28.02.2021: 9.69 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 750 023 112 USD

Ысык-Көлдө Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин (КТАД) Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү

Жарыяланган: 17 June 2011

Ысык-Көлдө Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин (КТАД) Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү

2011-жылдын 13үнөн 16-июнуна чейин Чолпон-Ата шаарында Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин “Валидациядан кийин: КТАДдын болочогуна көз жүгүртүү менен” деген аталыштагы Экинчи Эл аралык конференциясы болуп өттү.

Конференцияга Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Монголиянын, Тажикстандын өкүлдөрү катышышты. Үч күн аралыгында катышуучулар тажырыйба алмашышты жана алар туш келип жаткан тоскоолдуктар жөнүндө айтышты. Конференциянын меймандары алардын КТАД чөйрөсүндөгү мыйзамдары кыргызстандык мыйзамдардай өркүндөтүлбөгөндүгүн моюнга алышты. Чыгып сүйлөгөндөр ачыктык – бул жакшы нерсе экендиги боюнча бир пикирде болушту.

– Ачыктыктан улам тоо кен ишканалары жарандык коом жана мамлекеттик органдар менен диалогду жолго кое алышты. Жергиликтүү жамаат жана калк ишканалар экономиканын өнүгүшүнө кандай салым кошуп жатышканын билиши керек. Бул биз үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу, – деп эсептейт «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкмөт жана коомчулук менен байланыштар боюнча вице-президенти Андрей Сазанов. – Биз бул демилгени Кыргызстанда жүзөгө ашыруунун башаттарында турдук, биринчилерден болуп КОКтун ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын жарыялоого кириштик. Компания КТАДга кошулгандан баштап эле ачык болуп калды, мурда келип чыгуучу бир катар маселелерди дароо эле алып салууга мүмкүн болду. Ачыктык демилгесин сөзсүз өнүктүрүү керек. Болочокто, компаниялар сыяктуу эле, жергиликтүү бийликтер алар алышкан акчаларды кантип жумшап жатышканын түшүндүрүү менен калктын астында отчет бериши керек.

Эл аралык конференциянын жыйынтыктары боюнча катышуучулар аны менен элдердин жыргалчылыгынын урматына кен казып алуучу тармактардын көбүрөөк ачыктыгына жетишүү үчүн КТАДдын принциптерине берилгендигин жана туруктуу прогресске өбөлгө түзүү үчүн ниетин тастыктоо менен резолюция кабыл алышты.

МААЛЫМАТ: Кен казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгеси (КТАД) 2002-жылы Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр тарабынан жарыяланган жана коомдук уюмдардын компаниялар тарабынан өздөрүнүн төлөмдөрү жана кирешелери жөнүндө бардык маалыматтарды ачык жарыялоосу үчүн кыймыл болуп калды. Бүгүн КТАДды киргизип жолдогон өлкөлөрдүн тизмесинде 35 мамлекет бар. Кыргызстан ачыктык демилгесине 2004-жылы кошулду. Азыр «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» мисалына 47 кыргыз компаниясы кошулду – негизинен тоо-кен жана бир нефтегаз ишканасы. 2011-жылдын мартында КТАДдын Эл аралык башкармалыгы Парижде Кыргызстанга КТАДга кошулган өлкө статусун берүү чечимин кабыл алды. Негизги экзамен – валидация – ийгиликтүү өтүлдү. «Валидация» термини мамлекеттин эл аралык стандарттарга ылайык КТАДды киргизүүгө даярдыгын баалоону билдирет.

Предыдущая публикация2011-жылдын 11-июнунда Тосор айылында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” колдоосу менен уландар арасында дзюдо боюнча республикалык турнир болуп өттү. Следующая публикацияДепутаттык жумушчу топ «Кумтөр» кен ишканасында болду
28.02.2021: 9.69 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 750 023 112 USD
© 2011-2021 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.