“Кумтөр” кенинин №20 жумушчу аймагында тоо-кен иштери кайра жандандырылды

“Кумтөр” кенинин №20 жумушчу аймагында тоо-кен иштери кайра жандандырылды

Жарыяланган: 13 July 2022

“Кумтөр” кенинин №20 жумушчу аймагында кен казуу иштери жандандырылды. Эске салсак, 2022-жылдын май айында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) геотехникалык кызматы №20 жумушчу аймагында карьердин капталындагы жылыштарды байкаган. Адамдардын жана техниканын коопсуздугу үчүн бул аймактагы тоо-кен иштери убактылуу токтотулган, ошол эле убакта “Кумтөр” кениндеги бардык кызматтардын иштери адаттагы тартипте уланган. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен жылыштардын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча КГКга №20 жумушчу аймакта иштин коопсуз уланышын камсыз кылуу максатында коргонуу иш-чараларын жүргүзүү жана деформация аймагынын туруктуулугун комплекстүү түрдө баалоо үчүн жергиликтүү жана чет элдик илимий изилдөө уюмдарын тартуу боюнча сунуштар берилген. Консалтингдик уюмдар берген сунуштардын негизинде КГК  №20 жумушчу аймагындагы ишти жандандыруу жана иштетүү боюнча атайын коопсуздук чараларын иштеп чыкты. Деформацияда жайгашкан мониторинг жерлериндеги кыймылдын ылдамдыгы турукташкан соң, бардык коопсуздук чаралары көрүлгөндөн кийин тилкедеги убактылуу токтотулган иштер жанданды.

“Кумтөр” кени жумушчулардын коопсуз эмгек шарттарын жана жабдууларды эксплуатациялоону ишенимдүү камсыздоо үчүн тектирлердин жылышына жана карьердин капталдарынын кыймылына мониторинг жүргүзүүчү жана көзөмөлдөөчү комплекстүү система менен жабдылган. Ошондой эле КГК карьердин капталдарынын туруктуулугун көзөмөлдөө системасын олуттуу түрдө күчтөндүрдү. Компанияда  италиялык IDS Georadar компаниясынан жаңы муундагы эки радарды иштеп жатат. Алар ишке киргизилген жана карьердин тектирлерин, капталдарын, ошондой эле бош тектердин туруктуулугун үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турат. Приборлордон алынган маалыматтар ишти пландаштырууда талдоо жүргүзүү жана капыстан жүрүп кетчү жылыштардын, көчкүлөрдүн алдын алуу үчүн зарыл.

Дал ушул мониторингдин радардык системасы аркылуу май айынын орто ченинде “Борбордук” тилкесинин Чыгыш капталдарындагы кыймылдын ылдамдыгынын өзгөрүшүн алдын ала байкап, ыкчам чара көрүү мүмкүн болгон. Эми аталган система дагы эки радар менен толукталды.