МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТТАРДЫ САТЫП АЛУУ ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 17 April 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 29.04.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматтарды сатып алуу тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Юридикалык же экономикалык багыттагы аякталган жогорку билим;
- Компьютер жана кеңсе программалары (MS Office, Excel) менен иштей билүү;
- Сатып алууларды эсепке алуу үчүн корпоративдик программалар жана системалар менен иштөө көндүмдөрү (артыкчылык бирок милдеттүү эмес);
- Жакшы коммуникативдик көндүмдөр жана командада иштей билүү;
- Жоопкерчилик, деталдарга көңүл буруу жана үйрөнүүгө жөндөмдүүлүк;
- Сатып алуулар боюнча стандарттарды жана жол‑жоболорду билүү артыкчылык болуп саналат;
- Стресске туруктуулук жана коммуникабелдүүлүк, чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдап жана алар менен иштей билүү;
- Аналитикалык ой жүгүртүү жана кылдаттык.
Милдеттери:
- Жабдуучулар жана сатып алуу тапшырмалары боюнча маалыматтарды корпоративдик программага жана системаларга киргизүү жана жаңыртуу;
- Товарларды жана кызматтарды сатып алууга өтүнмөлөрдү даярдоого катышуу;
- Компаниянын муктаждыктарына ылайык материалдарды жана кызматтарды сатып алууга өтүнмөлөрдү даярдоо, тариздөө жана жөнөтүү;
- Товарлар жана кызматтар боюнча жеткирүү шарттарын, мөөнөттөрүн жана бааларын тактоо;
- Жабдуучулардан коммерциялык сунуштарды алуу үчүн сурамдарды даярдоо жана алардан алынган сунуштарды талдоо;
- Коммерциялык сурамдарды даярдоодо көмөк көрсөтүү;
- Кабыл алынган сунуштарды талдоо жана салыштырма талдоосунда баалары менен шарттары боюнча отчетторду түзүү;
- Жабдуучулар менен ички колдонуучулардын өз ара байланышын кубаттоо;
- Компаниянын муктаждыктарын камсыз кылуу жана үзгүлтүксүз жеткирүүлөрдү камсыздоо максатында жабдуучулар менен ички колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү координациялоо;
- Келишимдердин шарттарын даярдоого жана макулдашууга катышуу;
- Жабдуучулар менен келишимдерди түзүү процесстерин коштоо;
- Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 29-апрелинде саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.