Ысык-Көлдүн жээгинде Биринчи республикалык экологиялык лагерь болуп өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде Биринчи республикалык экологиялык лагерь болуп өттү

Жарыяланган: 29 August 2012

Ысык-Көлдүн жээгинде Биринчи республикалык экологиялык лагерь болуп өттү 20-августтан 26-августка чейин Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын финансылык колдоосу астында Биринчи республикалык «Green Land» жаштардын эко-билим берүүчүлүк лагери болуп өттү. Иш чаранын уюштуруучусу – Жаштар демилгелерин колдоо фонду.

Уландар менен кыздар экологиялык проблемаларды чечүү жолдорун табуу жана курчап турган чөйрөнү коргоо проблемалары боюнча билим алмашуу үчүн чогулушту. Республиканын ар бир областынан делегациялар жөнөтүлгөн, алардын курамына студенттер, мектеп окуучулары, блоггерлер, волонтерлор, ошондой эле экология чөйрөсүндө иштешкен жаштардын коомдук бирикмелеринин лидерлери жана активисттери киришкен.

Иш чаранын катышуучулары үчүн экология, волонтердук, лидерлик, жашоонун сергек образы, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү маселелери боюнча атайын бир катар билим берүү семинарлары уюштурулган. Активисттерге жаратылышты пайдалануу жана экологиялык коопсуздук тармагында долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Билим берүү лагеринин алкактарында яхта менен сейилдөө, экология темасына фильмдер жана видео-роликтердин бет ачарлары уюштурулган. Ошондой эле ар бир катышуучу жаратылышты коргоого өз салымын кошо алды – балдар пансионаттын жээгин тартипке келтиришти, андан тышкары дайвингисттердин жардамы менен көл түбүн таштандылардан тазалашты.

Иш чаралардын акырында катышуучуларды топторго бөлүштү, аларда катышуучулар курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча өз долбоорлорун көрсөтүштү. Жалпы долбоорлордон жюри 4 долбоорду бөлүп алды, алар Жаштар демилгелерин колдоо фондусунун финансылык колдоосу менен жүзөгө ашырылмакчы.

Биринчи республикалык экологиялык лагердин өнөктөштөрү төмөнкүлөр болушту:
– Кызыл Жарым айдын жаштар кыймылы;
– «БИОМ» экологиялык кыймылы;
– Кыргызстандын жаштар экологиялык тармагы;
– «ТУК» жөө туризм союзу;
– «Жаратман» республикалык студенттик кыймылы;
– Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлиги;
– «Мурас» жаштар канаты;
– AIESEC Кыргызстан;
– «Green Land» КБсы;
– «Эреп» ассоциациясы;
– «Мен –бийчимин» долбоору;
– FLEX ACCELS;
– «GRUNDFOS» компаниясы;
– Кыргыз Республикасынын Парус спорту федерациясы.