2019-жылдын 4-чейреги жана жылдык жыйынтыктары

2019-жылдын 4-чейреги жана жылдык жыйынтыктары

Жарыяланган: 07 April 2020

Негизги өндүрүштүк жана финансылык жыйынтыктар

2019-жылы «Кумтөр» кенинде 600 201 унция1 же 18 668,35 кг алтын өндүрүлд ү, 600 231 унция же 18 669,28 кг алтын сатып өткөрүлгөн. Сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 827,5 млн долларды2 түздү. «Кумтөрдүн» мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 2019-жылдагы салымы 14,8 миллиард сомдон ашты.
 “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз кана “Кыргызалтын” ААКы ээ.

COVID-19 тууралуу маалымат

 «Центерра» өзүнүн кызматкерлеринин, бөдрөтчүлөрүнүн, жергиликтүү калктын жана башка кызыктар адамдардын саламаттыгы менен коопсуздугун биринчи кезекке коюп дайыма көңүл буруп келген жана азыркы COVID-19 вирусу дүйнөгө тарап жаткан  учурда бул өзгөчө актуалдуу мааниге ээ. Компания азыркыга чейин өндүрүштү токтотууга же болбосо материалдык-техникалык камсыздоосун үзгүлтүккө учуратууга же терс кесепеттерге дуушар болгон жок. «Кумтөр» жана «Маунт Миллиган» кендери азырынча ишин улантууда, өзгөчө «Кумтөр» кени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишин улантып жатат.

«Центерра» компаниясы тарабынан  COVID-19 вирусун жуктуруунун потенциалдуу жолдорун кыскартуу жана алардын жуктуруп алуусун алдын алуу боюнча так маалымат менен камсыздоо багытында төмөнкүдөй чаралар көрүлүүдө:

  • Пандемияга жана кризистик кырдаалдын жаралышына каршы күрөшүү: Март айынын башында кризистик кырдаалга каршы күрөшүү боюнча эл аралык топ түзүлгөн. Компания жогорку жана аймактык жетекчилик өкүлдөрүнөн турган бул топ Центерранын глобалдык кризистик кырдаалдарга каршы күрөшүү ишин жетектейт жана компания тарабынан пандемияга каршы иштелип чыккан иш пландар менен кошо жер-жерлерде түзүлгөн кризистик иш пландарын ишке ашырат.
  • Медициналык жана психологиялык колдоо: Центерра кызматкерлерине COVID-19 вирусу жөнүндө фактылар жана профилактикалык иш-чаралар тууралуу маалыматты жеткизет жана ар бир жетекчини өздөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө тынсызданып жаткан кызматкерлерине колдоо көрсөтүүгө чакырат. Өзүн начар сезген же болбосо грипп сыяктуу сиптомдору болгон кызматкерлерге үйүндө калуу сунушталат. Компаниянын баардык объектилерине кирип келе жаткан бардык адамдардын дене табы байланышсыз термометрлер аркылуу текшерилип жана ден соолугу жөнүндө суроолор берилет. Эгерде кызматкерде COVID-19 вирустун белгилери аныкталса, андай адамды изоляциялоо жана транспорттоо тартибин аныктаган атайын стандарттык өндүрүштүк инструкция иштелип чыккан.
  • Эмгек гигиенасы: Объектилерибиздеги тыгыз жана жыш контакт болгон бардык жайларды, ошондой эле бат-баттан алмашылган же үстүлөрү көп контакт болгон буюмдарды тазалоо иштери интенсивдүү жүрүүдө. Кендеги турак жай блокторунда Компания тарабынан азык-түлүктөрдүн тазалыгына көӊүл бурулуп жана тамак-аш даярдоо талаптары текшерилип турат.
  • Аралыктан иштөө: Жогоруда белгиленгендей, өз кызматкерлеринин социалдык обочолонуусун сактоо максатында компаниянын борбордук жана аймактык кеңселери убактылуу жабылып жана бүткүл объектилерине ийкем иш режими киргизилди. Үйүндө иштөө мүмкүнчүлүгү бар кызматкерлерге үйдө отуруп иштөө режими сунушталды. Өзүнүн кызматкерлерин туура социалдык обочолонтуу принциптерин кармануу менен компания чогулуштарды виртуалдуу өткөрүү ыкмасына өттү.
  • Иш сапарга чыгууга жана кенге келүүгө чектөө киргизүү: Компания аба каттам аркылуу жүрүүгө тыюу киргизди. Мамлекеттик саламаттык сактоо органдарынын көзөмөлү астында иш же жеке сапардан келгендер 14 күндүк үй изоляциясына алынат. Андан тышкары, бардык өндүрүш объектилерге чоочун адамдардын кирүүсүнө тыюу салынган: иштеп жаткан кен болобу, курулуп жаткан долбоор болобу, айтоор биздин бардык объектилерге тиешелүү.

 Чалгындоо иштери
2019-жылдын төртүнчү чейрегинде жалпы узундугу 17 777 метрди түзгɵн 72 бургулоо скважинасы алмаз бургулоо ыкмасы аркылуу бургуланды, анын ичинде “Хоккей клюшкасы” зонасындагы  3 202 метр тыгыздалып бургуланды, ошондой эле жалпы узундугу 691 метр түзгөн төрт скважина артка циркуляциялоо ыкмасы менен бургуланган. Чалгындоо иштери борбордук карьердин түндүк-чыгыш бортунда, борбордук жана түштүк-батыш карьерлеринин ортосундагы коридордо, ошондой эле Сарытөр аймагында кошумча ресурстарын табуу максатын кɵздɵп, жер кыртышына жакын жайгашкан минералдашуу зоналарын аныктоо үчүн жүргүзүлгɵн.

Бургулоо иштеринин натыйжалары менен бургулоо скважиналары жайгашкан маалымат жана «Кумтөр» кенинин картасы  (SEDAR)   www.sedar.com электрондук издөө жана маалыматтарды талдоо системасына жайгаштырылган жана www.centerragold.com веб-сайтында жеткиликтүү.

Таблицада «Кумтөрдүн» негизги өндүрүштүк жана финансылык жыйынтыктары5 көрсөтүлгөн:

Финансылык көрсөткүчтөр
2019-жылы Кумтөр өткөн жылга салыштырмалуу кирешелердин жана пайдалардын өсүшүн көрсөттү: алар 25%га жана 38%га өскөн. Көрсөтүлгөн өсүү продукцияларды сатуу көлөмүнүн өсүшүнө, сатыктагы баалардын жогорулашына, ошондой эле продукциялардын бирдигинин өздүк наркынын төмөндөшүнө алтын курамы байыраак кенинин иштетилүүсүнө жана анын ылгоо пайызынын жогору болуусуна байланышкан. 2019-жылдагы операциялык акчалай агым жогору сатылган баанын, сатылган продукциянын көлөмүнүн өсүшүнөн жана төлөнүүгө тийиш болгон көбүрөөк эсептердин аркасында өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 85,3 млн долларга өскөн.

Өндүрүш
2019-жылы Кумтөр № 19 участокто тоо кен иштерин жүргүзүп, № 20 участоктогу кыртыш ачуу жана музду жылдыруу иштери менен да алектенди. Бош текти жылдыруу жана кен казып алууну кошо алганда, тоо-кен иштеринин жалпы көлөмү 2019-жылы 156,4 млн тоннаны түзгөн, 2018-жылы ал 180,3 млн тоннаны түзгөн, бул жүк ташуучу жана экскаватарлордун даярдыгына таасир тийгизген жагымсыз аба-ырайынын шарттарына, ошондой эле 2019-жылдын декабрь айындагы тоо-кен иштеринин токтошуна байланыштуу болгон. 2019-жылы «Кумтөр» кениндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү 600 201 унцияны түзсɵ, ɵткɵн жылдын ушул мезгилинде бул кɵрсɵткүчтɵр 534 563 унция болгон. Бул жетишкен ɵндүрүштүн ɵсүшү №18 жана №19 жумуш зоналарынан алынган алтын курамы байыраак кендин иштетилүүсүнɵ жана анын ылгоо коэффициенти жогору болуусуна байланышкан. 2019-жылы фабрикага жеткирилген иштетилген кендин орточо алтын курамы 3,7 г/т, ал эми ылгоо коэффициенти 83,5% түзсɵ, 2018-жылдын ушул мезгилинде бул кɵрсɵткүчтɵр 3,3 г/т жана 79,3% түзгɵн.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерине жумшоолор
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 197,6 млн долларды түзгөн, ал эми 2018-жылы ал 211,1 млн долларды түзгөн эле. Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар 2019-жылдын декабрындагы тоо-кен иштеринин токтошуна жана жай айындагы начар аба-ырайы шарттарына байланыштуу кен казуу иштеринин көлөмүнүн кыскарышынан натыйжасында төмөндөп кеткен. Бул факторлор дизель майын сатып алууга кеткен чыгымдардын кыскарышына алып келип, бул тетиктери сатып алуу чыгымдарынын өсүшү менен белгиленген.

Алтын ылгоо фабрикасынын жумшоолору
2019-жылдын жыйынтыгында фабрикалык кайра иштетүүгө жумшоолор 71,6 млн долларды түздү, ал эми өткөн жылда 67,3 млн долларды түзгөн эле. Алардын өсүүсү көмүртекти пайдалануу менен кайра иштетүүгө чыгымдардын жогорулашы, жабдууларды пландуу комплекстүү техникалык тейлөөнүн токтошуна байланыштуу (2018-жылы болбой калган), ошондой эле  катуу типтеги руданы кайра иштетүүгө байланыштуу чарыктоочу материалдарды жана цианидди сатып алуу чыгымдарына байланышкан.

Кен күтүү жумшоолору
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча кен ишканасын күтүү жумшоолору 49,0 млн долларды түздү, ал эми өткөн жылы 51,7 млн долларды түзгөн эле, бул кыскаруу келишимдик кызмат көрсөтүү жана жана лагерди камсыздоого жумшоолору азайгынына байланышкан.

Сатып өткөрүлгөн продукцияларды унцияга кайра эсептегенде өндүрүштүк чыгымдар
Бул көрсөткүч алтын сатуунун көлөмүнүн жана сатылган продукциянын өздүк наркынын бирдей пайыздык өсүшүнө байланыштуу  2019-жылы 381 долларды, ал эми 2018-жылы 394 долларды түзгөн.

Негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор
Негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор орто-аралык продуктунун негизинде сатылган продукциянын унциясына карата саналып, дүң киреше салыгын эсепке албаганда, 2019-жылы 598 долларды түздү, 2018-ж. ушул мезгилинде 694 долларды түзгɵн. Бул кыскаруу биринчи кезекте продукцияны сатуу кɵлɵмүнүн ɵсүшүнɵ жана тоо-кен иштеринин токтошунунун натыйжасында кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууна жана 2018-жылга 9318 участокто) салыштырмалуу №19 участоктогу кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруун мөөнөтүнөн мурда токтотууга байланышкан. Дүң киреше салыгын эсепке алуу менен бул көрсөткүч  2019-жылы 792 долларды түздү, ал эми 2018-ж. ушул маалында да 869 долларды түзгɵн болчу.

«Кумтөрдүн» 2019-жылдагы салыктары жана башка милдеттүү төлөмдөрү

Кыргыз Республикасы аймагындагы төлөмдөр
2019-жылы «Кумтөрдүн» КР аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук ж.б.) 366,899 млн АКШ доллардан ашты.

Компания иштеген 1994-2019-жылдар аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр

4 миллиард 141 миллион АКШ доллардан ашкан. 

Кумтөрдүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча:

  • «Кумтөрдүн» өлкө ИДПсындагы 2019-жылдагы үлүшү 9,8%;
  • «Кумтөрдүн» өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 20,8%.

 

Комментарий                                                                                                                       «Центерранын» Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри: «Биз 2019-жылдын декабрында жана 2020-жылдын февралында Кумтөрдө болуп өткөн оор кырсыктарга кандай жагдайлар алып келгенин талдап жатабыз, анткени бул бизге келечекте ушундай окуяларга жол бербөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Биз ар бир кызматкерибиз ишканаларыбызда өз өмүрүнө жана ден соолугуна кооптонбостон, ишеним менен эмгектенип, үйүнө аман-эсен баруусуна жана бул талаптын күн сайын кынтыксыз аткарылуусуна умтулабыз. Биз үчүн мындан артык милдет жок.
«Кумтөр» үчүн бул дагы ийгиликтүү жылдардын бири болуп, анда ал пландуу өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулата алды. Ошентип, алтын өндүрүшүнүн көлөмү 600 201 унцияны түздү жана муну менен негизги фонддорду колдоого жалпы жумшоолор сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде аралык өндүрүмдүн негизинде 598 долларды түздү, тактап айтканда, алар негизги фонддорду колдоого жалпы чыгымдар үчүн белгиленген төмөнкү чектен дагы аз.
Өткөн бир жарым жыл үчүн биз «Кумтөрдөгү» чалгындоочу бургулоону ишке ашырууга бир кыйла каражат салдык жана жылдын аягына алынган натыйжаларды көрдүк: атап айтканда, карьердин өлчөнгөн жана эсептелген ресурстары кенде 3,3 миллион унцияга көбөйдү жана кендеги 6,3 миллион унцияны түздү, ал эми карьердеги алдын ала бааланган ресурстардын көлөмү кендеги 1,2 миллионго өстү жана кендеги 1,4 миллион унцияга жетти. Азыркы учурда кендин колдонуудагы операциялык планына түзөтүүлөрдү киргизебиз жана 2020-жылдын экинчи жарымында жаңыланган техникалык отчетун жарыялоону мерчемдеп жатабыз.
Бүгүн COVID-19 вирусу жайылып жаткан жагдайда биздин кызматкерлердин коопсуздугу биз үчүн биринчи кезектеги милдет бойдон калууда жана биз бул маселе боюнча жаңы маалыматтарга ылайык иш алып барабыз. Биздин кызматкерлердин социалдык обочолонуусун камсыздоо үчүн компания Торонтодогу башкы кеңсесин жана Бишкек (Кыргыз Республикасы), Принс Джордж (Британдык Колумбия, Канада) жана Анкара (Түркия) шаарларындагы кеңселерин убактылуу жапты, ал эми кызматкерлерин аралыктан иштөөгө өткөздү».

«Кумтөр» кени Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери өндүрүштүк ишмердик башталгандан тартып 2019-жыл, 31-декабрга чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 12,6 млн унция алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кен өндүрүү, өнүктүрүү, чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген канадалык компания жана Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчүлөрдүн бири. «Центерранын» эки негизги активи –  Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар, жана үчүнчү болуп Түркияда 100% ээлик кылган Өксүт кени өндүрүшүн баштады. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2020-жыл, 7-апрелге карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 490 млн доллардан ашты.

 «Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиз www.sedar.com  SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.

 Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com

– Соңу –