2020-жылдын экинчи чейрегиндеги өндүрүштүк жыйынтыктар

2020-жылдын экинчи чейрегиндеги өндүрүштүк жыйынтыктар

Жарыяланган: 11 August 2020

Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) компаниясы 2020-жылдын экинчи чейректеги иштин жыйынтыктарын чыгарышты. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында “Кумтөрдɵ” 325 551 унция1 же 10 125,77 кг алтын өндүрүлгөн. Жылдын башынан бери компания 6,46  миллиард сомдон ашык салыктары жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.

 COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү шартында иштөө

“Кумтөр” кендин аймагында COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында чектөөчү жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүүнү улантууда. Эпидемия экинчи чейректе “Кумтөр” операциялык ишмедигинин жыйынтыктарына таасир тийгизбегени менен, коронавирустук инфекция жана Кыргыз Республикасындагы башка оорулардан улам эмгек жамааттын  айрым кызматкерлери жумушка келе албай жатканы байкала баштаган. Июль айындагы тоо иштеринин ачылышы толук көлөмдө жүргүзүлбөсө дагы, фабрика штаттык режимде иштеп, кендин кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен алтын өндүрүү боюнча пландуу көрөткүчтөрүн аткара алат деп күтүлүүдө. Компания “Кумтөр” кызматкерлеринин жана жергликтүү калктын коопсуздугу үчүн зарыл  учурларда өз пландарына түзөтүүлөрдү киргизүүнү улантат.

“Кумтөр” аймагында кызматкерлер жашоочу лагер жайгашкан обочолонгон бөлүгү болгондуктан, эмгек жамаатынын бардык кызматкерлери, ошондой эле подряддык уюмдардын жумушчулары кендин аймагына келгенге чейин комплекстүү тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү. Тестирлөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын 21-июлуна карата, COVID-19 вирусу 381 кызматкерден жана подряддык уюмдардын жумушчуларынан аныкталды, бул “Кумтөр” эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн арасында жүргүзүлгөн 8 837 тесттин болжол менен 4,3% түзөт.

Продукцияларды өндүрүү жана сатып өткөрүү

2020-жылдын экинчи чейрегинде “Кумтөрдөгү”  алтын өндүрүүнүн көлөмү 173 245 алтын унциясын, ал эми 2019-жылдын ошол эле чейрегинде ал 151 065 унцияны түзгөн. 2020-жылдын экинчи чейрегиндеги белгиленген өсүш, ириде мурда даярдалган кампа запастарынын фабрикага жеткирлүүчү рудада алтындын курамы көбүрөөк, ошондой эле рудадан алтынды ылгап алуунун жогорку коэффициентине байланышкан. 2020-жылдын экинчи чейрегинде фабрикага 84,1% ылгоо көлөмүндөгү 3,95 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,48 г/т жана 82,3%ды түзгөн.

2020-жылдын экинчи  чейрегинде 170 350 унция, же 5 289,48 кг алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-жылдын экинчи чейрегинде 286,4 млн долларды2 түздү.

“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ААК тарабынан сатылып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз кана “Кыргызалтын” ААКы ээ.

 Тоо иштерин жүргүзүүнүн көлөмү жана чыгымдары

2020-жылдын экинчи чейрегинде “Кумтөрдө” №20 иш зонасында кыртыш ачуу жана музду башка жакка жайгаштыруу иштери улантылды. Тоо-кен иштеринин жалпы көлөмү 23,1 млн тоннаны түздү, бул мурунку жылдын ошол эле мезгилиндеги 39,9 млн тоннага салыштырмалуу 42%га азыраак, бул негизинен  Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгүнүн Борбордук өрөөнгө көчүрүлгөнүнөн улам жайгашкан жери өзгөргөндүгүнө байланыштуу ташуулардын каттамы узарганына, ошондой эле жумушчу күчтөрдүн санынын кыскарган себеби боюнча техникаларды пайдалануу коэффициентинин төмөндөшүнө байланыштуу.  2020-жылдын экинчи чейрегинде ылгап алынган 23,1 млн тонна №20 иш зонанын келечеги үчүн ишке ашуучу бош тек кыртышын ачуу түрүндө капиталдыштырылды.

Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгүн калыбына келтирүү жана ал жерден бош текти жүктөө максатында, экинчи чейректе “Кумтөр” кенинде тоо иштеринин өндүрүшүнүн жаңы атайын долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын ыйгрым укуктуу мамлекеттик органдарынын кароосуна сунушталган. Жакынкы эки жылда Лысый суу өрөөнүндөгү тоо-тек үймөгү №20 иш зонасына жакындыгынан улам кендин негизги үймөгү болот. “Кумтөр” кениндеги тоо иштерин өндүрүшүнө Атайын долбоорго ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү жактырылган экспертизасы ушул жылдын 24-июлунда алынды, ошентип, үчүнчү чейректе Лысый суу өрөөнүндөгү бош тек үймөгүнүн динамикасы пландуу деңгээлде уланат.

Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө жумшоолорго чыгымдар 2020-жылдын экинчи чейрегинде тоннага кайра эсептегенде 1,64 долларды түздү, ошол эле көрсөткүч 2019-жылдын экинчи чейрегинде 1,32 долларды түзгөн. Тоо иштеринин өздүк наркынын өсүшү биринчи кезекте тоо иштеринин көлөмүнүн кыскарышына байланыштуу, бирок дизель майына тарифтердин төмөндөшү жана алмашуучу валюталык курстун жакшы динамикасы менен аз-аздап компенсацияланды.  37,9 млн долларды түзгөн тоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын жалпы суммасынан, экинчи чейректе 35,0 млн доллар капиталдаштырылды (рудаларды кен кампасынан которуу ажырымын эске албаганда, тоо-кен иштеринин гана чыгымдары), 2019-жылдын ушул эле экинчи чейрегинде цифра 12,1 млн долларды түзгөн.

Фабрикалык жумшоолорго чыгымдар 2020-жылдын экинчи чейрегинде 11,17 млн долларды түздү, ошол эле көрсөткүч өткөн жылдын экинчи чейрегинде 11.51 млн долларды түзгөн. Бул биринчи кезекте чет өлкөлүк валютанын алмашуу курсунун жагымдуу динамикасына, ошондой эле электр энергияга жана подряддык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн чгымдарынын азыраак болгондугуна байланыштуу. Бирок бул негизинен көмүрдүн майдасын кайра иштетүү менен алектенген подряддык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдардын өсүшү, натыйжада анын контракттык тарифтеринин жогорулашы менен теңделген.

2020-жылдын экинчи чейрегиндеги Кумтөрдөгү сатылган продукциянын унциясына кайра эсептегенде өндүрүштүк чыгымдар 321 долларды түздү, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде 393 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн кыскартуу ириде алтын сатуунун көлөмүнүн жогорулашынын натыйжасы.

Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор

Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4  сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде (дүң киреше салыгын кошпогондо), 2020-жылдын экинчи чейрегинде 696 долларды түздү, өткөн жылдын экинчи чейрегинде болсо 562 долларды түзгөн. Белгиленген көбөйүү негизинен кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну жогорулатуу жана (негизги көңүл №20 иш зонасындагы кыртыш ачуу иштерине бөлүнгөндүктөн) тоо-кен иштеринин көлөмүн, ошондой эле кенди келечекте кеңейтүүнү эске алуу менен “Кумтөрдүн” потенциалын жогорулатуу үчүн  кенди техникалык жабдуулоону чыңдоо максатында он бир жаңы өзү төккүч жүк унааларын сатып алуу менен байланышкан. Бирок бул чыгымдар продукцияларды сатуунун көлөмүнүн өсүүсү, өндүрүштүк чыгымдардын кыскаруусу жана өндүрүштү колдоого чыгымдардын төмөндөшү менен аз-аздап компенсацияланды.

2020-жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч дүң киреше салыгын кошкондо бир унцияга 933 доллар болду, өткөн жылдын ушул эле чейрегинде 744 долларды түзгөн.

Геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшү                                                                     

2020-жылдын экинчи чейрегиндегы чалгындоо бургулоо иштери программасын аткаруунун алкагында  жалпы узундугу 4 633 метрди түзгɵн, 15 бургулоо скважинасы алмаз менен бургулоо ыкмасы аркылуу ишке ашты. Бургулоо иштеринин башкы милдети (“Кошулуу”, “Үмүт” жана “ТБ” терең кен жаткан жердеги кычкылданган руда зонасы), Сары-Төр карьеринин перифериясында, Муздуу-Суу чөлкөмүндө, ошондой эле Борбордук карьердин жана түштүк-батыш ортосундагы өтмөктө жайгашкан жердеги кошумча карьердик ресурстардын болушуна үстүнкү катмар зоналарын сульфиддик-оксиддик минералдаштыруу текшерүү.

Ушул жылдын апрель айында вируска каршы карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, “Кумтөрдөгү” чалгындоо-бургулоо иштеринин программасы убактылуу токтотулган, бирок 2020-жылдын июнь айында кайра жанданды. Тыныгуудан улам, бургулоо иштеринин пландаштырылган айрым элементтери 2021-жылга калтырылышы мүмкүн.

2020-жылдагы бургулоо иштеринин программасы 55 миң метр чалгындоо жана 15 миң метр тыгыздоо бургулоо иштерин жүргүзүү тапшырмасын кароодо, алар приоритеттүү жана перспективалуу жерлерге топтоштурулган. Иш зоналар биринчи кезекте 2018-2019-жылдарда алынган геологиялык моделдөө жана бургулоонун оң натыйжаларын пайдалануу менен курулган  жакында эле “Кумтөрдүн” жаңыланган ресурстук блок-модели бар, өзүнө борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр карьерлеринде жайгашкан аймактарды камтыйт.

Андан тышкары, “Кумтөр” алтын минералдаштыруу – Түндүк-чыгыш аймакта, Боордуу, Акбел, ошондой эле концептуалдуу жерлердеги (“Үмүт” иш зонасы ж.б.) чалгындалып бүтө элек сегменттердеги чалгындоо бургулоону камтыйт. Геологиялык чалгындоо иштеринин мүмкүн болгон көлөмү жөнүндө маалыматтар 2020-жылдын күзүндө даярдала турган “Кумтөр” кени боюнча акыркы техникалык отчетко киргизилет.

КР мамлекеттик бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү төгүмдөр

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 6,46 миллиард сомдон ашты.Комментарий

Центерранын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри 2020-жылдын экинчи кварталына: “Биз өзүбүздүн бардык ишканаларда COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүнүн алкагында анын жайылышын алдын алуу, кызматкерлерибиздин, келишим менен иштеген адамдардын, ошондой эле жергиликтүү калктын ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүдөбүз. Биздин бардык жетишкендиктердин негизги кыймылдаткычы  болуп «Work Safe-Home Safe» программабызды кынтыксыз аткаруубуз эсептелет” – деп комментарий берди.

«Кумтөр» менен «Маунт Миллиган» ушул чейректе мыкты өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишти, ал эми «Өксүт» кенинде өнөр жай өндүрүшү ишин баштады. Бул Кумтөр үчүн дагы бир: 173 245 унция алтын өндүрүлүп, муну менен кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 699 долларды түзгөн чейрек болду.

Центерранын Директорлор кеңешинин  чейректик дивидендди 25%га жогорулатуу жана аны кадимки акцияга 0,05 доллар (Канаданын) деңгээлине жеткирүү жөнүндө чечими 2020-жылдын 31-июлунда жарыяланган жана биз келечекте, ишенимдүү өндүрүштүк көрсөткүчтөрүбздү эске алуу менен кабыл алынган өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү жана алтындын баасын жогорулатууну мерчемдейбиз. Бул эки фактор тең эркин акчалай каражаттардын агымынын өсүшүнө жана бизде 2020-жылдын 30-июнуна карата карыз милдеттенмелери жок жакшы балансты түзүүгө таасирин тийгизди.

 Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан “Кумтөр” кени  Борбор Азиядагы эң ири алтын кенин казуучу ишканалардын бири болуп эсептелет. Ал 1997-жылдан бери иштейт жана 2020-жылдын 30-июнуна карата  13 млн унциядан ашуун алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра Голд» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кен өндүрүү, өнүктүрүү, чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген канадалык компания жана Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчүлөрдүн бири. «Центерранын» эки негизги активи –  Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар, жана үчүнчү болуп Түркияда 100% ээлик кылган Өксүт кени өндүрүшүн баштады. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2020-жылдын 11-августуна карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 1 млрд доллардан ашты.

 «Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиз www.sedar.com  SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.

________________________________________________________________________________

 Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com

– Билдирүүнүн аягы –