«Кумтөр» бардык кызыккан уюмдарды Кумтөр кен казуу жайынын лагериндеги муздаткыч жабдууларын тейлөө боюнча сунуштарын тапшырууга чакырат

«Кумтөр» бардык кызыккан уюмдарды Кумтөр кен казуу жайынын лагериндеги муздаткыч жабдууларын тейлөө боюнча сунуштарын тапшырууга чакырат

Жарыяланган: 08 July 2014

ТЕНДЕР ЖАБЫК

Сунуштарыңызда төмөндөгүдөй маалымат чагылдырышыңыз керек:

– Уюмдун мамлекеттик жана салык органдарында каттоо документтеринин көчүрмөлөрү;
– Бар болгон лицензиялар жана уруксаттар;
– Билдирме келип түшкөндөн кийин 1-2 күндүн ичинде кен казуу жайына баруу мүмкүнчүлүгү;
– Негизги ишкердик түрлөрүн камтыган уюм жөнүндө кыскача маалымат, мекеменин негиздөөчүлөрү жана жетекчилери жөнүндө маалымат;
– Бардык салыктарды эсепке алган саатакы.

Келишимдин мөөнөтү – 2014-ж. август айынан декабрь айына чейин. Келишимдин мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

КГК, келип түшкөн сунушту толугу же бөлүгү менен кабыл алуу же албоо укугун сактайт. КГК эң төмөн бааларды сунуштаган уюм менен келишим түзөрүнө эч кандай кепилдик бербейт. Келишимдин жоболорун жана шарттарын тактоо үчүн эң конкуренттүү шарттарды сунштаган талапкерлер гана чакырылат.

Болгон суроолоруңуздү жана сунуштарыңызды 2014-ж. 18-июлуна чейин электрондук почтасына жиберсеңиздер болот.