Жарыяланган: 05 February 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 06-февралы, саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча)
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди техникалык тапшырмаларга ылайык котировкаларды сурап алуу ыкмасы менен мобилдик телефондорду жеткирүү үчүн конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Катышуу арызы жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр басылып, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюучу тараптын ыйгарым укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин тастыкталган көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарга ылайык орус же англис тилдеринде катышуу үчүн арыз тапшырууда керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө 2026-жылдын 6-февралында Бишкек убактысы боюнча саат саат 17:00гө чейин NurbekE.Musaev@kumtor.kg электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек.
Башка почта аркылуу келген конкурстук сунуштар каралбайт. Сатып алынуучу товарлардын тизмеси бул конкурстук документтерге тиркелген. |
| Катышуу үчүн арыз төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алышы керек:
• Жеткирүү убактысы ∙ Жеткирүү шарттары ∙ Төлөм шарттары – Сапат сертификаты • Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 күндөн кем эмес) |
| Баалоо критерийлери: | Эң төмөн баа, талаптарга толук ылайык жана оптималдуу жеткирүү убактысын сунуштаган сунуш тандоодон өттү деп таанылат. |
| Сунуш 2026-жылдын 6-февралында Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин NurbekE.Musaev@kumtor.kg. дарегине электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек. | |
| Буйрутмачы сунуштардын бирин же баарын кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле Келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенме албастан. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
| Белгиленген мөөнөттөрдөн кийин тандоо катышуучулары тарабынан берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен, Катышуучу компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот. Ар бир Катышуучусу бир гана сунуш бере алат. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунушунун жарактуу мөөнөтү учурунда конкурстук сунуштарга өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт. Эгерде Жеткирүүчү КСти биринчи жолу берип, буга чейин аккредитациядан өткөн эмес болсо, анда катышуучу төмөндө берилген шилтемедеги “Сатып алуу жол-жоболоруна Катышуучулар тарабынан берилүүчү документтер тизмеси” бөлүмүндө көрсөтүлгөн белгилүү бир документтер топтомун тапшырууга тийиш. |
|
| Бул конкурс боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек: NurbekE.Musaev@kumtor.kg | |
| Тандоо шарттарын тактоо үчүн өтүнүчтөр сунушту тапшыруу мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек. | |