Ак илбирс үчүн коридор уюштуруу боюнча эч кандай расмий кат «Кумтөр» компаниясына түшкөн эмес

Ак илбирс үчүн коридор уюштуруу боюнча эч кандай расмий кат «Кумтөр» компаниясына түшкөн эмес

Жарыяланган: 13 March 2013

6-мартта маалымат агенттиктеринин биринин веб-сайтында билдирүү жарыяланган, анда Германиянын Жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо союзунун (NABU) Орто Азия программаларынын директору Борис Тихомиров жасаган делген айрым билдирүүлөр жарыяланган. Бирок, аларда келтирилген фактылар чындыкка дал келбейт, ал жаратылыш коргоо уюмунун Кыргыз Республикасында көптөгөн жылдардан бери жүзөгө ашырылып келе жаткан программаларына карама-каршы турат, ошондой эле «Кумтөр» алтын казып алуучу компаниянын ишмердүүлүгүн жана курчап турган чөйрөгө таасирин туура эмес өңүттө көрсөтөт. Ушуга байланыштуу «Кумтөр» компаниясы төмөнкү бир катар фактыларга көңүл бурат:

1. «Кумтөр» компаниясы мурда бул иштерге Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинен уруксаттар алынган болсо да, Коенду лицензиялык аянтында эч кандай геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн жок. Бул аянт Сарычат-Эрташ коругунун юридикалык белгиленген чектеринен тышкары жайгашкан. «Кумтөр» компаниясы бул жердеги геологиялык чалгындоо иштерин 2012-жылдын ортосунда эле токтоткон.

2. Уюмдун расмий веб-сайтында NABUнун ак илбирс үчүн коркунучтарга карата позициясы төмөнкүдөй аныкталган: «Ак илбирс ага жүргүзүлүп жаткан аңчылыктан, уланып жаткан браконьерлик ишмердүүлүктөн жана анын терилерин жана сөөктөрүн мыйзамсыз соодалоодон улам жок болуп кетүү коркунучу астында турат». Дал мына ошондон улам NABU, башка жаратылыш коргоо уюмдары сыяктуу эле, жаныбарлардын жоголуп бара жаткан түрлөрүнө мыйзамсыз аңчылык жана соодалоо менен күрөшүү боюнча ири программаларды финансылоо жана жүзөгө ашыруу менен алектенет. Мына ошондуктан биздин компаниянын дарегине айыптоолор жана NABUнун өкүлүнүн “ак илбирс үчүн негизги коркунуч болуп браконьерлер саналбайт” деп айтуусу өтө таң калыштуу көрүнөт.

3. NABUнун өкүлдөрү «Кумтөр» 2012-жылдын октябрында уюштурган биологиялык ар түрдүүлүк боюнча семинарга катышышкан. Бул семинардын ишине алдыңкы кыргыз эксперттери, экологиялык ӨЭУлардын, мамлекеттик мекемелердин жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышышты, алар региондогу биологиялык ар түрдүүлүк үчүн коркунучтарга жана аларды жоюуга байланышкан проблемалардын топтомун талкуулашты. Сарычат-Эрташ коругунун директорунун орун басары Александр Верещагин жана семинардын башка катышуучулары ак илбирс «Кумтөр» өзүнүн өндүрүштүк ишмердүүлүгүнө киришкенге чейин браконьерлер тарабынан дээрлик толук жок кылынгандыгын баса белгилешти. Ошол эле учурда, алардын баары ак илбирстин жана аркар сыяктуу аңчылыктын башкы объектилеринен саны «Кумтөрдө» өндүрүш башталгандан кийин олуттуу өскөндүгүн да баса белгилешкен.
Бул бир жагынан финансылоонун кошумча булагы келип чыккандыгы жана «Кумтөр» жана башка уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан ӨЭУлар тараптан мониторингди камсыз кылуу максаттарында ишмердүүлүк, экологиялык иш чараларды жүргүзүү жана жаратылышты коргоо потенциалын түзүү боюнча программалар жүзөгө ашырыла башталгандыгы менен да түшүндүрүлөт. Бул тармактагы жетишилген оң натыйжаларды [адистер] «Кумтөрдүн» өзүнүн региондо болушу жана ал тараптан бүтүндөй концессиялык территориянын чектеринде аңчылыкка толук тыюу киргизүүсү менен байланыштырышат. Мунун баары NABUнун «Кумтөрдүн» болушу же анын ишмердүүлүгү ак илбирстин жана башка түрлөрдүн башынын “жок кылынышына” кандайдыр-бир түрдө өбөлгө түзө ала тургандыгы жөнүндө билдирүүлөрүнүн эч кандай негизи жок экендигин жана чындыкка төп келбей тургандыгын билдирет.

«Кумтөр» биздин корпоративдүү сайтта жарыяланган Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча стратегия жана пландан келип чыккандай, илимий негизделген, комплекстүү жана максатка багытталган экологиялык программаларга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө бекем ниеттенет, аны менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот:

Биздин бул маселедеги бекем позициябыз жаратылышты коргоочу “Фауна жана Флора Интернешнл” (FFI) уюму менен 2012-жылдын ноябрында кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум менен да тастыкталат. Бул Меморандум Сарычат-Эрташ коругунда да, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Тянь-Шанда да биологиялык ар түрдүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташууну жүзөгө ашыруу үчүн негиз түзөт. Анда программаларга, анын ичинде ак илбирсти сактап калууну камсыз кылууга багытталгандарга да колдоо көрсөтүү каралат.

Акыркысы, NABUдан Сарычат-Эрташ коругунда ак илбирс үчүн коридор уюштуруу боюнча эч кандай расмий каттар «Кумтөрдүн» жетекчилигине келип түшкөн эмес.