Кумтөрдүн иши токтоп калганда Ысык-Көл облусу кантет?

Кумтөрдүн иши токтоп калганда Ысык-Көл облусу кантет?

Жарыяланган: 13 January 2012

ЗАСЕДАНИЕ НАБЛЮДАТЕЛЬНОГО СОВЕТА ФОНДА РАЗВИТИЯ ИССЫК-КУЛЬСКОЙ ОБЛАСТИ ПО ИТОГАМ 2011 ГОДА2011-жылдын аягында Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун губернатору, райондук кеңештин депутаттары, өкмөттүк эмес сектордун, капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин жыйынын өткөрүштү. Анда фонддун 2011-жылдагы иштеринин жыйынтыктарын чыгарышып, 2012-жылга негизги долбоорлорду финансылоону бекитишти. Байкоочу кеңештин ишине «Кумтөр Оперейтинг Компанинин», коомчулуктун өкүлдөрү жана журналисттер катышты.

Социалдык долбоорго сарпталган миллиондор

Быйыл Ысык-Көл облусунда Кумтөрдөн түшкөн каражат негизин түзгөн «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан» жалпысынан 636 млн. сомдон ашуун суммага 304 долбоор финансыланган. Каражаттар билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт объектилерин курууга жана ремонттоого багытталган. Финансылык колдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да алышкан. Каражаттар облустук инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө: жолдордун, суу менен жабдуу системаларынын ремонтуна, аймактарды көрктөндүрүүгө, коомдук иш чараларды өткөрүүгө, айыл чарба техникаларын сатып алууга бөлүнгөн. Атап айтканда, фонд тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 2011-жылы облустун 15 социалдык объектисинин капиталдык ремонту жүргүзүлүп, 9 мектеп, 6 спорт зал, 3 фельдшердик-акушердик пункт жана бала бакча курулган.

Чолпон-Атадагы 70 койкалуу оорукана заманбап ремонттон өтүүдө

Чолпон-Ата шаарындагы 70 койкалуу аймактык оорукана 1978-жылы курулуп, ошондон бери ремонт көрө элек экен. Аталган оорукананын башкы врачы Альмира Алдашеванын айтуусу боюнча, имарат кайра жасала элек учурунда авариялык абалга жетип, арийне, жайында аларга кокусунан кайрылып калган чет элдик эс алуучулардын төбө чачын тик тургузуп, нааразы кылган. Албетте курорттук зона деп эсептелген аймак үчүн адам өмүрүнүн сакчылыгында турган имараттын мындай абалга кептелиши өтө кейий турган маселе. Учурда Кумтөрдөн түшкөн каражатка аталган оорукана капиталдык ремонттон өткөрүлүп, заманбап курулуш материалдары менен терезелери алмашылып, кафель төшөлүп, жылуулук системасы жаңыртылып, мал сарайдан айырмасы жок болуп калган оорукана көркүнө келип, ыңгайлуу, жылуу болуп келатат. Келатат дегенибиздин себеби, учурда оорукананын жарымы жасалып бүттү, жарымы февраль айынын аягына чейин акырына чыгат. Себеби андан оорулуулар үзүлбөгөндүктөн ремонт ал жердеги врачтардын ишин үзгүлтүккө учуратпай бир чекесинен жасалууда. Аталган объектинин капиталдык ремонтуна жалпы жонунан 18 млн. сом жумшалган.
Чолпон-Ата районунун акими Нурлан Насирдиновдун айтуусу боюнча, быйыл өздөрүнүн районуна Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондуна Кумтөрдөн түшкөн акчадан 61 млн. 800 миң сом бөлүнгөн. (Каражат фонддон Ысык-Көл облусунда жайгашкан ар бир районго андагы жашап жаткан кишинин санына жараша бөлүнөт). Аким калган акчага аталган аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүн ремонттоо сураларын кошумчалады. Ал эми жаңы ремонттолгон ооруканага жаңы медициналык жабдыктарды Саламаттык сактоо министрлиги, тактап айтканда мамлекет алып беребиз дешкен дейт Чолпон-Ата районунун акими Нурлан Насирдинов. ЗАСЕДАНИЕ НАБЛЮДАТЕЛЬНОГО СОВЕТА ФОНДА РАЗВИТИЯ ИССЫК-КУЛЬСКОЙ ОБЛАСТИ ПО ИТОГАМ 2011 ГОДА

Кумтөрдүн иши токтоп калганда азыр облуста эмне болмогун элестетүү кыйын

Аталган фонддун тарыхына көз чаптырсак, ал 1997-жылдын 10-декабрында түзүлүп, Кумтөр менен 1998-жылдан баштап кызматташып келет. Түшкөн акча каражаттары биртоп ишканаларды, мектептерди курууга, жолдорду оңдоого жумшалат. Албетте, кезинде бул каражаттын каякка кетип атканын карапайым эл билбей келген. Андагы бүткөрүлүп жаткан социалдык долбоорлорго кеткен каражат Кумтөрдүн эсебинен экени айтылбай, атургай эл Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду бар экенин билген эмес. Азыр бул каражат каякка кетип атканын бир тыйынынан бери эсептеп турган Байкоочу кеңеш иштөөдө.
“Эгер єнүктүрүү фонду болбогондо жана Кумтөрдүн иши токтоп калганда азыр облуста эмне болмогун элестетүү кыйын. Өтүп бара жаткан жылы социалдык долбоорлорду колдоого чоң көңүл бөлүндү. Бирок кийинки жылы пайда алып келүүгө жана облустун бюджетин толтурууга жөндөмдүү туруктуу долбоорлорго көп көңүл бөлүү зарыл” деп белгиледи Байкоочу кеңештин жыйынында Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакунов.

Ананьеводогу 24-жылкы оорукана кайра жашарды

Буга чейин Ананьево айылындагы оорукана 1924-жылы курулган имаратта эптеп күн кечирип келген экен. Албетте бул жылы курулган үйлөрдүн азыркы учурда кандай абалда болуп калары айтпаса да түшүнүктүү. Анан калса Ананьево айылындагы оорукананын башкы врачы Курманбек Усуповдун айтканына караганда, ошол 1924-жылы курулган бул имарат андан бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Өмүр сакчылары чалдыбары чыккан, мына-мына көчөйүн деп турган муздак дубалдардын ортосунда жаман жерин жаскап, эскиргенин эптеп аргасыздан иштеп келишкен. Албетте мындай шартта дарылануу деле жакшы натыйжа бербейт. Аталган айылга Кумтөр 26 млн. сом каражат жумшап пайдубалынан баштап заманбап, жаңы оорукана куруп берди. Ал 30 орунга ылайыкташкан.
Заседание наблюдательного совета фонда развития иссык-кульской области по итогам 2011 года
«Бул ооруканага кышында жылуу, жайлуу деп Ананьево айылындагылар эле эмес ушул өрөөндүн башынан аягына чейинки тургундар кайрылышып, энелер ушул ооруканадан төрөгүсү келип, айтор келген кишинин саны көп. Азыр бизде хирургия, терапия, төрөткана, балдар бөлүмдөрү иштеп атат. Жакында япон грантын уттук. Алардан бизге акыркы үлгүдөгү 10 даана медициналык жабдыктар келмек болду. Анын биринчи партиясы келди. Кыскасы, имаратыбыз жаңы болгондон кийин бүт баарысы жаңы болсун деп аракеттенип жатабыз» дейт Ананьево айылындагы оорукананын башкы врачы Курманбек Усупов.

Ананьево айыл округунун башчысы Турдумамбет Сооданбеков аталган оорукана жаңы курулуп эле калбай, анын ичиндеги мебелдер, медициналык жабдыктардын жаңырганын белгилеп, бул үчүн эл облус жетекчилигине, «Кумтөр Оперейтинг компаниясына» ыраазы болуп атканын айтып, эми дагы Кумтөрдүн өкүлүнөн оорукананын толуп калган таштанды суу чогултулган казанагын тазалоого машина сурап атышканын, аны аталган компания карап көрөрүн билдиргенин айтты.

Тоо түбүндө бакыйган маданият үйү жана жаңырган мектептер

Ошондой эле өткөн жылы «Ысык-Көл өнүктүрүү фонду» «Кумтөр Оперейтинг компаниясынан» түшкөн каражатка Ак-Булак айыл өкмөтүндөгү заңгыраган маданият үйүн жана Күрмөнтү айылындагы мектепти капиталдык ремонттон өткөргөн. Ак-Булак айылындагы өзгөчө архитектура менен салынган маданият үйү мындан үч жыл мурун өрттөлүп, катуудан казаны, жумшактан күлү калган экен. Учурда ал тарыхый имарат мурдагы калыбына келтирилип эле жөн калбай, жаңы мебель, аппаратура сатылып алынып, айлана-тегереги короолонуп, жашылдандырылган. Жалпы жонунан бул имаратты калыбына келтирүүгө 5 млн. 800 миң каражат жумшалган. Маданият үйү 380 орундуу.

Мындан сырткары, Күрмөнтүдөгү Ж.Муканбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби да Кумтөр эсебинен 14 млн. сом жумшалып капиталдык ремонттон өткөн. Алтымышынчы жылдары салынган бул мектеп жер титирөөдөн кийин ӨКМ тарабынан 1991-жылы иштен чыкты деп токтотулуп, окуучулар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан даярдалган убактылуу мектепте окуп келишкен. Бирок ӨКМнын бир кабат мектеби тез эле иштен чыгып, кайра баштагы имаратка жер титирөөгө туруштук бере ала тургандай ремонт жасалып, учурда окуучулар мектепте окуп жатышат.
Ал эми Түп районунун Ой-Тал айылында учурда «Кумтөр Оперейтинг компаниясы» тарабынан толукталып турган Өнүктүрүү фондунун эсебинен 320 орундуу заңгыраган чоң мектеп салынууда. Ал имарат буюрса ушул окуу жылында пайдаланууга берилет. Ага 52 миллион сомдон ашык акча каражаты жумшалууда. Аталган айылдагы 1962-жылы курулган мектеп эскирип, өз милдетин өтөп бүтүп калган эле.
Мындан сырткары, аталган курулуш иштери жергиликтүү усталарга да жумуш орун болуп жатат.

Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек АСАНАКУНОВ:

– Мирбек мырза, Кумтөрдөн облустук фонддон жалпы жонунан канча каражат түшөт?
– Өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондуна Кумтөрдөн 10 млн. доллардан ашык акча түшкөн. Ал биздин облус үчүн 500 млн. сом акча каражаты болуп эсептелет. Бул облустун өнүгүшү үчүн «Кумтөр Оперейтинг компаниясынан» берилип жаткан эбегейсиз жардам. Түшкөн каражаттар көбүнчө социалдык объектилерге жумшалууда.

– Мирбек мырза, 500 млн. сом социалдык объектилерге гана жумшалып отурса жыл сайын эле кумга сиңгендей жок болуп, көзгө көрүнбөй калат. Бүгүн капиталдык ремонт жасалса эртең кайра талкаланып дегендей… Негизинен жогорудагы каражат туруктуу долбоорлорго, башкача айтканда бир тыйынды эки тыйын кыла турган тармактарга жумшалса болбойт беле?
– Туура. Кумтөр чексиз эмес. Алардын иши да беш-он жылда бүтүп калышы мүмкүн. Ошондо облус отуруп калбай турган маселелерди ойлонушубуз керек. Азыр бул боюнча иштер жүрүп баштады. Кумтөр кеткенден кийин облустун казынасына жакшы акча түшүрүп бере турган, жумушчу орундарын түзө турган бир өндүрүш салып алсак деп ниеттенебиз. Ал биздин планда турат. Кумтөр менен абдан тыгыз байланышта иштеп атабыз. Алар бизге фондго төлөгөн акчаларынан сырткары конкреттүү долбоорлор болсо жардам беребиз дешүүдө. Мына, мисалы жакында Балыкчы шаарында кридиттик портфели 15 млн. сомду түзгөн микрокредиттик уюм түзүп атабыз. Негизинен мен өзүмдүн жана Ысык-Көл элинин атынан Кумтөргө ыраазычылыгымды айтып кетер элем.

– Бөлүнгөн каражаттар өз максатында эле жумшалабы?
– Учурда Өнүктүрүү фондунда көз карандысыз өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 9 мүчөлүү Байкоочулар кеңеши иштейт. Алар каражаттын каякка жумшалып жатканын тыкыр изилдеп турат.

Зайырбек АЖЫМАТОВ,
«Жаны Агым»