулган сатып алууга;
– чыгармачыл долбоорлорду, шыктуу балдарды жана таланттарды колдоого;
– Ысык-Көл облусунун акваториясын эл аралык туризм үчүн жагымдуу жана кызыктуу аймак катары имиджин түзүү жана жайылтуу, туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чараларга.
37. Фонддун акчалай каражаттарын Фонддун каражаттарын тескөөчү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишенимдүүлүк рейтингин эске алып, мөөнөтүн белгилөө шартында, ошондой эле “талап кылынганга чейинки” шарттарда абдан пайдалуу процент менен депозит катары жайгаштыра алат.
38. Аманат катары салынган финансылык активдердин кайтарымдуулугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон учурда Байкоочу кеңештин чечими боюнча Фонддун каражаттарын тескөөчү бул салымдарды Кыргыз Республикасынын абдан ишенимдүү камсыздандыруучу компаниясында камсыздандырат.

8. Салык салуу

39. Фонддун каражаттарына салык салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

9. Өзгөчө шарттар

40. Долбоордук-сметалык документтерди түзүү, техникалык көзөмөлдөө, материалдык-техникалык жабдуу үчүн Фонддун байкоочу кеңеши Фонддун жылдык бюджетин караганда Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн чыгымдарынын сметасын түшкөн каражаттардын жалпы өлчөмүнүн 2,5 процентинен ашпаган өлчөмдө бекитет.