КОНТРОЛДУК-ӨЛЧӨӨЧҮ ПРИБОРЛОР ЖАНА АППАРАТТАР БОЮНЧА СЛЕСАРЬ

КОНТРОЛДУК-ӨЛЧӨӨЧҮ ПРИБОРЛОР ЖАНА АППАРАТТАР БОЮНЧА СЛЕСАРЬ

Жарыяланган: 01 September 2022

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Контролдук-өлчөөчү приборлор жана аппараттар боюнча слесарь

Билдирүүнүн номери: KGC-22-238 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • АЫФтын жабдууларын жана автоматика системасын техникалык тейлөө жана оӊдоо;
  • Жабдуулардын жана участкалардын пландык инспекцияларын өткөрүү;
  • Үзгүлтүксүз өндүрүштү жана жабдуулардын ишке жарамдуулугун камсыздоо;
  • Инспекция жана техникалык тейлөө натыйжалары боюнча формаларды жана отчетторду толтуруу;
  • Пландык-алдын ала оӊдоо иштерин жана жабдуулардые инспекциясын белгиленген иш графигине ылайык жүргүзүү;
  • Жабдуулардын мөөнөтүнөн мурун бузулуу себептерин аныктоо, аларды алдын алуу жана болтурбоо максатында чараларды көрүү;
  • Татаал электрондук схемалары бар автоматика блокторду, автоматтык жана электрондук аппараттарды, радиоактивдүү шаймандарды оӊдоо, жөндөө, монтаждоо, сыноо, жөнгө келтирүү.

 МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Электроника жана микроэлектроника, Электр станциялары, Электротехника багыттары боюнча жогорку техникалык/атайын орто билим;
  • ПК менен иштей билүү, MS Office программаларын билүү;
  • Англис тилин билүү;
  • «B» категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу, аткаргычтык жана тартиптүүлүк, тыкан болуу, командада иштей билүү;
  • Бийик тоолуу шарттарда жумушка жарамдуу мыкты физикалык формада болуу.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 14-сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-238

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.