ЭЛЕКТРОНДУК КООПСУЗДУК СИСТЕМАЛАРЫНЫН ТЕХНИК-ОПЕРАТОРУ (КУМТӨР КЕНИ)

ЭЛЕКТРОНДУК КООПСУЗДУК СИСТЕМАЛАРЫНЫН ТЕХНИК-ОПЕРАТОРУ (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 28 November 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Электрондук коопсуздук системаларынын техник-оператору (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-264

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Видеобайкоо тутумдарын, коргоо сигнализациясын, кирүүнү көзөмөлдөө жана башкаруу системасын колдонуу жана тейлөө;
  • Коопсуздук системаларынын маалымат базасын башкаруу;
  • Чип ачкычтарын жана ID карталарын чыгаруу;
  • Кендин жана компаниянын башка объектилеринин инженердик-техникалык коопсуздук системаларын долбоорлоого, орнотууга жана оңдоого катышуу.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • IT, ССК, электроника же чектеш адистиктер боюнча жогорку же орто атайын билим;
  • Аткаргычтык, баарлаша билүү, окууга жөндөмдүүлүк, тартиптүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк
  • Системалык администратордун негизги деңгээлинде компьютердик системаларды жана байланыш тармактарын билүү;
  • Коопсуздук системасынын техникалык каражаттары жана объектилерди коргоо тармагындагы билим жана тажрыйба;
  • Ден соолугу чың, бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даяр, физикалык даярдыгы жакшы болуу;
  • Техникалык котормо деңгээлинде орус жана англис тилдерин билүү;
  • Адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
  • Укук коргоо органдарында жана жеке күзөт компанияларында иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 10-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-264.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.