Нью-Йорк шаарынын соту “Центерра” компаниясын четке кагып жана Кыргыз Республикасына санкцияларды жана айыптарды салуудан баш тарткан

Нью-Йорк шаарынын соту “Центерра” компаниясын четке кагып жана Кыргыз Республикасына санкцияларды жана айыптарды салуудан баш тарткан

Жарыяланган: 16 September 2021

2021-жылдын 15-сентябрында Нью-Йорк шаарындагы сотто “Центерра” компаниясынын өтүнүчтөрү каралды, анын ичинде күнүнө 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө Кыргыз Республикасына санкция салуу тууралуу доо арызы да бар.

Сот Кыргыз Республикасына санкцияларды салуу тууралуу “Центерранын” аргументтери менен доо арызын кийинки негиздер боюнча четке какты, анткени бул соттун юрисдикциясына апелляцияны кароо алкагында  кыргыз тарап каршы чыгып талашып жатат, жана ошондой эле сот Кыргыз Республикасынын үстүнөн тастыкталган персоналдык юрисдикцияга ээ эмес, жана азыркы учурда буга чейинки билдирилген иш-аракеттер соттун мурдагы “автоматтык токтотуп туруу” жөнүндө  буйругун бузбайт.

Санкция салуу тууралуу доо арыз боюнча Кыргыз Республикасынын бир да иш-аракеттери автоматтык токтоп турууну бузбайт экенин сот токтом кылды, анткени убактылуу тышкы башкарууну узартуу бул статус-квонун уландысы болгон, ал эми мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан документтерди сурашы иштин маңызы боюнча чечимдер болгон эмес, ал эми кылмыш-жаза иштери тийиштүү чыгаруулардын катарына кирет, жана макулдашуулардын денонсациясы мүмкүн деп айтылган билдирүүлөр азырынча буга чейин Нью-Йорк шаарынын соту чыгарган автоматтык токтоп туруу өкүмүн реалдуу практикалык түрдө бузуп ишке ашырыла элек.