«Кумтөрдүн» Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары менен тоо-кен бөлүмдөгү «А» нөөмөтүнүн кызматкерлери авиакырсыкта жабыркагандарга даректүү жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 28 February 2017

«Кумтөр Голд Компанинин» Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары 2017-жылдын 16-январында «Манас» аэропорту тушундагы авиакырсыкта жабыркагандарга акчалай жардам беришти.
Акцияга 71 адам катышып, 64 000 сом жыйналды. Чогулган каражатты жетим калган эки балага берүү чечилген. 2017-жылдын 24-февралында Балыкчы өткөөл базасындагы эки айдоочу Бишкекке келип, учак кулаган Дача-СУ айылынын тургундары менен жолуккан. Акча каражаты тапшырылганы тууралуу акт жеринде түзүлүп, ошол эле күнү Шералиев Жакшылык менен Абакиров Султандын ысымына ачылган балдар эсебине тең бөлүнгөн суммалар которулду.

«Кумтөр» кенинин тоо-кен бөлүмүндөгү «А» нөөмөтүнүн кызматкерлери да даректүү финансылык жардам көрсөтүштү. Чогулган 78 миң сомду жамааттын чечими менен авиакырсыкта ата-энесин жоготкон балдарды колдоого жумшоо чечилген. «А» нөөмөтүнүн кызматкерлери бөбөктөрдүн туугандарына жолугуп, алардын каалоолорун угушкан. Шералиев Жакшылыкка ноутбук ал эми Абакиров Султанга шахмат алып беришти. Калган каражат эки баланын асыроочуларына тең бөлүштүрүлдү.

Предыдущая публикация«Кумтөр Голд Компани» кызматкери Нурайым Жунусова «Теңир-Тоо айымдары» төш белгиси менен сыйланды Следующая публикация“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери жергиликтүү мектептин чоӊ класстагы окуучуларына тааныштырууxe экскурсия ɵткɵрүштү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.