Төртүнчү чейрек жана 2018-жылдын жыйынтыктары

Төртүнчү чейрек жана 2018-жылдын жыйынтыктары

Жарыяланган: 19 March 2019

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр

2018-жылы «Кумтөр» кенинде 534 563 унция1 же 16 626,78 кг алтын өндүрүлдү. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 530 448 унцияны же 16 498,79 кг алтынды, сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 660,1 млн долларды2 түздү. «Кумтөрдүн» мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү 2018-жылдагы салымы 9,6 миллиард сомдон ашты.

«Кумтөр» кенинен чыккан жалгыз өндүрм – Доре уютмалары, алар «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо кайра иштетилүү үчүн «Кыргызалтын» ААК тарабынан сатып алынат. Тазаланган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр таблицада:

Негизги өндүрштүк натыйжалар5

 

Өндүрүш                                                                                                                                          Бош текти жылдыруу жана руда казып алууну кошо алганда, тоо-кен иштеринин жалпы көлөмү 2018-жылы 180,3 млн тоннаны түздү, 2017-жылы ал 181,9 млн тоннаны түзгөн, башкача айтканда, 2018-жылы 1% дан азыраак кыскарган.

Операциялык жумшоолор жана жалпы көрсөткүчтөр                                                 Кыртыш ачуу иштерин кошо алганда, операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн көрсөткүчтөрүнүн негизинде) 2018-жылы 3,8 млн долларга өскөн жана 2017-жылдагы 295,4 млн доллардын ордуна 299,2 млн долларды түзгөн. Кыртыш ачуу иштерин кошо алганда, бирок запастардын деңгээлинин өзгөрүшүнө чейинки операциялык чыгымдардын башкы түзүүчүлөрүнүн (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кенди багуу) динамикасы төмөнкүдөй түрдө түшүндүрүлөт.

Кыртыш ачуу иштерин кошо алганда, тоо-кен иштерине жумшоолор 2018-жылы 211,1 млн долларды түздү, ал эми 2017-жылы ал 199,8 млн долларды түзгөн. 2018-жылы чыгымдардын көбөйүшү дизель отунун баасы менен сарпталышы көбөйүшүнө байланыштуу өскөн (21,4 млн доллар). Чыгымдар 2018-жылы жүк ташуучу машиналар менен Liebherr маркасындагы экскаваторлорду техникалык тейлөө чыгымдардын 2017-жылдын деңгээлинен кыскартуу эсебинен, турак жай лагерин тейлөө чыгымдаын төмөндөтүү, жана өндүрүштү үзгүлтүксүз жакшыртуу практкасынын оң натыйжасы менен жартылай орду толтурулган.

Фабрикалык чыгымдар 2018-жылы 2017-жылдагы 66,7 млн долларга салыштырмалуу 67,3 млн долларды түздү. Фабриканын өндүрүмдүүлүгү жогорулашына байланыштуу реагент жана керектелүүчү заттарды сатып алууга жумшоолор көбөйүп, бирок техникалык тейлөөгө чыгымдар (3,3 млн доллар) азайышы менен компенсацияланды.

Кен ишканасын багууга жумшоолор                                                                                        Кен ишканасын багууга жумшоолор 2018-жылы 51,7 млн долларды түздү, ал эми 2017-ж. 45,1 млн долларды түзгөн. Көбөйүү турак жай лагерин багууга жумшоолор 2018-жылы башталган тоо-кен жана фабрикалык иштерге чыгымдалганына байланышкан. Бирок, бул көбөйүү камсыздандыруу сыйлыктарын кыскартуу эсебинен жартылай төмөндөтүлгөн.

Башка нарктык көрсөткүчтөрдүн динамикасы                                                    Продукцияны сатып өткөрүүгө байланышкан жешилүү, кунарсыздануу жана амортизация чыгымдары өсүп, 2018-жылы 154,6 млн долларды түздү, ал эми 2017-жылы 145,7 млн долларды түзгөн, ал негизинен 18-участоктон бай руданы мөөнөтүнөн мурда казып алууга байланыштуу кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун көбөйгөн амортизациясынан улам болду.

Аралык өндүрүм негизинде негизги фондуларды колдоого жалпы жумшлоолор сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде4 (дүң киреше салыгын эсепке албаганда) 2018-жылы 694 долларды түздү, 2017-жылы 698 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн төмөндөө негизинен кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну азайтып, негизги фондуларды колдоого капиталдык чыгымдардын айзайышына байланышкан, ал алтынды сатып өткөрүү деңгээлинин төмөндөшү менен жарым-жартылай төмөндөтүлгөн.

Дүң кирешеге салыкты эске алуу менен аралык өндүрүм негизинде сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде жалпы жумшоолор4 2018-жылы 869 долларды түздү, ал өткөн жылы 874 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн көбөйүү баарынан мурда негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолордун төмөндөшү жана 2018-жылы сатып өткөрүүдөн кирешелердин кыскарышы себептүү дүң кирешеге салыктын төмөндөшү менен байланышкан.

2018-жылдагы геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжалары 2018-жылдын төртүнчү чейрегинде жалпы узундугу 15 239 метрди түзгɵн 60 колонкалуу бургулоо скважинасы бургуланды. 2018-жылы жалпы узундугу 24 381 метрди түзгɵн 92 скважина бургуланып, анын ичинде SB зонасында 2 308 метр тыгыздоочу бургулоо скважиналары да кирет. Чалгындоо бургулоо иштери Борбордук карьердин түндүк-чыгыш бортунда, Борбордук жана Түштүк-батыш карьерлеринин ортосундагы коридордо, ошондой эле түндүк-чыгыш иш зонасынын капталдарында кошумча ресурстарды издɵɵ максатын кɵздɵп, жер кыртышына жакын жайгашкан минералдашуу зоналарын аныктоо үчүн жүргүзүлгɵн.

 

«Кумтөр» долбоору боюнча 2018-жыл ичинде салыктар жана милдеттүү төлөмдөр

Кыргыз Республикасы аймагындагы төлөмдөр

2018-жылы КР аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук ж.б.) 301,938 млн АКШ доллардан ашты.

Компания иштеген 1994-2018-жылдар аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр

3 миллиард 774 миллион АКШ доллардан ашкан.

Кумтөрдүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча:

  • «Кумтөрдүн» өлкө ИДПсындагы 2018-жылдагы үлүшү 8,6%;
  • «Кумтөрдүн» өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 18,4%.

 

“Центерра Голд” компаниясынын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перринин комментарийи: “Кумтөр пландык көрсөткүчтөрдөн ашуу жана негизги фондуларды колдоп турууга жалпы чыгымдар боюнча пландык көрсөткүчтү ашыра аткаруу менен дагы бир жылды ийгиликтүү аяктады: сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде аралык продуктынын негизинде негизги фондуларды колдоп турууга 694 долларды түзгөн жалпы чыгымдарда алтын өндүрүү көлөмү 534 563 унцияны түздү. Кумтөрдө алтын өндүрүүнүн көлөмү 2019-жылдын биринчи үч кварталы боюнча бирдей бөлүштүрүлмөкчү, мында төртүнчү кварталда ал жылга пландаштырылган көлөмдүн 28%ын түзөт.                                                                                                                                               Компания Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 2017-ж. 11-сентябрында Өкмөт менен түзүлгөн комплекстүү тынышуу келишимин алдын-алуучу шарттарды анын аткаруусу маселеси боюнча иштөөнү улантты. Мындай түрдөгү бардык шарттарды аткаруунун акыркы мөөнөтү бардык тараптардын макулдугу боюнча бир нече жолу узартылган жана эми 2019-ж. 31-майына чейин узартылган”.

***

«Кумтөр» кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 12  млн унция же 374,31 тонна алтын өндүрүлгөн.

 «Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда  жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерранын» эки негизги активи –  Кыргыз Республикасында «Кумтөр» алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» алтын жана жез кени бар жана Түркияда Оксут Голд кенинде кен ишкана курууда. «Центерра Голд» «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн  – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жыл, 19-мартка карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 404 млн доллардан ашты.

 “Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com  жана www.centerragold.com  жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com

Соңу