ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 17 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫНА 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Түстүү металлдардын металлургиясы” же “Кен байлыктарын байытуу” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу; 
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү; 
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Майдалоочу шаймандын негизги түзүлүштөрүн, жумуш принциптерин жана техникалык мүнөздөмөлөрүн үйрөнүү
  • АЫФты тейлөө участогунун технологиялык схемасын үйрөнүү.
  • Түзмөктөрдү, көмөкчү жабдуулардын, контролдук-өлчөө приборлордун иш принциптерин, арматуранын жана коммуникациялардын схемаларын үйрөнүү.
  • Технологиялык режимди жана пробаларды алуу эрежелерин, анализдерди жүргүзүү ыкмаларын изилдөө.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 2 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
  • Анкетаны жана документтерди 2021-ж 23-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
  • Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.