«Кумтор Голд Компани» ЖАК Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелерине 90 кислороддук концентратор берет

«Кумтор Голд Компани» ЖАК Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелерине 90 кислороддук концентратор берет

Жарыяланган: 24 July 2020

«Кумтор Голд Компани» ЖАК Кыргызстандагы коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүнү улантууда. Компания 90 кислороддук концентрат сатып алды, алар жакында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун, ошондой эле Балыкчы шаарынын медициналык мекемелерине берилет.

38 кислороддук концентратордон турган медициналык жабдуулардын биринчи партиясы Кыргызстанга жеткирилди жана регионго багыты боюнча берилди. Бөлүштүрүү керебет орундарга ылайык ишке ашат.

​Бул «Кумтөр» компаниясынын Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү үчүн жасаган иштеринин чакан бир бөлүгү эле. 2020-жылдын март айында «Кумтор Голд Компани» 100 000 АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам бөлүп берип, ал облус аймагындагы коронавирустук инфекциянын (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылышына жол бербөө  иш-чараларына тартылган Ысык-Көл облусунун тиешелүү структураларын жана калкын керектүү медициналык каражаттар менен камсыздоого багытталган.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн «Кумтор Голд Компани» кызматкерлеринин ыктыярдуу жардамдарынын эки траншы КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүн COVID19 менен күрөшүү боюнча КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине которулду. Каражаттарды чогултуу улантылууда.

Ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусунда коронавирустук инфекциянын алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөөгө 12 миллион сом бөлдү. Аталган Фонд «Кумтор Голд Компани» компаниясынын жылдык дүң кирешесинин 1% өлчөмдөгү чегерүүлөрүнөн түзүлөт.

Биз биргеликте гана пандемияны жеңебиз!