«Кумтөр Голд Компани» жана «Бир Айыл Бир Өндүрүм» Ассоциациясы Жети-Өгүз районунда ишкана ачылганын билдирет

«Кумтөр Голд Компани» жана «Бир Айыл Бир Өндүрүм» Ассоциациясы Жети-Өгүз районунда ишкана ачылганын билдирет

Жарыяланган: 02 May 2018

2018-жылдын 20-апрелинде Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында кийиз буюмд өндүрүүчү ишкананын салтанаттуу ачылышы болду. Ишкана, «Кумтөр Гол Компанинин» ЖАК (КГК) каржылоосу менен жергиликтүү коомчулукту активдештирүү боюнча «Бир Айыл – Бир Өндүрүм» (БАБӨ) Ассоциациясы менен биргелешкен долбоордун алкагында аракетке киргизилди.
КГК бөлүп берген каражатка жаңы ишкананы калыбына келтирүү, капиталдык оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик органдары кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтүшүп, эски мектептин имаратынан, акысыз негизде бөлмө бөлүп берди.

Жети-Өгүз районундагы ишкананын ачылышы, жергиликтүү коомчулуктун активдешүүсүндө биринчи кадам жана чакан бизнестин өнүгүүсүндө салымын болуп, жумуш орундарын түзөт. Ишканада, жакын жайгашкан айылдардан 70 аялдан турган он жамааттын мүчөлөрү иштемекчи. Жети –Өгүздөгү ишкана кургак жана суу ийлөө ыкмасында, жүндөн буюмдарды өндүрүүгө арналат.
Жергиликтүү ишмекерлер – «Бир Айыл – Бир Өндүрүм» Ассоциация мүчөлөрүнүн даярдап чыгарганын «Ысык-көл Бренд» дүкөндөрүндө, Газпромдун унаага май куюу станцияларында, Каракол жана Бишкек шаарларында, Кыргызстандын баардык конок үйлөрүндө, мейманканаларында жана кофейняларында жеткиликтүү. Соода түйүндөрүнүн жалпы саны 30 га жакын. Андан тышкары, Асоциация чыгарган кийиз буюмдар Япония, Америка жана Европага экспорттолот. Жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү өндүрүлгөн көлөмгө жараша, орточо эсеп менен 10 000-18 000 сом иштеп табышат.
«Ассоциация менен кызматтыштыктын жемиштүү жылдарындагы биргелешкен аракеттер менен биз көптөгөн жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү жумуш орундары менен камсыз кылдык. Биз, компания өзүнүн операциялык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн облуста ишкерлердин өнүгүүсүн колдоого кубанычтабыз. Ушул сыяктуу туруктуу демилгелерге колдоо көрсөтүү- компаниянын социалдык инвестициясынын маанилүү багыттарынын бири», -деп белгиледи, КГКнын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров.
«Бүгүн биз, «Кумтөр» менен кызматташуу алкагында төртүнчү цехти ачтык. Белгилей кетсем, бул сыяктуу цехтердин ачылышы чыгарылган өндүрүмдүн сапатынын жакшыруусуна түзмө-түз таасирин тийгизет. Биз ар дайым чет өлкө рыногунда суроо-талап жаратуучу, атаандаштыкка жарамдуу, жогору сапаттагы өндүрүм чыгарууг аракеттенебиз. «Кумтөр Голд Компаниге» каржылык колдоо көрсөткөндүгү жана «Бир Айыл Бир-Өндүрүмдү» ишке ашырууда техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Жапон Эл Аралык Кызматташтык Агенттигине (JIKA) чоң ыраазычылык билдиребиз»,- деп белгиледи, БАБӨ Бирикмесинин төрагасы, Темирлан Батырканов.

КГК менен Бирикменин кызматташтыгы 2013-жылы башталган. КГК менен БАБӨнүн биргелешкен долбоору алкагында Тоң районунун Шор-Булак жана Ак-Сай айылдарында цехтер ачылган. Бул жылы Тоң районунун Кара-Коо айылында дагы бир цех ачылды. Ошондой эле, биргилешкен долбоордун алкагында жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштүк көндүрүмдөрүн жакшыртуу, маркетингдин негиздери жана каржылык эсеп менен жүгүртүүчү капиталды башкаруунун негиздери боюнча тренингдер өткөрүлгөн. Долбоор эки райондун 20 айылынан 800 адамды жана 78 жергиликтүү жамаатты камтыган.
Маалымат үчүн: «Бир Айыл-Бир Өндүрүм» Бирикмеси БАБӨ 2011-жылы Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өндүрүүчүлөрү менен, JIKAнын «Бир Айыл-Бир Өндүрүм» ыкмасы аркылуу кичи бизнести өркүндөтүү жолу менен жергиликтүү коомчулуктарды активдештирүү” долбоорунун алкагында уюшулган. Бирикменин баардык өндүрүмү «Ысык-Көл Бренд» соода маркасы астында даярдалат. Бирикме чакан түзүмдөрдүн деңгээлиндеги,жергиликтүү ресурстардан өндүрүмдөрдү өндүргөн, кичи бизнестин ийгилигинин үлгүсү болуп саналат. Бирикмеде 2200 (220 жергиликтүү коомчулуктун) мүчөлөрү катталган жана анын көпчүлүгү аялдар.