2015-жылдын I чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

2015-жылдын I чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 19 May 2015

2014-жылдын III кварталынын ɵндүрүштүк натыйжалары

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2015-жылдын I чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 164 272 унция* же 5 109 кг алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 2,92 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Продукция ɵндүрүү жана сатып ɵткɵрүү

2015-жылдын биринчи чейрегинде 164 272 унция* алтын өндүрүлгөн, салыштырмакка өткөн жылдын ушундай мезгилине өндүрүш көлөмү 102 933 унцияны түзгөн. Бул көбөйүү 2015-жылы 2014-жылдын ушул чейрегине салыштырмалуу кайра иштетүүгө курамында алтыны көбүрөөк руда келип түшүп, ылгап алуу пайызы жогору болгондугуна байланыштуу. Чейрек аралыгында фабрикалык кайра иштетүүдө ушул чейректе казып алынган жана 2014-ж. төртүнчү чейрегинде иштетилген 16-иш участогунан топтолгон запастардын рудага бай аралашмасы пайдаланылган. Бул фабриканын тегирмендеринде тетиктерди алмаштыруу боюнча пландуу ремонт иштерин жүргүзүүдөн улам мүмкүн болду. Фабрикага келип түшкөн рудадагы алтындын орточо курамы 5,13 г/т, рудадан металлды ылгоо деңгээли орточо 81% болгон (салыштыруу үчүн: 2014-ж. ушундай чейректе бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 2,65 г/т жана 76,3%ды түзгөн).

2015-жылдын биринчи чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 169 185 унция, же 5,26 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 205,0  млн. долларды** түздү.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ. 

Продукциянын өздүк наркы жана капиталдык чыгымдар

2015-жылы I чейректе  сатып өткөрүлгөн продукциянын*** бир унциясына* кайра эсептегенде жалпы акчалай чыгымдар КРде алынуучу дүң киреше салыгын кошпогондо 673 долларды түзүп, 2014-ж. ушул чейрегине салыштырмалуу 1 077 доллардан  38%га аз болгон.  Бул азаюу негизги фондуларды колдоого кеткен жалпы чыгымдарды кыскартуу менен байланышып, бирок Кумтөрдөгү инфраструктуралык релокация менен байланышкан өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын*** өсүшү менен ооштурулган.

2015-жылдын биринчи чейрегинде капиталдык чыгымдардын көлөмү негизги фондуларды колдоого капиталдык салымдар*** түрүндө 12,4 млн. доллар (негизинен жабдууларды модификациялоо жана ремонттоо максатында), өнүктүрүүгө капиталдык салымдар*** түрүндө 6,5 млн. доллар –  негизинен инфраструктура объектилерин көчүрүү үчүн жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу үчүн салымдар түрүндө 67,5 млн. долларды (51,7 млн. доллар акча каражатры түрүндө) кошо алганда жалпысынан 86,4 млн. долларды түзгөн.  Салыштыруу үчүн: 2014-жылы ушундай чейректе капиталдык чыгымдар жалпысынан 98,3 млн. долларды түзүп, анын ичинен 8,3 млн. доллар негизги фондуларды колдоого капиталдык салымдар***, 1,9 млн. доллар өнүктүрүүгө капиталдык салымдар*** жана 88,1 млн. доллар кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу үчүн салымдар (62,4 млн. доллар акча каражаттары түрүндө) болгон.

Сатып өткөрүлгөн*** продукциянын бир унциясына кайра эсептегенде негизги фондуларды колдоп турууга жалпы чыгымдар*** КРдеги дүң киреше салыгы эсептелбегенде 2015-ж. биринчи чейрегинде 40%га кыскарып, 634 долларды түздү, өткөн жылдын ушундай мезгилинде 1 058 долларды түзгөн. Бул төмөндөө негизинен алтын сатып өткөрүүнүн көлөмү көбөйүп, эксплуатациялык чыгымдардын төмөндөшү жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун азаюусуна байланышкан. Бирок, ал жабдууларды модификациялоо жана ремонттоо максатында негизги фондуларды колдоого капиталдык салымдарды өсүшү менен жарым-жартылай ооштурулган.

“Кумтɵр” долбоору боюнча ɵндүрүштүк кɵрсɵткүчтɵр

1-квартал, 31-мартка карата
2015 2014 Өзгөрүү
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. USD)** 205,0 131,7 56%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын*** өздүк наркы (млн.  USD) 106,7 95,1 12%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын*** өздүк наркы (унциясына USD) 631 933 32%
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 41 731 50 762 (18%)
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 1 339 143 836%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна) 1 175 1 482 (21%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 5,13 2,65 94%
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) 81,0 76,2 6%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)* 164 272 102 933 60%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 5 109 3 202 60%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)* 169 185 101 915 66%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг  менен) 5 262 3 169 66%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы*** (унциясына USD) 1 212 1 292 (6%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)*** (млн. USD) 12,4 8,3 49%
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)*** (млн. USD) 6,5 1,9 242%
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)*** (млн. USD) 67,5 88,1 (23%)
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор*** (унциясына USD) 254 361 (30%)
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор***(унциясына USD) 634 1 058 (40%)
Бардык жумшоолор*** (унциясына USD) 673 1 077 (38%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен*** (унциясына USD) 842 1 257 (33%)

Маалымат үчүн:

* – троялык унция = 31,10348 грамм

** – Эгерде башкасы кɵрсɵтүлбɵсɵ, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.

*** – «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого жана өнүктүрүүгө) Бухгалтердик эсептин (GAAP) жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрү болуп саналбайт жана «Центерранын» пресс-релизинде «GAAPта колдонулбаган көрсөткүчтөр» бөлүмүндө жана 2015-ж. 19-февралындагы “Жетекчилик тараптан талкуулоо жана анализ” (MD&A) бөлүмүндө каралат.

Кыргыз Республикасынын бюджетине тɵлɵмдɵр жана башка милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КР Социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2,92  миллиард сомду  түздү.

“КУМТӨР” ДОЛБООРУ БОЮНЧА 2014-ЖЫЛДЫН 9 АЙЫНДАГЫ САЛЫК ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР

2015-жылдын 31-мартына карата миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 35 893,58
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 2 761,04
Экологиялык төлөм 310,00
Киреше салыгы 1 320,84
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 5 022,92
Бажы төлөмдөрү 171,36
Резидент эместердин кирешелерине салык 165,10
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 24,48
Жалпысынан 45 669,32
31.03.2015-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 63,8736
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 2 917 063,98

 

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтɵр” долбоору боюнча жаӊы шарттар жɵнүндɵ макулдашууга ылайык, дүӊ кирешеге салыкты жана Ысык-Кɵл областын ɵнүктүрүү фондуна төлөмдү эсептɵɵ үчүн негиз катарында кɵрсɵтүлгɵн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндɵгү акчалай түшүүлɵр саналат.

2015-жылга прогноз

Божомолдор боюнча “Кумтөр” кен ишканасында 2015-жылы өндүрүштүн көлөмү 470 — 520 миң унция алтынды түзөт. 2015-жылга алдын-ала каралган өндүрүштүк тапшырмалар кен иштетүүнүн генералдык планында белгиленген көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кыскартылган, кар.: 2012-ж. 20-декабрындагы “Кумтөр кен ишканасы боюнча техникалык отчетту”. Баарынан мурда бул ал жөнүндө мурда билдирилген блок-моделдин макулдашылбагандыгы, ошондой эле жүк ташууларды финансылоонун артка жылдырылышы жана рудадан алтын ылгоонун стандарттык эмес төмөн деңгээлине да байланышкан. 2015-жылы Кумтөрдө иштер 17-иш участогунда улантылмакчы, ал азыр фабрикалык кайра иштетүүгө кетип жаткан руданын кампалык запастардын төмөнүрөөк мүнөздөмөлөрүнө салыштырмалуу 2015-ж. үчүнчү чейрегинин соңунда рудадагы алтындын жогорураак курамын камсыз кылат. Андан тышкары, бул участокто 2016-ж. үчүнчү чейрегинде алтынга бай руданын жаткан жерине чыгууну камсыздайт.

2015-жылы жалпы капиталдык чыгымдар, кыртыш ачуу иштерин кошпогондо, 75 млн. долларды түзүүгө тийиш. Негизги фондуларды***  модернизациялоого 49 млн. доллар көлөмдөгү чыгымдар ири жүк ташуучу тоо-кен техникалар паркын ири масштабда кайра жабдуу (36 млн. доллар), калдыктарды сактоочу жайдагы дамбанын бийиктигин жогорулатуу боюнча курулуш иштери (7 млн. доллар) жана башка жумшоолор (6 млн. доллар) менен байланышкан. Кумтөрдө өнүктүрүүгө инвестициялар***  2015-жылы 26 млн. доллар көлөмүндө пландалып, KS-13 планына ылайык, карьердин чегин кеңейтүүгө байланыштуу кен ишкананын айрым инфраструктура объектилерин орун которуштурууну (25 млн. доллар) жана сууну сордуруу боюнча иш чараларды (1 млн. доллар) камтыйт. Карьерди иштетүү үчүн кыртыш ачуу иштерине капиталдаштырылган чыгымдардын акчалай курамы 2015-жылы кыртыш ачуу иштерин жүргүзүүгө 234 млн. доллар суммадагы жалпы чыгымдардан 185 млн. доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Чейректик дивиденддер

2015-ж. 30-апреде “Центерра Голд Инк.” компаниянын Директорлор кеңеши ар бир жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө чейректик дивиденд эсептеди. Аталган дивиденд 2015-ж. 5-июнда Торонтодогу биржада 2015-ж. 21-майга карата катталган бардык акционерлерге төлөнмөкчү.

Комментарий

Компаниянын Президенти жана Башкы аткаруучу директору Ян Аткинсон: «Мен өндүрүш көлөмдөрү жана капиталдык жумшоолордун көрсөткүчтөрү боюнча жылдык тапшырмаларды аткарууда белгиленген көрсөткүчтөрүбүзгө чыгып жатканыбыз жөнүндө билдирүүгө кубанычтамын. Кумтөрдө биринчи чейректин өндүрүштүк тапшырмасы ийгиликтүү аткарылды жана натыйжалары 164 272 унция алтын өндүрүү менен эсептелген күтүүлөрдөн аштып. Кыргыз Республикасында компания Кумтөр долбоорунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык маселелерди чечүү багытында иштөөсүн улантууда. Аларды чечүүнүн бардык варианты “Центерранын” бардык акционерлерине карата адилет болууга жана Кыргыз Республикасынын жана Канаданын мыйзамдарына жооп берген укуктук жана нормативдик талаптарга ылайык келүүгө тийиш» деп билдирди.

* * *

“Кумтɵр” кени Борбордук Азияда, Кыргыз Республикасында жайгашкан батыш компаниясы башкарган эӊ ири алтын кен ишкана. 1997-жылдын май айында ɵндүрүш иши башталгандан 2014-жылдын 30-сентябрына чейин “Кумтɵрдɵ” жалпысынан 10,3 млн. унция же 311 тонна алтын  ɵндүрүлгɵн.

“Кумтɵр Голд Компани” ишканасы “Кумтɵр” долбоорунун оператору жана бүтүндɵй ɵндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчиликтүү.

Centerra Gold Inc. (“Центерра”) түндүк америкалык Борбор Азиядагы эң ири алтын өндүргөн батыш компаниясы. Компания Борбор Азия, мурдагы Советтер Союзу жана башка ɵлкɵлɵрдɵ алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо менен алектенет. “Центерра” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлɵт. Компания Канадада Онтарио аймагынын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эӊ ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциянын (33% тегереги) кармоочусу. 2014-жылдын 17-ноябрына карата Кыргызстан акцияларынын үлүшү 336 миллион долларды түздү.

Азыркы учурда “Центерра” Кыргыз Республикасында жана Монголияда аракеттеги эки алтын кен ишканага ээлик кылат. Мындан тышкары, Компания Монголияда “Гаатсурт” долбоорун иштетүү укугуна, Түркияда “Оксут Голд” долбооруна ээ жана Монголияда, Түркияда жана Батыш Канадада перспективалуу объектилерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгɵ үлүштүк катышка ээ.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат менен 2015-жылдын I чейректеги жыйынтыктары боюнча толук пресс-релиз SEDAR www.sedar.com  сайтында жана компаниянын www.centerragold.com  сайтында жайгашкан. КГК жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.