Жаңы кеңсеге көчүү – жумушчуларга ыңгайлуу жана коопсуз иш шарттарын түзүү зарылчылыгы

Жаңы кеңсеге көчүү – жумушчуларга ыңгайлуу жана коопсуз иш шарттарын түзүү зарылчылыгы

Жарыяланган: 16 June 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК өткөн кылымдын 80-жылдары эле тургузулган “Учкундун” имаратындагы кеңсе үчүн ижарага 27 миң доллар төлөп келген. Башкача айтканда, лифттери улам иштебей, электр жарыгы менен жылытуу дайыма үзгүлтүккө учурап, желдетүү системасы начар жүргүзүлгөн имарат компанияга айына 2 миллион сомдон ашык чыгым алып келип турган.

Мындан сырткары курамына 32 ири долбоор кирген “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинги” ААК толук кандуу иштеп баштады. Бүгүнкү күндө эки ишканада жалпысынан 500гө жакын адам иштеп жатат. Жаңы кеңсеге көчүү кызматкерлерди ыңгайлуу жана коопсуз иш шарттары менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон.

Биринчиден, “Кумтөр” Кыргызстандын бюджетин түзүүчү ири ишкана жана анын кызматкерлери эртең мененки саат 8ден кечке чейин, көп убакта эс алуу күндөрү да иштеп келет.  Албетте алар ылайыктуу шарттарда иштөөгө толук укуктуу.

Экинчиден, ижара акысы бир эле «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинен төлөнбөйт. Мындай сандагы долбоорлорду камтып турган Холдинг ижара акысынын өзүнө тийиштүү бөлүгүн төлөйт.

Үчүнчүдөн, көп миллиарддаган кирешеси бар өлкөнүн эң ири компаниясы татыктуу кеңседе иштөө менен эл аралык делегациялардын, чет элдик инвесторлордун алдында ыңгайсыз абалда калбагыдай мүмкүнчүлүккө ээ.

Депутат Жеңишбек Токторбаевдин жаңы кеңсенин чарчы метринин баасы 20 доллар деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Анткени ижара боюнча акыркы келишим түзүлө элек, учурда кеңсени эң арзан баада алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ижарага берүүчү менен сүйлөшүүлөрдүн башында чарчы метр үчүн 17 доллар туурасында сөз болгон, бирок арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеген компания саясатчыларды “Кумтөрдүн” арты менен өздөрүнө упай топтобоого жана коомчулукту туура эмес маалымат менен адаштырбоого чакырат.

“Кумтөрдүн” иши – Кыргызстан үчүн алтын казуу. Депутаттардын иши – элдин кызыкчылыгы үчүн татыктуу мыйзамдарды жазуу.

 

Маалымат: “Кумтор Голд Компани” ЖАК жана “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинги  коммерциялык чарба субъектилери болуп саналат, демек отчетту директорлор кеңешинин алдында бериши керек. Ошондой эле  тийиштүү деңгээлдеги  коопсуздук менен камсыздалган татыктуу кеңсеге жайгашууга милдеттүү. Бул “Манас” Эл аралык аба майданы, “Кыргызалтын” ААК, “Альфа Телеком” ЖАК (MegaCom соода маркасы) жана башкаларга да таандык.