2017-жылдын I чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

2017-жылдын I чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 15 May 2017

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» («Кумтөр») 2017-жылдын I чейрегиндеги өндүрүшүн жыйынтыкташты. Үч айда Кумтөрдө 127400 унция1 же 3962,59 кг алтын өндүрүлүп, 2,2 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которулган.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2017-ж. биринчи чейрегинде 127400 унция алтын өндүрүлгөн (салыштыруу үчүн: 2016-ж. ушул эле мезгилдин көрсөткүчү 86444 унция).
Өндүрүм көлөмүнүн көбөйүшү 2016-ж. IV чейрек башында фабрикада борбордук карьердин №17 участогунан келип түшкөн байыраак руда иштетилишинин натыйжасында жүргөн, а 2016-ж. ушундай чейрегинже фабрикалык кайра иштетүүгө №17 участоктун баштапкы баскычтарынан казып алынган, курамында металлы азыраак руда келип түшкөн.
2017-ж. I чейректе Кумтөр №18 участокто тоо-кен иштерин жүргүзүү менен борбордук карьерди иштетүүнү уланткан, жана аны менен катар эле Сары-Төр карьеринде тоо-кен иштерине да киришкен. Компания Сары-Төр карьеринин рудасына 2017-ж. экинчи жарым жылдыгында жете аларына ишенет.

2017-ж. I чейрегинде 134682 унция, же 4,19 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2017-ж. биринчи үч айында 164,1 млн долларды2 түзгөн.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Операциялык жумшоолор менен комплекстүү иш-чаралар

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда операциялык жумшоолор4 (сатып өткөрүү негизинде), 2017-ж. I чейрегинде 0,4 млн долларга кыскаып, 73,8 млн долларды түзгөн, салыштырмакка 2016-ж. I чейректе 74,2 млн долларды түзгөн.

Операциялык жумшоолордун (руда казып алуу менен фабрикада кайра иштетүүгө) негизги беренелеринин 2017-ж. биринчи чейрегинде 2016-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу динамикасы төмөнкүдөй:
Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда руда казып алуунун өздүк наркы (2017-ж. I чейреги 2016-жылдыкына салыштырмалуу):
2017-ж. биринчи чейрегинде кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, казып алуунун өздүк жалпы наркы 2016-жылдын ошол эле чейректеги көрсөткүчүнө окшош, 47,7 млн долларды түздү. 2017-ж. биринчи кварталында чыгымдардын төмөндөшү жүк ташуулардын үнөмдүүрөөк схемаларын киргизүүнүн жана отундун бул түрүнө төмөнүрөөк тарифтердин натыйжасында жүргөн керектөөлөрдүн көлөмдөрүнүн кыскарышынын эсебинен дизель отунун сатып алууга жумшоолорго (1,4 млн. доллар) тиешелүү болду. Аммиак селитрасына баалардын төмөндөшү менен жардыруу иштеринин көлөмүнүн кыскарышынын эсебинен (38,9 млн. тоннага салыштырмалуу 35,1 млн. тонна) жардыруу иштерине жумшоолор да төмөндөгөн (1,0 млн. доллар). Бирок көрсөтүлгөн чыгымдардын төмөндөшү экскаваторлордун жана бульдозерлордун иштерине оордуктун көбөйүшүнөн, ошондой эле жаңы жамааттык келишимди түзүү жана 2016-ж. ушундай мезгилине салыштырмалуу кыргыз сомунун бекемделишине байланыштуу эмгекке акы төлөөгө жумшоолордун өсүшүнөн (1,1 млн. доллар) улам жарым-жартылай жокко чыккан.

Руданы фабрикада кайра иштетүүнүн өздүк наркы (2017-ж. I чейреги 2016-жылга салыштырмалуу):
2017-ж. биринчи чейрегинде руданы кайра иштетүүнүн өздүк наркы 15,4 млн. долларды түздү, бул 2016-ж. ушундай эле кварталындагы көрсөткүчкө окшош. Аны керектөөнүн көлөмдөрүн кыскартуунун (0,66 кг/т ордуна 0,66 кг/т) жана баалардын төмөндөшүнүн эсебинен цианидди сатып алууга чыгымдардын төмөндөшү (0,6 млн. доллар) эмгек акыга жумшоолордун өсүшүн жана валюталык курстун өзгөрүшүн кошо алганда, башка чыгымдар менен (0,5 млн. доллар) жокко чыгарылган.

Жумшоолордун башка түрлөрүнүн динамикасы:
Кен ишкана жайды колдоого жалпы жумшоолор 2017-ж. I чейрегинде 10,7 млн долларды түзгөн, бул 2016-жылдын көрсөткүчүнө окшош.
Ага дүң кирешеге салык кирбеген жандоочу продуктыларды эсепке алуу менен сатып өткөрүлгөн продукциянын бир унциясына кайра эсептегенде негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор4 2016-ж. биринчи кварталындагы 916 долларга салыштырмалуу 2017-ж. биринчи кварталында 762 долларды түзүп, башкача айтканда 17%га кыскарган. Бул көрсөткүчтүн кыскарышы алтын сатып өткөрүү көлөмү өсүүдөн улам (жогоруда белгиленгендей, 61744 унциянын ордуна 134682 унция) жүргөн, бирок алтын сатып өткөрүү көлөмүнүн өсүшү менен байланышкан кошумча эксплуатациялык чыгымдар менен жартылай жокко чыгарылган. Дүң кирешеге салыкты кошкондо негизги фондуларды колдого жалпы чыгымдар кошумча продуктыларды эске алуу менен сатып өткөрүлгөн продукциянын бир унциясына кайра эсептегенде4 2016-ж. биринчи чейрегиндеги 1084 долларга салыштырмалуу 2017-ж. 933 долларды түздү.

Кумтөр долбоору боюнча өндүрүштүк жыйынтыктар

1-квартал, на 31 марта
2017 2016 Изменения, в %
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. USD)2 164,1 73,2 124%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (млн.  USD) 72,2 31,2 132%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (унциясына USD) 536 505 6%
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 39,003 39 275 (1%)
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 1 826 0%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна) 1,536 1 543 (0%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,53 2,27 55%
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) 76,0% 75,0% 1%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)1 127 400 86 444 47%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 3962,59 2 689 47%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)1 134 682 61 744 118%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг  менен) 4189,08 1 920 118%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы4 (унциясына USD) 1 219 1 186 3%
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)4 (млн. USD) 15,2 23,0 (34%)
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)4 (млн. USD) 0,9 4,7 (81%)
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)4 (млн. USD) 46,7 10,4 348%
Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде)4 36,3 19,1 90%
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор4 (унциясына USD) 299 371 (20%)
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (унциясына USD) 762 916 (17%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен4 (унциясына USD)   933 1 084 (14%)

* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
** – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
*** – Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
**** – «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого жана өнүктүрүүгө) Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт.

2017-ж. КР казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2017-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КР Социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2,2 миллиард сомду түздү.

2017-жылдын 31-мартына карата миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 23 168,14
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 1 389,47
Экологиялык төлөм 310,00
Кызматкерлердин кирешесине салык 1 245,57
КРдын Социалдык фондуна төлөмдөр 5 673,43
Бажы төлөмдөрү 148,83
Резидент эместердин кирешесине салык 168,59
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 108,94
Бардыгы 32 213
31.03.2017-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 68,61
Төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 2 210 032,01

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

2017-жылга прогноз

Алдын-ала баалоолор боюнча, Кумтөрдө 455-505 миң унция алтын өндүрүлмөкчү, мында жалпы жылдык көлөмдүн 30%ы 2017-жылдын төртүнчү чейрегинде күтүлүүдө. Капиталдык жумшоолордун жалпы көлөмү (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) 96 млн долларды түзүүгө тийиш. Негизги фондуларды колдоого жумшоолор4 (68 млн доллар) негизинен оор тоо-кен техника паркын кайра жабдуу жана жаңыртуу (58 млн доллар), АЫФ жабдууларын масштабдуу жаңыртуу (3 млн доллар) жана башка жумшоолор (7 млн доллар) менен байланышкан. Өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолордун3 көлөмү 28 млн долларды түзүүгө тийиш, анын ичинде кен ишканасын эксплуатациялоонун жалпы планында каралгандай, анын карьеринин контурларын кеңейтүүнү эске алуу менен инфраструктуранын айрым объектилерин башка жерге көчүрүүгө 9 млн доллар көлөмүндө; туюккап дамбасын жогорулатуу (11 млн доллар), тоо-кен техникасын сатып алуу (4 млн доллар); кургактоо иш чараларына (2 млн доллар) жана башкалар (2 млн доллар) сыяктуу иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун акчалай курамы 2017-жылы 234 млн долларды түзгөн кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга жалпы чыгымдардан 172 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Комментарий

“Центерранын” Башкы кызмат адамы Скотт Пери белгилегендей, “Компаниянын чейректеги жакшы өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөрү, тилекке каршы, апрелде Кумтөр кен ишканасындагы жеңил унаа оңдоо учурундагы жаракаттан кызматкердин каза болуусу менен көмүскөлөдү. Бул кайгылуу окуя Компаниянын бардык өндүрүштүк объектилеринде ишке ашырылып жаткан “Work Safe, Home Safe” коопсуздуктагы лидерлик программасын бекемдөө чечкиндүүлүгүн бекемдеди”.

***

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбор Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2016-жылдын 31-мартына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 11,064 млн. унция же 344,143 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Голд Компани” толугу менен Centerra Gold Inc. туунду компаниясы жана “Кумтөр” долбоорунун оператору катары бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

Centerra Gold Inc. («Центерра») өнүгүүгө багытталган Азияда, Канадада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, алтын өндүрүүчү компания. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбор Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. “Центерранын” жөнөкөй акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2017-жыл, 15-майга карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 450 млн доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.