Мага баарын берсе да, чий куурчакка теңебейм

Мага баарын берсе да, чий куурчакка теңебейм

Жарыяланган: 06 April 2012

Мага баарын берсе да, чий куурчакка теңебейм2-апрель – Эл аралык балдарга арналган китептер күнү. Бул күнү Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында “Чий куурчак” китебинин презентациясы өткөрүлдү.

Чий куурчак дүйнөсүнө саякат

Китептин бет ачарына арналган иш-чара китепкананын концерттик залында өтүп, уюштуруучуларды эске албаганда көпчүлүктү балдар менен алардын ата-энелери түздү. Алып баруучу балдарды майрамы менен куттуктап: “Бүгүн биз Чий буурчак деп аталган китеп дүйнөсүнө саякатка чыгабыз. Саякатыбызга Кумтөрдө иштеген сыйкырчы байкелер жардам берет” деп салтанатты ачты. Салтанаттын күнөөкөрү, китептин автору Жылдыз Бек: “Мен бактылуумун. Кезинде таенем мага өз колу менен чий куурчак жасап берген. Мен небереме жасап бердим. Анан бул өнөр унутулуп калбасын деп китеп жаздым. Максатым балдарды китеп окууга тартуу жана ал аркылуу улуттук баалулуктарыбызга болгон сүйүүсүн ойготуу”-деп ой бөлүштү. Андан соң Жылдыз айым чий куурчак жасоо боюнча масстер-класс өтүп берди. Көрсө мындай чий куурчакты Кыргызстанда жасаган бардык элдер ойноп чоңоюшуптур. Буга далил катары өлкөбүздө жашаган бир катар диаспоралардын чий куурчактары көрсөтүлдү. Демек чий куурчак элдер аралык ынтымактын да символу. Анан албетте “свежий” жасалган чий куурчакты балдар күндүн башкы “сыйкырчысы” Кумтор Оперейтинг Компанинин президенти Майкл Фишерге тапшырышты. Белгилеп кетчү нерсе, бул Кумтөрдүн биринчи жардамы эмес. Китепкананын жамааты Кумтөрдүн колдоосун дайым сезебиз деп айтып жатканы ошондон улам болсо керек.

“Аталар уулдарына эмне жасап берет?”

Билим берүү министринин орун басары Сооронкулов Гүлжигит Майкл Фишер менен Жылдыз Бекке ыраазычылык каттарын тапшыруу менен маанилүү сунуштарды киргизди: “Жылдыз айым биздин апаларга масстер-класс өтсөңүз. Анткени чий куурчак жасоону баары эле биле беришпесе керек. Анан дагы мен аталарга кайрылат элем. Апалар кыздарына чий куурчак жасап беришсе, биз аталар уулдарыбызга эмне жасап беребиз?”

“Китеп бизди өзгөртөт”

Майкл Фишер “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” президенти: “Биздин бул долбоорго колдоо көрсөтүп жатканыбыздын себеби эртеңибиз болгон балдарды китеп окууга, эне тилин сүйүүгө жана улуттук салттарын баалоого кызыктыруу зарылдыгын түшүнүп жеткендигибиз болду. Кичинекей окурмандар үчүн бул китеп белек гана эмес, улуттук чыгармачылык менен таанышуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк да болот деген үмүттөбүз. Салтанат боюнча айтсам абдан таасирлендим. Менин да кичинекей небере кызым бар. Чий куурчакты алып ал да сүйүнөт деп ойлойм. Негизи китептер адамдарга окшош. Кудум адамдар сыяктуу чоң, кичине жана шайыр китептер болот. Алар биздин досубуз. Алар бизди өзгөртөт” – деп ойчулдарча оюн бүтүрүп, келген кичинекей конокторго китеп менен куурчак салынган баштыктарды белекке берди.

“Чий куурчак” ыры

(узундусу)

Чийден жасап куурчакты,
Чачын жиптен өрүптүр.
Апакеме таенем,
Өзү жасап бериптир.
Дүкөндөрдө куурчак көп,
Жаны бардай сүйлөгөн.
Мага баарын берсе да,
Чий куурчакка теңебейм.

Сөзү жана обону Динара Мамбетакунова

Маалымат үчүн:

Мектепке чейинки балдар жана баштапкы класстын окуучуларына багытталган түстүү “Чий куурчак” китеби кыргыз жана орус тилдеринде “Кумтор Оперейтинг Компанинин” коолдосу менен басып чыгарылган. Жалпы нускасы 3600 даана. Анын 2 миңи республикабыздын балдар китепканаларынын Фондуна өткөрүлүп берилсе, калган бөлүгүн Ысык-Көл облусунун балдар китепканаларына жеткирип берүү чечими кабыл алынган.

Газета “Супер-Инфо”, 6 апреля 2012 года.