2021-жылдын 1-сентябрындагы маалыматтык билдирүү

2021-жылдын 1-сентябрындагы маалыматтык билдирүү

Жарыяланган: 01 September 2021

Бүгүн Centerra Gold Inc. карьердеги суу тууралуу интернет басылмаларга кабар жарыялап, ал суу болбош керек эле, «борбордук карьерди суу каптап калды» дешти. Алар тараткан маалыматта, ошондой эле  Кумтөрдү канадалыктар, тактап айтканда Дэн Дежарден жетектеп турганда, цитата келтирели: “дээрлик бардык ээриген суулар карьерге жеткенге чейин чыгарылып турчу жана азыр ал кендин бардык жумушчулары үчүн олуттуу коркунуч туудурат” – деп жазылган.

Чынында, карьерде суу дайыма эле бар болчу. Ал алтынды кайра иштетүүчү фабриканын муктаждыктары үчүн колдонулуп келген. Бул билдирүү боюнча, биз улук инженер, гидрогеолог Кирилл Алексеевдин видео комментарийин сунуштайбыз. ШИЛТЕМЕ: https://www.youtube.com/watch?v=r6KabFTo1ZU

Мурда, алардын мезгилинде, «карьерде мындай чоң көлөмдөгү суулар байкалган эмес» деген «Центерранын» карандай калпын ачыктоо үчүн, мындай көлөмдөгү суу дайыма болгонун фотофактынын негизинде далил келтиребиз.

Бул пресс-релизде камтылган маалыматтын баардыгы чындыкка дал келбейт жана «Кумтөр» кенинин айланасындагы кырдаалды атайын курчутуу, элди дүрбөлөңгө түшүрүү максатын көздөйт деп эсептейбиз.

«Центерра» мыйзам алдындагы алсыздыгын түшүнүп, аргасыз КГКнын убактылуу тышкы башкаруучулар командасынын аброюна шек келтирүү үчүн бардык ыкмаларды колдоно баштады.

Сүрөттө: Карьер 29-август, 2010-жыл

Сүрөттө: Карьер 30-сентябрь, 2010-жыл.

Сүрөттө: Карьер 22-август, 2011-жыл.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.