2014-жылдын III кварталынын ɵндүрүштүк натыйжалары

2014-жылдын III кварталынын ɵндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 18 November 2014

2014-жылдын III кварталынын ɵндүрүштүк натыйжалары
Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтɵр Голд Компани» 2014-жылдын үчүнчү кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздɵгү жылдын тогуз айында “Кумтɵр” кенинде 276 058 унция1 же 8 586,4 кг алтын ɵндүрүлгɵн. Компания 4 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү тɵлɵмдɵрдү которгон.

Продукция ɵндүрүү жана сатып ɵткɵрүү

2014-жылдын III кварталында “Кумтɵр” кен ишканасында 2 963 килограмм (95 265 унция) алтын ɵндүрүлгɵн, ошол эле учурда 2013-ж. ушундай мезгилинде баалуу металл ɵндүрүүнүн кɵлɵмү 2 808 килограммды (90 289 унция) түзгɵн. Кɵрсɵтүлгɵн ɵсүш руданын фабрикадагы кайра иштетүү кɵлɵмү жогорулашынын эсебинен жүргɵн, ошол эле учурда бай кɵмүртектүү материалды кайра иштетүү учурундагы тɵмɵнүрɵɵк бɵлүп алуу коэффициенти менен төмөндөгөн.

Маселен, 2014-жылдын III кварталында фабрикага алтындын орточо курамы 3,05 г/т болгон руда берилип, бɵлүп алуу коэффициенти – 72,7%ды түзгɵн. Отчеттук мезгилде кайра иштетилген руданын кɵлɵмү 1,43 млн. тоннаны түзүп, 2013-ж. ушул кварталына салыштырмалуу 9%га кɵп болгон.

Бош текти жана руданы казып алууну кошо алганда, тоо-кен иштеринин жалпы кɵлɵмү 48,6 млн. тоннаны түздү, жана ɵткɵн жылкы ушул кварталдагыдан (41,7 млн. тонна) 17%га кɵп, себеби 2014-ж. үчүнчү кварталында муз массаларын алып салуунун кɵлɵмү кыскарган.

Сатып ɵткɵрүлгɵн алтындын кɵлɵмү 2014-ж. III кварталында 92 645 унция, ал 2,9 тоннадай алтынды түзɵт. Продукцияны сатып ɵткɵрүүдɵн жалпы түшкɵнү 117 млн. долларды2 түздү.

“Кумтɵр” кен ишканасында ɵндүрүлгɵн Доре куймалары “Кумтɵр Голд Компанинин” атынан “Кумтɵр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн ортосунда түзүлгɵн Алтынды жана күмүштү сатып ɵткɵрүү жɵнүндɵ кайра каралган келишимде каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып ɵткɵрүү укугуна “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Ɵндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

Ɵндүрүштү колдоп турууга жалпы чыгымдар4 (ага дүӊ кирешеге салык кирбейт) III кварталда унциясына 1 110 долларды түздү, 2013-жылдын ушундай мезгилинде бул кɵрсɵткүч – 1 264 долларды түзгɵн. Бул тɵмɵндɵɵ ɵндүрүштүн жана алтын сатуунун кɵлɵмдɵрүнүн ɵсүшү жана товардык-материалдык көрөңгөлөрдү көбөйтүүгө байланышкан чоңураак чыгымдар менен түшүндүрүлɵт.

Сатып ɵткɵрүлгɵн продукциянын бир унциясына салыктарды эске албаганда бардык жумшоолор4 2014-жылдын III кварталында 1 274 долларды түздү, ошол эле учурда 2013-жылдын ушундай мезгилинде алар 1 366 долларды түзгɵн. Бул кɵрсɵткүчтүн тɵмɵндɵɵсү алтын сатып ɵткɵрүүнүн 7%га кɵбɵйүп бирок 2014-жылдын үчүнчү чейрегиндн инфраструктура объектилерин көчүрүү долбоорунун чыгымдарынан улам азайышы менен түшүндүрүлɵт.

Капиталдык жумшоолор 2014-жылдын III кварталында 82,9 млн долларды түздү, анын ичинен:
– 14,2 млн. доллар негизги фондуларды колдоп турууга жумшалды 4;
– 15,2 млн. долларын ɵнүктүрүүгɵ инвестициялар түздү4;
– 53,5 млн. доллар – кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу.

“Кумтɵр” долбоору боюнча ɵндүрүштүк кɵрсɵткүчтɵр

III квартал, 30-сентябрга карата 9 ай, 30-сентябрга карата
2014 2013 Ɵзгɵрүүлɵр, % менен 2014 2013 Ɵзгɵрүүлɵр, % менен
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкɵн жалпы каражат (млн.  USD )2 117,0 116,8 0% 348,4 362,0 (4%)
Сатып ɵткɵрүлгɵн продукциянын ɵздүк наркы 3, бардыгы (млн.  USD) 84,9 86,0 (1%) 272,9 218,0 25%
Сатып ɵткɵрүлгɵн продукциянын ɵздүк наркы3,4 (унциясына  USD менен) 916 991 (8%) 1 002 877 14%
Тоо-кен иштеринин кɵлɵмү (миӊ тонна) 48 649 41 741 17% 148 938 129 827 15%
Казылып алынган руданын кɵлɵмү (миӊ тонна) 1 422 2 087 (32%) 2 025 3 095 (35%)
Кайра иштетилген руданын кɵлɵмү (миӊ  тонна) 1 426 1 312 9% 4 338 4 136 5%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,05 3,04 0% 2,68 2,63 2%
Алтынды бɵлүп алуу коэффициенти (% менен) 72,7 76,4 (5%) 74,0 73,6 1%
Ɵндүрүлгɵн алтын (унция менен)1 95 265 90 289 6% 276 058 252 272 9%
Ɵндүрүлгɵн алтын (кг менен) 2 963,1 2 808,3 6% 8 586,4 7 846,5 9%
Сатып ɵткɵрүлгɵн алтын (унция менен)1 92 645 86 699 7% 272 303 248 635 10%
Сатып ɵткɵрүлгɵн алтын ( кг  менен) 2 881,6 2 696,6 7% 8 469,6 7 733,4 10%
Сатып ɵткɵрүүнүн орточо баасы4 (унциясына USD  менен) 1 263 1 347 (6%) 1 279 1 456 (12%)
Оӊдоп-түздɵлгɵн операциялык жумшоолор4 (сатып өткөрүлгөн унциясына  USD менен) 539 639 (16%) 476 556 (15%)
Ɵндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (сатып өткөрүлгөн унциясына USD  менен) 1 110 1 264 (12%) 1 205 1 327 (9%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке албаганда4 (сатып өткөрүлгөн унциясына  USD  менен) 1 274 1 366 (7%) 1 310 1 488 (12%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен4 (сатып өткөрүлгөн унциясына  USD менен) 1 451 1 555 (7%) 1 489 1 689 (12%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоп турууга)4 (млн. USD менен) 14,2 13,3 7% 35,3 40,1 (12%)
Капиталдык жумшоолор (ɵнүктүрүүгɵ)4 (млн.  USD менен) 15,2 7,9 92% 28,6 33,4 (14%)
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине) (млн.  USD менен) 53,5 56,4 (5%) 228,5 207,8 10%

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
2 – Эгерде башкасы кɵрсɵтүлбɵсɵ, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.
3 – Сатып ɵткɵрүлгɵн продукциянын ɵздүк наркы административдик жумшоолорду камтыбайт.
4–2013-жылы компания ɵзүнүн отчеттуулугунда Дүйнɵлүк алтын кеӊеши сунуштаган бир катар кɵрсɵткүчтɵрдү колдоно баштады. Алар Жалпы кабыл алынган бухэсептин кɵрсɵткүчтɵр принциптерине кирбейт. Кошумча маалыматты “Центерранын” 2014-ж. 19-февралындагы пресс-релизинен “Жалпы кабыл алынган бухэсептин принциптери менен байланышпаган кɵрсɵткүчтɵр” бɵлүгүнɵн караӊыздар.

«Оӊдоп-түздɵлгɵн операциялык жумшоолор», «Ɵндүрүштү колдоп турууга жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алуу жана албоо менен «Бардык жумшоолор», ошондой эле сатып ɵткɵрүлгɵн унцияга кайра эсептелген «Сатып ɵткɵрүүнүн орточо баасы» жана «Сатып ɵткɵрүлгɵн продукциянын ɵздүк наркы» Жалпы кабыл алынган бухэсептин көрсөткүчтөрү болуп саналбайт.

Дивиденддерди тɵлɵө

“Центерранын” Директорлор кеӊеши бир жөнөкөй акцияга 0,04 канадалык доллар ɵлчɵмүндɵ дивиденд эсептɵɵнү буйруду. Жогоруда кɵрсɵтүлгɵн дивиденддер 2014-ж. 27-ноябрында Торонтодогу биржада 2014-ж. 13-ноябрына карата катталган бардык акционерлерге тɵлɵнүп берилмекчи.

Кыргыз Республикасынын бюджетине тɵлɵмдɵр жана башка милдеттүү которуулар

Үстүбүздɵгү жылдын тогуз айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү тɵлɵмдɵр 4 миллиард сомдон ашуунду түздү.

 “КУМТӨР” ДОЛБООРУ БОЮНЧА 2014-ЖЫЛДЫН 9 АЙЫНДАГЫ САЛЫК ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР

2014-жылдын 30-сентябрына карата миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 53 036,71
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 4 848,98
Экологиялык төлөм 310,00
Киреше салыгы 3 696,30
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 15 630,81
Бажы төлөмдөрү 796,66
Резидент эместердин кирешелерине салык 416,32
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 71,55
Жалпысынан                                                               78 807,32
31.09.2014-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 54,52
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 4 296 590,601

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтɵр” долбоору боюнча жаӊы шарттар жɵнүндɵ макулдашууга ылайык, дүӊ кирешеге салыкты жана Ысык-Кɵл областын ɵнүктүрүү фондуна төлөмдү эсептɵɵ үчүн негиз катарында кɵрсɵтүлгɵн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндɵгү акчалай түшүүлɵр саналат.

Комментарий

«Биз ушул жылдын үчүнчү кварталында ишканабыз үзгүлтүксүз режимде ишин улантканына кубанычтабыз. Жетишкен натыйжалар бизге 2014-жылдын пландык кɵрсɵткүчтɵрүн ийгиликтүү аткарууга бекем ишеним берет», – деп белгиледи 2014-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыктарын чыгарып жатып “Кумтɵр Голд Компани” президенти Майкл Фишер.

2014-жылга божомол

Алдын-ала эсептɵɵлɵр боюнча “Кумтɵр” кенинде 2014-жылы ɵндүрүштүн кɵлɵмү, башында каралгандай эле, 550 – 600 миң. унция же 17,1 – 18,7 т алтынды түзɵт. Мында, ɵткɵн жылдагыдай эле, жалпы кɵлɵмдүн 50%дан ашууну 2014-жылдын акыркы кварталында, кайрадан борбордук карьердин SB аймагындагы алтындын жогору курамы бар бөлүккө жеткенде ɵндүрүлмɵкчү.

Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртышты ачуу иштерин капиталдаштырууну кошпогондо, 2014-жылы 99 млн. доллар ɵлчɵмүндɵ пландаштырылууда. Анын ичинде 47 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого: тоо-кен техникасынын паркын кайра жабдууга, кошумча тоо-кен техникасын жана алтын ылгоочу фабрикадагы шар тегирмендин тиштүү дɵӊгɵлɵгүн сатып алууга, уу калдык сактоочу жайдын дамбасын жогорулатууга ж.б. долбоорлорго жумшалмакчы. Ɵнүктүрүү инвестициялары 52 млн. доллар кɵлɵмүндɵ пландаштырылган жана KS-13 планына ылайык, карьердин контурларын кеӊейтүүгɵ байланыштуу кендеги инфраструктура объектилеринин ордун көчүрүүнү, суу сордурууну жана жаӊы тоо-кен техникасын сатып алууну камтыйт.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу 2014-жылы 195 млн. доллар ɵлчɵмүндɵ күтүлүүдɵ.

* * *

“Кумтɵр” кени Борбордук Азияда, Кыргыз Республикасында жайгашкан батыш компаниясы башкарган эӊ ири алтын кен ишкана. 1997-жылдын май айында ɵндүрүш иши башталгандан 2014-жылдын 30-сентябрына чейин “Кумтɵрдɵ” жалпысынан 9,6 млн. унция же 297 тонна алтын ɵндүрүлгɵн.

“Кумтɵр Голд Компани” ишканасы “Кумтɵр” долбоорунун оператору жана бүтүндɵй ɵндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчиликтүү.

Centerra Gold Inc. (“Центерра”) түндүк америкалык Борбор Азиядагы эң ири алтын өндүргөн батыш компаниясы. Компания Борбор Азия, мурдагы Советтер Союзу жана башка ɵлкɵлɵрдɵ алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо менен алектенет. “Центерра” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлɵт. Компания Канадада Онтарио аймагынын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эӊ ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциянын (33% тегереги) кармоочусу. 2014-жылдын 17-ноябрына карата Кыргызстан акцияларынын үлүшү 336 миллион долларды түздү.

Азыркы учурда “Центерра” Кыргыз Республикасында жана Монголияда аракеттеги эки алтын кен ишканага ээлик кылат. Мындан тышкары, Компания Монголияда “Гаатсурт” долбоорун иштетүү укугуна, Түркияда “Оксут Голд” долбооруна ээ жана Монголияда, Түркияда жана Батыш Канадада перспективалуу объектилерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгɵ үлүштүк катышка ээ.

“Центерра” жɵнүндɵ кошумча маалымат жана 2014-жылдын III кварталынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти SEDAR www.sedar.com сайтында жана корпоративдик www.centerragold.com, www.kumtor.kg сайттарында жеткиликтүү.