2015-жылдын II чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

2015-жылдын II чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Жарыяланган: 11 August 2015

2014-жылдын III кварталынын ɵндүрүштүк натыйжалары

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2015-жылдын II чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Жарым жыл ичинде айында “Кумтөрдө” 286 383 унция* же 8 907,5 кг алтын өндүрүлдү. Компания жыл башынан бери 4,8 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2015-жылдын II чейрегинде алтын өндүрүүнүн көлөмү 122 111 унцияны түздү, ошол эле учурда 2014-жылы ушундай чейректе 77 860 унция өндүрүлгөн. 2015-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү көбөйүшү байыраак руданы кайра иштетүүдөн жана рудадан алтынды бөлүп алуу пайызынын өсүшүнөн улам болгон. Бүтүндөй чейрек аралыгында “Кумтөрдө” алтын ылгоочу фабрика үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде казып алынган жана 2014-жылдын төртүнчү чейрегинде 16-участоктон казып алынып, топтолгон металлга бай руданын аралашмасын кайра иштетүү менен алектенди. 2015-жылдын экинчи чейрегинде 1,6 млн тонна, 2014-жылдын ошол эле мезгилиндегиден 9% га көп руда кайра иштетилген, бул фабриканын чийки зат менен толук камсыздалып, АЫФтын жогору сааттык өндүрүмдүүлүгүнөн улам мүмкүн болду. Фабрикага алтындын 3,26г/т. орточо курамы менен руда берилип, ылгап алуу пайызы 77,5% ды түзгөн, ошол эле учурда 2014-жылдын ушундай чейрегинде бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 2,35 г/т. жана 73,2% түзгөн.

2015-жылдын II чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 118 789 унция, же 3,69 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 141,6 млн. долларды** түздү.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Продукциянын өздүк наркы жана капиталдык чыгымдар

Ага дүң кирешеге салык кирбеген, сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына* кайра эсептелген жалпы чыгымдар 2015-жылдын экинчи чейрегинде 868 долларды түздү, ошол эле учурда 2014-жылдын ушундай чейрегинде 1658 долларды түзгөн, башкача айтканда ал 48%га кыскарган. Бул кыскаруу негизинен сатып өткөрүлгөн унция алтындын көбөйүшү менен операциялык жана кыртыш ачуу иштерине капиталдык жумшоолордун кыскарышынын, ошондой эле компания жаңы турак-жай лагеринин курулушун 2015-жылдын июнунда аяктаганына байланыштуу кен ишканасында инфраструктура объектилерин көчүрүү боюнча капиталдык жумшоолордун азаюусунун натыйжасы.

Капиталдык жумшоолордун көлөмү 2015-жылдын экинчи чейрегинде жалпысынан 81,7 млн. долларды түзүп, ага 11,8 млн. доллар көлөмүндөгү негизги фондуларды колдоого*** (негизинен техникалар паркынын ремонтуна жана кайра жабдууга) жумшоолор, 3,9 млн доллар өнүктүрүүгө капиталдык салымдар*** жана 66,0 млн. доллар (49,5 млн. доллар акчалай түрүндө) кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга жумшоолор кирет. 2014-жылдын ошол эле чейрегинде капиталдык салымдар негизги фондуларды колдоого*** 13,0 млн. долларды, 11,4 млн. доллар өнүктүрүүгө капиталдык салымдарды*** жана 86,9 млн. доллар (61,5 млн. доллар акчалай түрүндө) кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга3 жумшоолорду кошо алганда жалпысынан 111,3 млн. долларды түзгөн.

Негизги фондуларды колдоого жалпы чыгымдар сатып өткөрүлгөн өндүрүмдүн бир унциясына кайра эсептегенде (ага дүң кирешеге салык кирбейт) 2015-жылдын экинчи чейрегинде 45%га кыскарды жана 835 долларга жетти, ошол эле учурда өткөн жылдын ушул мезгилинде ал 1511 долларды түзгөн. Бул кыскаруу негизинен сатып өткөрүлгөн өндүрүмдүн көлөмүнүн өсүшүнө, операциялык чыгымдардын кыскарышына жана казып алынган бош тектин көлөмү төмөндөшүнүн натыйжасында, кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун азаюусуна байланыштуу.

Кумтөр долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

II чейрек, 30-июнга карата I жарым жылдык,

30-июнга карата

2015 2014 Өзгөрүү 2015 2014 Өзгөрүү
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. USD) 141,6 99,8 42% 346,6 231,4 50%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы накталай акча маанисинде (млн. USD менен) 32,8 36,0 (9%) 70,7 67,6 5%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы накталай эмес  (млн.USD ) 43,5 56,9 (24%) 112,3 120,5 (7%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы*** (унциясына USD) 642 1 195 (46%) 635 1 047 (39%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 40 434 49 527 (18%) 82 165 100 289 (18%)
Казылып алынган руданын көлөмү  (миң тонна) 168 460 (63%) 1 506 602 150%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 554 1 430 9% 2 729 2 912 (6%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,26 2,35 39% 4,06 2,50 62%
Алтынды ылгап алуу коэффициенти  (% менен) 77,5% 73,2% 6% 79,4% 74,8% 6%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)* 122 111 77 860 57% 286 383 180 793 58%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 3 798,08 2 421,72 57% 8 907,51 5 623,29 58%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)* 118 789 77 743 53% 287 974 179 658 60%
Сатып өткөрүлгөн алтын ( кг  менен) 3 694,75 2 418,08 53% 8 957,00 5 587,99 60%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы*** (унциясына USD) 1 192 1 284 (7%) 1 204 1 288 (7%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)***  (млн USD) 11,8 12,9 (9%) 24,3 21,2 15%
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)*** (млн USD) 3,9 11,4 (66%) 10,3 13,4 (23%)
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)*** (млн USD) 66,0 86,9 (24%) 133,5 175,0 (24%)
Оңдоп-түздөлгөн операциялык жумшоолор*** (унциясына USD) 317 551 (43%) 280 443 (37%)
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор*** (унциясына USD) 835 1 511 (45%) 717 1 254 (43%)
Бардык жумшоолор*** (унциясына USD) 868 1 658 (48%) 753 1 328 (43%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен*** (унциясына USD) 1 035 1 838 (44%) 922 1 508 (39%)

* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

** – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

*** – «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого жана өнүктүрүүгө) Бухгалтердик эсептин (GAAP) жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрү болуп саналбайт жана «Центерранын» пресс-релизинде «GAAPта колдонулбаган көрсөткүчтөр» бөлүмүндө жана 2015-ж. 28-июлдагы “Жетекчилик тараптан талкуулоо жана анализ” (MD&A) бөлүмүндө каралат.

КР бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КР Социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2 миллиард сомду түздү.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2015-жылдын 6 айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр

2015-жылдын 30-июнуна карата миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 60 039,45
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 4 618,42
Экологиялык төлөм 310,00
Кызматкерлердин кирешесине салык 2 510,71
КРдын Социалдык фондуна төлөмдөр 9 584,46
Бажы төлөмдөрү 386,82
Резидент эместердин кирешесине салык 299,84
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 155,92
Бардыгы 77 905,61
30.06.2015-ж. карата АКШ долларынын КР сомуна карата расмий курсу 62,0788
Төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 4 836 286,94

 

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

2015-жылга прогноз

Божомолдор боюнча “Кумтөр” кен ишканасында 2015-жылы өндүрүштүн көлөмү 470 — 520 миң унция алтынды түзөт. 2015-жылга алдын-ала каралган өндүрүштүк тапшырмалар кен иштетүүнүн генералдык планында белгиленген көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кыскартылган, кар.: 2012-ж. 20-декабрындагы “Кумтөр кен ишканасы боюнча техникалык отчетту”. Баарынан мурда бул ал жөнүндө мурда билдирилген блок-моделдин макулдашылбагандыгы, ошондой эле жүк ташууларды финансылоонун артка жылдырылышы жана рудадан алтын ылгоонун стандарттык эмес төмөн деңгээлине да байланышкан. 2015-жылы Кумтөрдө иштер 17-иш участогунда улантылмакчы, ал азыр фабрикалык кайра иштетүүгө кетип жаткан руданын кампалык запастардын төмөнүрөөк мүнөздөмөлөрүнө салыштырмалуу 2015-ж. үчүнчү чейрегинин соңунда рудадагы алтындын жогорураак курамын камсыз кылат.

2015-жылы жалпы капиталдык чыгымдар, кыртыш ачуу иштерин кошпогондо, 77 млн долларды (буга чейин 75 млн доллар деп божомолдонгон) түзүүгө тийиш. Негизги фондуларды3 модернизациялоого капиталдык жумшоолор 49 млн доллардан (буга чейинки божомол) 54 млн долларга чейин көйбөйдү, ал планга кирбеген өндүрүштүк бургулоочу станок (2 млн доллар), кен аймагында опто-волокондук кабель өткөрүү (1 млн доллар), ири жүк ташуучу тоо-кен техниканын ремонтуна көбүрөөк чыгымдар (1 млн доллар) жана башка жумшоолор (1 млн доллар) менен байланышкан.

“Кумтөрдө” өнүктүрүүгө инвестициялар*** 2015-жылы 23 млн долларга (26 млн. доллар буга чейинки божомол) чейин кыскарып, буга чейин кенди эксплуатациялоо планында каралган Кумтөрдөгү кен ишкананын айрым инфраструктура объектилерин орун которуштуруу иштери арзаныраак бааланышына байланышкан.

Карьерди иштетүү үчүн кыртыш ачуу иштерине капиталдык чыгымдардын акчалай курамы 2015-жылы эмгек акы менен дизель майына чыгымдардын азайышына байланыштуу 185 млн. доллардан (буга чейинки божомол) 162 млн долларга кыскартуу пландалууда. Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртыш ачуу иштерин жана жешилүү менен амортизацияны эсепке алганда, 2015-жылы 212 млн доллар суммасында божомолдонууда (буга чейинки божомолдо 234 млн доллар).

Чейректик дивиденддер

2015-ж. 28-июлда “Центерра Голд Инк.” компаниянын Директорлор кеңеши ар бир жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө чейректик дивиденд эсептеди. Дивиденд 2015-ж. 27-августта Торонтодогу биржада 2015-ж.13-августка карата катталган бардык акционерлерге төлөнмөкчү.

Комментарий

“Центерра Голд Инк.” компаниясынын Президенти жана Башкы аткаруучу директору Ян Аткинсон экинчи чейректин жыйынтыктарына мындай комментарий берди: “Өткөн чейректе “Кумтөр” жакшы көрсөткүчтөргө жетишти, анда алтын өндүрүүнүн көлөмү 122 111 унцияны түздү. Бул бизге үстүбүздөгү жылы алтын өндүрүүдөгү контролдук көрсөткүчтөрүбүзгө чыгууга мүмкүндүк бермекчи. Каржы тарабын алганда “Центерра” 2015-жылдын 30-июнуна карата 582 млн. долларга жакын көлөмдө, же карыз каражаттарды алып салганда 505 млн. доллар накталай акча каражатка ээ болуу менен жакшы формада турат. Экинчи чейректе операциялык акча агымы 114,3 млн. долларды түздү.

2015-жылдын 3-июлунда “Кумтөргө” үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Стационардык булганыч булактарынан атмосферага таштоого жана Калдыктарды сактоочу жайга калдыктарды жайгаштырууга уруксаттар узартылды. Компания “Кумтөр” долбоору боюнча маселелерди чечүү максатында аракеттенүүнү улантууда. Биз мурда билдиргендей, ар бир сунушталган чечим Центерранын бардык акционерлерине карата бирдей адилеттүү болууга тийиш”.

***

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбор Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2015-жылдын 30-июнуна чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 10,152 млн унция же 315,8 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Голд Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчиликтүү.

Centerra Gold Inc. («Центерра») өнүгүүгө багытталган Азияда, Канадада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, алтын өндүрүүчү компания. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбор Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. “Центерранын” жөнөкөй акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу. 2015-жыл 11-августка карата Кыргызстандын акциялар пакетинин наркы 383 млн. доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат менен 2015-жылдын II чейректеги жыйынтыктары боюнча толук пресс-релиз SEDAR сайтында жана компаниянын сайтында жайгашкан.