2014-жылдын II кварталынын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү

2014-жылдын II кварталынын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү

Жарыяланган: 11 August 2014

Operating Results of the 1st Quarter of 2014
Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» 2014-жылдын экинчи кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Жарым жылда «Кумтөр» кен ишканасында 180 793 унция1 же 5 623 кг алтын өндүрүлгөн. Компания 3 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Продукция өндүрүү жана сатып өткөрүү

2014-жылдын II кварталында «Кумтөр» кен ишканасында 2 422 кг (77 860 унция) алтын өндүрүлгөн, ошол эле учурда 2013-ж. ушундай мезгилинде баалуу металл өндүрүүнүн көлөмү 2 251 кг (72 365 унция) түзгөн. Көлөмдүн көбөйүүсү 2013-жылдын IV кварталында казып алынып топтолуп коюлган руда фабрикага берилгендигинен улам болгон. Эритип алуу көлөмдөрүнүн көбөйүшүнө өбөлгө болгон башка факторлордун арасында алтындын курамы жогору болгон руданын чоң көлөмүн алуу да бар. Мисалы, 2013-жылдын II кварталында фабрикага алтындын орточо курамы 2,35г/т болгон руда берилген, а бөлүп алуу пайызы – 73,2%ды түзгөн. Отчеттук мезгилде кайра иштетилген руданын көлөмү 1,4 млн. тонна, башкача айтканда 2013-ж. ушул кварталына салыштырмалуу 6%га көп болгон.

Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү II кварталда 77 743 унция, ал 2,4 тоннадай алтынды түзөт. Продукцияны сатып өткөрүүдөн жалпы түшкөнү 99,8 млн. долларды түздү.

«Кумтөр» кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул «Кумтөр Голд Компанинин» атынан «Кумтөр Оперейтинг Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө кайра каралган келишимде каралгандай, «Кыргызалтын» Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.

Өндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

Өндүрүштү колдоп турууга жалпы чыгымдар4 (ага дүң кирешеге салык кирбейт) II кварталда унциясына 1 511 долларды түздү, 2013-жылдын ушундай мезгилинде бул көрсөткүч – 1 681 долларды түзгөн. Бул төмөндөө өндүрүштүн жана алтын сатуунун көлөмдөрүнүн өсүшүнө байланыштуу.

Сатып өткөрүлгөн продукциянын бир унциясына салыктарды эске албаганда бардык жумшоолор4 2014-жылдын II кварталында 1 658 долларды түздү, ошол эле учурда 2013-жылдын ушундай мезгилинде алар 1 842 долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтүн төмөндөөсү алтын сатып өткөрүүнүн 11%га көбөйүшү менен түшүндүрүлөт.

Капиталдык жумшоолор 2014-жылдын II кварталында 111,2 млн долларды түздү, анын ичинен:
– 12,9 млн. доллар негизги фондуларды колдоп турууга жумшалды;
– 11,4 млн. долларын өнүктүрүүгө инвестициялар түздү;
– 86,9 млн. доллар – кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу (акчалай маанисинде – 61,5 млн. доллар).

«Кумтөр» долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

II квартал, 30-июнга карата I жарым жылдык, 30-июнга карата
2014 2013 Өзгөрүүлөр, % менен 2014 2013 Өзгөрүүлөр, % менен
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат  (млн. АКШ доллары менен)2 99,8 96,5 3% 231,4 245,2 (6%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы3 – акчалай маанисинде (млн. АКШ доллары менен) 36,0 40,5 (11%) 67,6 72,7 (7%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы3 – накталай эмес формада
(млн. АКШ доллары менен)
56,9 25,2 126% 120,4
59,3 103%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы3,4 (унциясына АКШ доллары менен) 1 195 935 28% 1 047 815 28%
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 49 527 47 901 3% 100 289 88 085 14%
Казылып алынган руданын көлөмү
(миң тонна)
460 799 (42%) 602 1 008 (40%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 430 1 351 6% 2 912 2 824 3%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 2,35 2,17 8% 2,50 2,44 2%
Алтынды бөлүп алуу коэффициенти (% менен) 73,2 69,3 6% 74,8 72,0 4%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)1 77 860 72 364 8% 180 793 161 983 12%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 2 422 2 251 8% 5 623 5 038 12%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)1 77 743 70 318 11% 179 658 161 935 11%
Сатып өткөрүлгөн алтын ( кг  менен) 2 418 2 187 11% 5 588 5 037 11%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы4 (унциясына АКШ доллары менен) 1 284 1 372 (6%) 1 288 1 514 (15%)
Оңдоп-түздөлгөн операциялык жумшоолор4 (унциясына АКШ доллары менен) 551 660 (17%) 443 512 (13%)
Өндүрүштү колдоп турууга жалпы жумшоолор4 (унциясына АКШ доллары менен) 1 511 1 681 (10%) 1 254 1 359 (8%)
Бардык жумшоолор4 (унциясына АКШ доллары менен) 1 658 1 842 (10%) 1 328 1 552 (14%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен4 (унциясына АКШ доллары менен) 1 838 2 034 (10%) 1 508 1 764 (15%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоп турууга)4 (млн. АКШ доллары менен) 12,9 15,0 (14%) 21,2 26,8 (21%)
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)4 (млн. АКШ доллары менен) 11,4 9,3 23% 13,4 25,4 (47%)
Капиталдык жумшоолор (ачуу иштерине) (млн. АКШ доллары менен) 86,9 77,2 13% 175,0 151,5 16%

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
2 – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.
3 – Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы административдик жумшоолорду камтыбайт.
4–2013-жылы компания өзүнүн отчеттуулугунда алар Бухэсептин жалпы кабыл алынган принциптеринин көрсөткүчтөрү болуп саналбаган, Алтын боюнча бүткүл дүйнөлүк кеңеш рекомендациялаган бир катар көрсөткүчтөрдү колдоно баштады. Кошумча маалыматты “Центерранын” 2014-ж. 19-февралындагы пресс-релизинен “Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган принциптери менен байланышпаган көрсөткүчтөр” бөлүгүнөн караңыздар.
«Оңдоп-түздөлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоп турууга жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алуу жана албоо менен «Бардык жумшоолор», ошондой эле сатып өткөрүлгөн унцияга кайра эсептелген «Сатып өткөрүүнүн орточо баасы» жана «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» Бухэсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрү болуп саналышпайт.

Дивиденддерди төлөп берүү

«Центерранын» Директорлор кеңеши бир кадимки акцияга 0,04 канадалык доллар өлчөмүндө дивидендди эсептеди. Жогоруда көрсөтүлгөн дивиденддер 2014-ж. 28-августунда Торонтодогу биржада 2014-ж. 14-августуна карата катталган бардык акционерлерге төлөнүп берилмекчи.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 3 миллиард сомду түздү.

 “КУМТӨР” ДОЛБООРУ БОЮНЧА 2014-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДАГЫ САЛЫК ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР

2014-жылдын 30-июнуна карата миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 39 822,09
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 3 832,47
Экологиялык төлөм 310,00
Киреше салыгы 2 479,97
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 10 821,09
Бажы төлөмдөрү 495,99
Резидент эместердин кирешелерине салык 234,17
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 37,30
Жалпысынан                                                               58 033,07
31.06.2014-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 52.06
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 3 021 486,11

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катарында көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

Комментарий
«Биз ушул жылдын экинчи кварталында ишканабыз 2014-жылга тоо-кен иштеринин планын бекитүүнү алганына кубанычтабыз, бул ишибизди үзгүлтүксүз режимде улантууга мүмкүндүк берди. Жетишилген натыйжалар бизге 2014-жылдын пландык көрсөткүчтөрүн ийгиликтүү аткарууга бекем ишенүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи 2013-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыктарын чыгарып жатып «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер.

2014-жылга прогноз

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча «Кумтөр» кен ишканасында 2014-жылы өндүрүштүн көлөмү 550 – 600 тыс. унция же 17,1 – 18,7 т алтынды түзөт. Мында, өткөн жылдагыдай эле, жалпы көлөмдүн 50%дан ашууну 2014-жылдын акыркы кварталында, борбордук карьердин SB зонасындагы алтындын жогору курамы бар участокко кайрадан жеткенден кийин болмокчу.

Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртышты ачуу иштерин кошпогондо, 2014-жылы 86 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Анын ичинде 43 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого: тоо-кен техникасы паркынын ремонтуна, алтын ылгоочу фабриканын шар тегирменинин тиштүү дөңгөлөгүн сатып алууга, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын деңгээлин жогорулатууга ж.б. долбоорлорго жумшалмакчы. Өнүктүрүүгө инвестициялар 43 млн. доллар көлөмүндө пландаштырылган жана өзүнө KS-13 планына ылайык, карьердин контурларын кеңейтүүгө байланыштуу кен ишканасынын инфраструктура объектилерин орун которуштурууну, сууну сордуруу боюнча иш чараларды жана жаңы тоо-кен техникасын сатып алууну камтыйт.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу 2014-жылы 181 млн. доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

* * *

«Кумтөр» кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2014-жылдын 30-июнуна чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 9,5 млн. унция же 294 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр» компаниясы «Кумтөр» долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

«Центерра Голд Инк.» Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. «Центерра» түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. «Центерранын» акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин –77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2014-жылдын 11-августуна карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 424 млн. доллардан ашып кетти.

Азыркы учурда «Центерра» Кыргыз Республикасында жана Монголияда эки аракеттеги алтын кен ишканасына ээлик кылат. Мындан тышкары, Компания Монголияда «Гаатсурт» долбоорун иштетүү укугуна ээ, Түркияда «Оксут Голд» долбооруна ээ жана Монголияда, Түркияда, Россия Федерациясында, Кипрде жана Батыш Канадада перспективалуу объектилерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө үлүштүк катышка ээ.

«Центерра» жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү, ошол эле жерден 2014-жылдын II кварталынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот. «Кумтөр» компаниясы жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.