2015-жылдын III чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктар

2015-жылдын III чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктар

Жарыяланган: 17 November 2015

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2015-жылдын III чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Тогуз ай ичинде “Кумтөр” кенинде 390 084 унция* же 12 132,98 кг алтын өндүрүлдү. Компания жыл башынан бери 6,3 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2014-жылдын III кварталынын ɵндүрүштүк натыйжалары

Отчеттук мезгилдеги алтын өндүрүү көлөмү 103 701 унцияны (өткөн жылдын ушундай мезгилинде бул көрсөткүч 95 265 унцияны түзгөн) түздү. 2015-ж. үчүнчү чейрегинде фабрикага курамы 2,83 г/т алтын болгон руда берилген жана ылгап алуу пайызы 75,7%ды түзүп, 2014-жылдын ушундай мезгилинде бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 3,05 г/т жана 72,7%ды түзгөн. Отчеттук мезгилде 1,5 млн. тоннага жакын руда иштетилип, ал 2014-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 5%га көп. Бул негизинен жогорураак өндүрүмдүүлүктөн жана фабриканын сааттык жогору өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн улам мүмкүн болду.

2015-жылдын III чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 100 994 унция, же 3,14 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 113,5 млн долларды** түздү.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул КГК, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Продукциянын өздүк наркы жана капиталдык жумшоолор

Ага дүң кирешеге салык кирбеген сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде негизги фондуларды колдоп турууга жалпы жумшоолор*** 2015-ж. үчүнчү кварталында 10%га кыскарган жана 1 000 долларды түзгөн, ошол эле учурда өткөн жылдын ушундай кварталында 1 110 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн кыскаруу негизинен продукция сатып өткөрүү көлөмүнүн көбөйтүлүшүнөн жана операциялык чыгымдардын кыскартылышынан улам келип чыккан, ал 2015-ж. үчүнчү кварталында кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну көбөйтүү менен жарым-жартылай кыскарган.

Ага дүң кирешеге салык кошулбаган сатып өткөрүлгөн продукциянын бир унциясына карата жалпы жумшоолор*** 2015-ж. үчүнчү кварталында 1 014 долларды түздү, ошол эле учурда 2014-жылдын ушундай мезгилинде алар 1 274 долларды түзгөн. Мына ошентип, кыскаруу 20%ды түздү, ал руда казуу жана кайра иштетүү көлөмдөрүнүн төмөндөшү жана өндүрүштү колдоого жумшоолордун, ошондой эле Кумтөрдөгү инфраструктура объектилерин орун которуштурууга багытталган өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолордун*** көлөмүн дагы кыскартуу багытынан улам жаралган, себеби компания 2014-жылдын тиешелүү мезгилинде негизги бөлүгү 2015-ж. июнь айынын соңунда аяктаган лагердеги жаңы объектилерди куруу менен байланышкан олуттуу чыгымдарды тарткан.

Капиталдык жумшоолордун жалпы*** көлөмү 2015-ж. үчүнчү чейрегинде ага негизинен кайра жабдууга жана тоо-кен техникасынын ремонтуна чыгымдар кирген негизги фондуларды колдоп турууга*** 14,4 млн долларды, өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолор3 түрүндө 1,4 млн долларды жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу түрүндө 64,9 млн долларды (49,1 млн доллары накталай акча түрүндө) кошо алганда 80,7 млн долларды түзгөн. 2014-ж. ушундай кварталындагы капиталдык жумшоолордун*** жалпы көлөмү 82,9 млн долларды түзгөн жана өзүнө негизги фондуларды колдоп турууга капиталдык салымдар түрүндө 14,2 млн долларды, өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолор*** түрүндө 15,2 млн долларды жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу түрүндө 53,5 млн долларды (38,5 млн доллар накталай акча түрүндө) камтыган.

Кумтөр долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

III чейрек, 30-сентябрга карата Тогуз ай, 30-июнга карата
2015 2014 Өзгөрүү 2015 2014 Өзгөрүү
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. USD) 113,5 117,0 (3%) 460,1 348,4 32%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы накталай акча маанисинде (млн. USD менен) 33,5 43,8 (24%) 104,2 111,4 (6%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы накталай эмес  (млн.USD ) 39,3 41,1 (4%) 151,6 161,5 (6%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы*** (унциясына USD) 721 916 (21%) 658 1 002 (34%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 41 944 48 649 (14%) 124 109 148 938 (17%)
Казылып алынган руданын көлөмү  (миң тонна) 1 136 1 422 (20%) 2 642 2 025 30%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 496 1 426 5% 4 225 4 338 (3%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 2,83 3,05 (7%) 3,63 2,68 35%
Алтынды ылгап алуу коэффициенти  (% менен) 75,7% 72,7% 4% 78,4% 74% 6%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)* 103 701 95 265 9% 390 084 276 058 41%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 3 225,5 2 963,1 9% 12 133 8 586,4 41%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)* 100 994 92 645 9% 388 968 272 303 43%
Сатып өткөрүлгөн алтын ( кг  менен) 3 141,3 2 881,6 9% 12 098,3 8 469,6 43%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы*** (унциясына USD) 1 124 1 263 (11%) 1 183 1 279 (8%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)***  (млн. USD) 14,4 14,2 1% 38,6 35,3 9%
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)*** (млн USD) 1,4 15,2 (91%) 11,8 28,6 (59%)
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)*** (млн USD) 64,9 53,5 21% 198,4 228,5 (13%)
Оңдоп-түздөлгөн операциялык жумшоолор*** (унциясына USD) 369 539 (32%) 304 476 (36%)
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор*** (унциясына USD) 1 000 1 110 (10%) 791 1 205 (34%)
Бардык жумшоолор*** (унциясына USD) 1014 1 274 (20%) 821 1 310 (37%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен*** (унциясына USD) 1 171 1 451 (19%) 987 1 489 (34%)

* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

** – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

*** – «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого жана өнүктүрүүгө) Бухгалтердик эсептин (GAAP) жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрү болуп саналбайт жана «Центерранын» пресс-релизинде «GAAPта колдонулбаган көрсөткүчтөр» бөлүмүндө жана 2015-ж. 27-октябрдагы “Жетекчилик тараптан талкуулоо жана анализ” (MD&A) бөлүмүндө каралат.

КРдин бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КР Социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 6,3 миллиард сомду түздү.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2015-жылдын 9 айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр

 

Миң USD
1-чейрек 2015 2-чейрек 2015 3-чейрек 2015
Дүң кирешеге салык 35 893,58 24 145,87 14 119,17
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 2 761,04 1 857,37 1 086,09
Экологиялык төлөм 310,00  –  –
Кызматкерлердин кирешесине салык 1 320,84 1 189,87 945,90
КРдын Социалдык фондуна төлөмдөр 5 022,92 4 561,54  4 051,58
Бажы төлөмдөрү 171,36 215,46 165,45
Резидент эместердин кирешесине салык 165,10 134,74 186,79
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 65,89 90,03 163,33
Бардыгы 45 710,74 32 194,88 20 718,31
АКШ долларынын КР сомуна карата расмий курсу 63,8736 62,0788 68,8359
Төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 2 919 709,30 1 998 619,26 1 426 163,20

 

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

2015-жылга прогноз

Божомолдор боюнча “Кумтөр” кен ишканасында 2015-жылы өндүрүштүн көлөмү 490-520 миң унция алтынды түзөт.

Кумтөрдө 2015-жылы кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну алып салганда, капиталдык жумшоолордун жалпы көлөмү, алдын-ала эсептөөлөр боюнча 75 млн. долларды түзүүгө тийиш (мурда 77 млн доллар пландаштырылган). Негизги фондуларды колдоп турууга капиталдык салымдар боюнча көрсөткүчтөр көбөйтүлгөн жана 58 млн. долларды түзөт, ошол эле учурда мурда ал 54 млн. доллар көлөмүндө пландаштырылган. Бул көбөйүү оор тоо-кен техникасында деталдарды алмаштырууга өсүп кеткен чыгымдар (2 млн доллар) жана Liebherr маркасындагы бир экскаваторду “тескери калак” тибиндеги экскаваторго кайра жабдууга кошумча чыгымдар (2 млн доллар) менен байланышкан.

Өнүктүрүүгө капиталдык салымдар 2015-жылы 17 млн. долларга чейин (мурдагы эсептөөлөрдөгү 23 млн доллардан) азайтылган, ал оор техниканы тейлөө үчүн жаңы техникалык тейлөө цехинин курулушун кеч баштоого байланышкан, аны аяктоо эми 2016-ж. экинчи кварталына белгиленген.

2015-жылы карьерди иштетүү менен байланышкан кыртыш ачуу иштерине чыгымдардын капиталдаштырылган акчалай курамы азайышы күтүлүүдө жана 158 млн. долларды түзүүгө тийиш, ошол эле учурда ал мурда 162 млн доллар көлөмүндө эсептелген, бул эмгек акы төлөөгө жана дизель отунун сатып алууга чыгымдардын кыскартылышы менен байланышкан. Эскирүүгө, кунарсызданууга жана амортизацияга которууларды кошо алганда, 2015-жылы кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун жалпы көлөмү 207 млн. доллар көлөмүндө пландаштырылууда (мурда 212 млн. доллар пландаштырылган).

Чейректик дивиденддер

2015-ж. 27-октябрда “Центерра Голд Инк.” компаниянын Директорлор кеңеши ар бир жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө чейректик дивиденд эсептеди. Дивиденд 2015-ж. 3-декабрда Торонтодогу биржада 2015-ж. 26-ноябрга карата катталган бардык акционерлерге төлөнмөкчү.

Комментарий

Центерранын Президенти жана Башкы кызмат адамы Ян Аткинсондун сөзү боюнча, “Кумтөр өткөн кварталда кезектеги жолу жакшы көрсөткүчтөр менен чыкты. Кен ишканасында 103 701 унция алтын өндүрүлгөн жана күтүлгөндөй эле SB зонасынын жогорку участокторунда тоо-кен иштерине кириштик. Биз алтын өндүрүүнүн божомолдонгон көрсөткүчтөрүнө чыктык жана андан тышкары, өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор3 менен бардык жумшоолорду3 кыскарта алдык. Компания жакшы каржылык абалда, анын накталай каражаттарынын, акча каражаттарынын эквиваленттеринин жана кыска мөөнөттүү инвестицияларынын көлөмү 2015-жылдын 30-сентябрына карата 537 млн долларды, же, дебитордук карызды алып салуу менен 461 млн долларды түздү.

***

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбор Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2015-жылдын 30-сентябрына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 10,255 млн унция же 319 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Голд Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчиликтүү.

Centerra Gold Inc. («Центерра») өнүгүүгө багытталган Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, алтын өндүрүүчү компания. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбор Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. “Центерранын” жөнөкөй акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу. 2015-жыл 17-ноябрга карата Кыргызстандын акциялар пакетинин наркы 432 млн доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат менен 2015-жылдын III чейректеги жыйынтыктары боюнча толук пресс-релиз SEDAR сайтында жана компаниянын сайтында жайгашкан.