БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ЭКОЛОГДОР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ЭКОЛОГДОР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!

Жарыяланган: 05 June 2023

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу достор!

Жеке өзүмдүн атымдан жана компаниянын атынан сиздерди Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү жана экологдор күнү менен куттуктайм!

Курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен кызмат үчүн терең ыраазычылык билдирем, атмосфералык абаны, сууну жана жерди коргоого кошкон салымы үчүн кесипкөй экологдорго, өндүрүштүн айлана-чөйрөгө келтирүүчү терс таасирин азайтуучу бөлүмдөрдүн жетекчилерине, байлыгыбызды сактоо, ошондой эле биздин балдарыбыздын жана неберелерибиздин келечеги жаратылышка болгон урмат-сый менен мамиле кылуудан көз каранды экенин түшүнгөн ишкананын жана подряддык уюмдардын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча уюмдардын кызматкерлерин, ишканалардын адистерин гана эмес, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча активдүү позициясын көрсөтүүгө, өлкөбүздүн дени сак жана бактылуу келечеги үчүн бардыгын жасоого даяр болгон өлкөбүздүн бардык жарандарын айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Бардыгыңарга сулуулукка жана гармонияга толгон дүйнөдө жашап, жаратылышка аяр мамиле жасап, анын байлыгын өзүбүз жана келечек муундар үчүн сактап, көбөйтүүнү чын жүрөктөн каалайбыз.

Барыктабасов Алмазбек Арыстанбекович

«Кумтор Голд Компани» ЖАКтын президенти