АВТОМАТТЫК ӨРТ СИГНАЛИЗАЦИЯСЫ ЖАНА МОДУЛДУК ӨРТ ӨЧҮРҮҮ СИСТЕМАСЫН ОРНОТУУ ЖУМУШТАРЫНДА КЫЗМАТТАШУУ

АВТОМАТТЫК ӨРТ СИГНАЛИЗАЦИЯСЫ ЖАНА МОДУЛДУК ӨРТ ӨЧҮРҮҮ СИСТЕМАСЫН ОРНОТУУ ЖУМУШТАРЫНДА КЫЗМАТТАШУУ

Жарыяланган: 19 May 2017

КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫК

КГК кызыккан профильдик уюмдарды Кумтөр кен ишканасынын алтын ылгоо фабрикасында автоматтык өрт сигнализациясы жана модулдук өрт өчүрүү системаларын орнотуу боюнча квалификациялык тандоо жараянына катышууга чакырат.

Сунуштарга коюлган минималдуу талаптар:

• Талакер жөнүндө маалымат: мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн, уставдын, салык төлөөчүнүн карточкасынын жана салык төлөөчүнүн каттоо баракчасынын, автоматтык өрт сигнализацияларын жана модулдук өрт өчүрүү системаларын долбоорлоо жана орнотууга укук берген лицензиялардын жана уруксаттардын, «Болид» квалификациялык тастыктамаларынын жана электрикалык коопсуздук боюнча III-группадагы күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
• 2015-2017 ж.ж. аткарылган жумуштардын кыскача баяндамасы жана мүнөздөмөлөр.

Квалификациялык тандоодон өткөн ишканаларга коммерциялык сунуштарын тапшыруу үчүн техникалык тапшырма жана долбоордук иш-кагаздар берилмекчи.

Кошумча маалымат үчүн, сунуштарды кабыл алуу мөөнөтүнүн аягына чейин, бардык суроолорду kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дарегине жибериңиздер.

Бардык сунуштар оозу чапталган жана «Конкурс: АӨС системасын орнотуу» деп жазылган конверттин ичинде 2017-ж. 2-июнь саат 17-ге чейин «Учкун» ААК имараты 10-этаж, Бишкек ш., Ибраимов көч. 24 дарегинде кабыл алынат.

КГК келип түшкөн ар бир сунушту толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн кабыл алуу же четке кагуу укугун сактап, жогоруда белгиленген конкурска байланыштуу талапкердин чыгымдарын төлөп берүү боюнча милдеттенмелерден баш тарткандыгын билдирет. КГК, комиссия тарабынан келишим түзүү үчүн тандалган же конкурстун кезектеги этабына өткөн талапкерлер менен гана байланышка чыгуу укугун сактайт. Конкурс жөнүндө жасалган жарыя ачык сунуш болуп саналбайт, ошондой эле КГК конкурстун натыйжалары боюнча эч кандай түшүндүрүүлөрдү бербейт жана талапкер(-лер) тапшырган иш-кагаздарды кайтарып бербейт.