ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 17 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан ООР ТЕХНИКАНЫ, ЖҮК МЕНЕН ПАССАЖИРДИК ТРАНСПОРТТУ ЖАНА ЖЕНИЛ УНААЛАРДЫ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Автомобильдер жана авточарбасы”, “Автомобильди  тейлөө”, “Тоо-кен машиналары жана жабдуулары”, “Курулуш жана жол механизмдери” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу; 
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү; 
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Пландык техникалык тейлөө графигинин түзүлүшү менен таанышуу. 
  • Пландык маалыматтардын маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана сактоо, сурап-билүү жана ченемдик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү менен таанышуу. 
  • Негизги бизнес системада жумуш наряддардын түзүлүшүн көрүү, жумуш наряддардын өз убагында жабылуусун көзөмөлдөө менен таанышуу. 
  • Мастердин, улук слесардын жана устаттын жетекчилиги астында слесардык ишке үйрөнүү. 
  • Запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды сатып алуу боюнча реквизициялардын түзүлүшү менен таанышуу. 

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 2 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
  • Анкетаны жана документтерди 2021-ж 23-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.