МАЙДЫ АНАЛИЗДӨӨ ИНЖЕНЕРИ

МАЙДЫ АНАЛИЗДӨӨ ИНЖЕНЕРИ

Жарыяланган: 13 April 2022

Жабык

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Майды анализдөө инженери (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-116

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Аныкталган майлоо иш-аракеттердин программаларын колдонот жана ишке ашырат, текшерүүлөрдү жүргүзөт;
  • Натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнө, тактап айтканда, майлоочу майдын керектөөнүн кыскарышына байкоо жүргүзөт;
  • Колдонулган майлардын анализинин натыйжалары боюнча майлоочу майлардын абалынын негизинде тейлөө боюнча сунуштарды берет.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • “Инженер-механик” же “химия инженериясы” адистиги боюнча жогорку техникалык билим;
  • Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Технологиялык жабдуулардын техникалык тейлөөсү боюнча мыкты көндүмдөрү;
  • «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүк.
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • “Microsoft Office” программаларынын ишенимдүү колдонуучусу;
  • Бийик тоолуу аймактарда ишке жарамдуу болуу;

Анкета жана резюмени 2022-жыл 27-апрель саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-116.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.