«Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2016-жыл 15-июндагы расмий комментарийи

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2016-жыл 15-июндагы расмий комментарийи

Жарыяланган: 16 June 2016

2016-жылдын 13-июнунда бир катар ЖМКларда “Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК президентин соттордун өкүмүн аткарбаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну пландап жатат» деген маалымат чыккан.

Ал Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма-сөз кызматына шилтеме менен билдирүүдө, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК жетекчиси Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун 2015-жыл, 23-марттагы Чечимин аткарууга милдеттүү жана мамлекеттик эмгек инспекторунун корутундусуна ылайык Кумтөрдүн мурдакы кызматкери менен болгон окуянын шарттары жана себептери тууралуу Н-1 формасындагы Акт түзүүгө тийиш.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы талап кылгандай, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК мамлекеттик эмгек инспекторунун корутундусунун негизинде Кумтөрдүн мурдакы кызматкери ооруп калган учур боюнча Н-1 формасындагы Актыны түзгөн. 2016-жылдын 27-майында КГК президенти Актыны бекиткен. Актынын көчүрмөсү ЭТКМИге жиберилген.

Ошентип, КГК Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун 2015-жыл, 23-марттагы Чечимин аткарган.