Кумтөрдун кесиптик бирликтери менен жолугушуу

Кумтөрдун кесиптик бирликтери менен жолугушуу

Жарыяланган: 28 May 2021

2021 жылдын май айынын 27 күнү Бишкек шаарында “Кумтөр Голд Компанинин” (“КГК”, “Компания”)  Убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мырзанын демилгеси менен ишканадагы эмгек коллективдин таламдарын коргогон КГКнын кесиптик бирликтери жана КГКнын жетекчилиги ортосунда жолугушуу өттү. Жолугушууда учурдагы жана келечектеги өндүрүштүк иш тууралу, жана ошондой эле Компания жана кесиптик бирликтердин ортосунда социалдык кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ошондой эле Кумтөр кенинин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, жумуш орундарын сактоо, КГКнын кызматкерлери үчүн жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча маселелер талкууланды.

Кесиптик бирликтердин лидерлери Компаниядагы учурдагы иштин абалы жана анын Кумтөр кенинде өндүрүштү коопсуз жана натыйжалуу камсыздоо жаатында кырдаалды турукташтырууга багытталган мындан аркы иш пландары менен таанышып, жумушчулардын укуктарын коргоо чаралары боюнча пикирлер менен бөлүшүштү. КГКнын бардык кесиптик бирликтердеги жумушчулардын өкүлчүлүктүү бир бүтүн органына биригүүсү максатка ылайыктуулугу экени жөнүндө суроолор дагы көтөрүлдү. Бул жумушчуларга бирдей шарттарды түзүп берип, ошондой эле жумушчулардын кызыкчылыгын козгогон маселелер боюнча мындан аркы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Ошол эле учурда, Тенгиз Бөлтүрүк кесиптик бирликтерге кызматкерлердин жашоо сапатын жогорулатуу жана Компаниянын узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнүгүшү үчүн биргелешкен жана конструктивдүү иш-аракеттер үчүн кесиптик бирликтердин аракеттерин биригүүсүн каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында кесиптик бирликтердин төрагалары өндүрүштүк жана эмгек мамилелери жаатында биргелешкен жана координацияланган иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдиришти. Кесиптик бирликтер жакынкы мезгилде эмгек жамааттарында 5 кесиптик бирликтин негизинде бир бүтүн кесиптик бирлик түзүү максатында чогулуштарды өткөрүүсүнө, алар жаңы жетекчилик менен биргеликте ишкананы жаратуучу жана жамааттык эмгектин жаңы сапаттык деңгээлине чыгаруусуна, жана Кыргызстандын башка тоо-кен ишканаларына эл аралык ишкердик стандарттарына шайкеш болгон үлгү ишкана болуусуна ниетин билдиришти.