Ысык-Көл областынын жаштары өздөрүнүн идеясын ишке ашырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат

Ысык-Көл областынын жаштары өздөрүнүн идеясын ишке ашырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат

Жарыяланган: 18 February 2013

Ысык-Көл областынын жаштары өздөрүнүн  идеясын ишке ашырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышатЫсык-көлдүк жаш тургандарга «Ысык-Көл областынын жаштар банкы» долбооруна активдүү катышуу менен жергиликтүү коомдоштуктарды өнүктүрүүгө багытталган өздөрүнүн идеясын ишке ашырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат. Жаш адамга сунуш кылынган демилге «Жаштар банкы» тармагы аркылуу колдоого алынат, аны Ысык-Көл областынын алты калктуу конуштарында: Караколдо, Балыкчыда, Бөкөнбаевде, Тамгада, Түптө жана Кызыл-Сууда түзүү пландаштырылып жатат.

Алты «Жаштар банкы» түзүү жана иштетүү «Кумтор Оперейтинг Компани» компаниясынын колдоосунан улам мүмкүн болууда. Компания долбоорду Ысык-Көл областынын туруктуу өнүгүүсүн алдыга жылдыруу үчүн инновациялык мүмкүнчүлүк катары кароодо, ошондой эле долбоор жаш адамга жана жергиликтүү тургундардын баарына чын-чыныда пайда алып келет.

«Жаштар банкын»-бул акчанын банкы эмес, ал жаш адамдардын идеяларынын банкы. Ал коомдоштуктарды өнүктүрүү боюнча демилгелерди иштеп чыгууга жана башкарууга тартат. 8-10 ыктыярдуудан турган ар бир «Жаштар банкы» чакан гаранттарды берүү боюнча жергиликтүү комитеттерден турат.

«Жаштар банкынын» мүчөлөрү жергиликтүү керектөөлөрдү аныктайт, башка жаш адамдан келип түшкөн өтүнүчтөрдү карайт, артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алат жана каржылайт. Конкурска катышуу жана өтүнүчтөрүн берүү үчүн жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча идеялары бар, 14-25 жаш курактагы адамдардын баары чакырылыт. Демилгелерге, маселен, инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү, жаңы жумушчу орундарын түзүү жана ага окутуу, ошондой эле маданий, спорттук жана башка элдик иш чаралар боюнча сунуштарды кошсо болот.
«Жаштар банкы» жаштардын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында түзүлөт жана жарандык активдүүлүк жана жеке жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктарды өнүктүрүүнү көздөйт. Жаш адам окуу жана практикалык иштер аркылуу билимге, көндүмгө жана тажрыйбага ээ болушат. Мындан тышкары, жаштар чакан гранттарды берүү боюнча чечим кабыл алуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«Жаштар банкы» өзүнүн натыйжылуу жана ийгиликтүү экендигин далилдөөгө жетише алды. Биринчи жолу бул концепция 1999-жылы Түндүк Ирландияда ишке ашырылган, андан кийин ар түрдүү формаларда бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Чыгыш Европада, Түштүк Кавказда жана Борбордук Азияда колдонулган.
2010-жылдын мартынан 2012-жылдын майына чейин Борбордук Азиянын Евразия Фонду (БАЕФ) бул форматты Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын жерлерде чачкын жашап турушкан жаш адамдарды бириктүрүү үчүн уюштурулган.

«Жаш адам идеяларды кантип жыйноо керек экендигин, өздөрүнүн курбалдаштарын «Жаштар банкынын» ишине кантип тартарын билишет. Бирок жалгыз жүрүп, анчалык көп акча менен эмес, көп нерсени жасоого боло тургандыгын билүү андан да маанилүү» – дейт мурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын жерлеринде иштеген, «Жаштар банкынын» мүчөлөрүнүн бири Тахмина Шерматова.

«Ысык-Көл областынын жаштар банкынын» азыркы долбоору эки жылга эсептелинген. 2013-жылдын март-апрелинде ФЕЦА «Жаштар банкын» түзүүдө жаштарды колдоо үчүн Ысык-Көл областында бир катар окутуу семинарларын өткөрүүнү баштайт.
_____________________________________________________________________
Борбордук Азиядагы  Евразия ФондуБорбордук Азиядагы Евразия Фонду жөнүндө маалыматты www.ef-ca.kg вебсайтынан алса болот.
Кошумча маалымат үчүн төмөндөгү байланаштар боюнча адиске кайрылса болот:
Тел.: (312) 56-11-63,(кош.123)
факс: (312) 57-70-73

«Кумтор Голд Компани» жөнүндө маалымат корпоративдик сайтта жеткиликтүү: www.kumtor.kg
Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар
Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08;
факс: (312) 90-07-28