МАЙЛУУЛУГУ 2,5% БОЛГОН СҮТТҮ ЖАНА МАЙЛУУЛУГУ 20% БОЛГОН КАЙМАКТЫ ТЕТРАПАК ИДИШТЕРИНДЕ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 06 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-июлу, саат 13:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») сиздерди «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн майлуулугу 2,5% болгон сүттү жана майлуулугу 20% болгон каймакты тетрапак идиштеринде жеткирүүгө адистешкен жеткирип берүүчүлөр менен алкактык келишимдерди түзүү максатында алдын ала квалификациялык тандоого катышууга чакырат.
Квалификациялык документтерди тапшырууга коюлган негизги талаптар:
- Документтер PDF форматында берилиши керек.
- Документтер predkvalmilk@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
- Бир электрондук каттын көлөмү 25 МБдан ашпоого тийиш экендигине көңүл буруңуз.
Берилиши керек болгон документтер:
- Окшош товарларды жеткирүү тажрыйбасын тастыктаган акыркы эки жылдагы келишимдердин көчүрмөлөрү;
- Толтурулган сурамжылоонун көчүрмөсү (Чакыруунун №1 Тиркемесиндеги форма боюнча);
- Жеткирип берүүчү тууралуу маалыматтарды ачуу жана өзгөртүү формасы (Чакыруунун №2 Тиркемесиндеги форма боюнча), эгерде катышуучу КГКнын жеткирип берүүчүлөр базасына киргизилбеген болсо;
- Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкаттардын (МСК, Соцфонд) түп нускаларынан сканерленген көчүрмөлөрү;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн/маалымкаттын түп нускасынан сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүк же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү). Мында ишмердүүлүк түрү сатып алуунун предметине ылайык болушу керек;
- Уставдын түп нускасынан сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилгендигин тастыктаган ишеним кат же башка документ;
- Кол коюучунун паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
- Ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн акыркы эки жылдагы бухгалтердик баланстын түп нускасынан сканерленген көчүрмөсү жана ага тиркелген бардык документтер (пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет), ошондой эле БСД (Бирдиктүү салык декларациясы);
- Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жыл ичинде, анын ичинде учурдагы жыл үчүн дагы).
Алкактык келишимдин долбоору Чакыруунун №3 Тиркемесинде тиркелген.
Ушул Чакырууга байланыштуу суроолор болгон учурда катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Olga.Turkovskaya@kumtor.kg электрондук дарегине кайрыла алат, бирок квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 жумушчу күн мурда кайрылыш керек.
Түшүндүрмөлөр сурам келип түшкөн электрондук почта дарегине сурам алынган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Буйрутмачы квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырууга укуктуу. Мындай учурда Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул алдын ала квалификациялык тандоо жөнүндө жарыя жайгаштырылган өзүнүн расмий сайтында — https://www.kumtor.kg/ru/ дареги боюнча жарыялоо аркылуу маалымдайт.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР