МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН ТЕХНИКАЛЫК КОЛДОО ТОБУНА (ТЕХНИКАЛЫК КОЛДОО) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН ТЕХНИКАЛЫК КОЛДОО ТОБУНА (ТЕХНИКАЛЫК КОЛДОО) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 16 April 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 29.04.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн техникалык колдоо тобуна (Техникалык колдоо) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагындагы адистиги бар жогорку техникалык билим;
  • Маалыматтык технологиялар боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу принциптерин түшүнүү (COBIT, ITIL);
  • ITSM системаларын конфигурациялоо боюнча билим жана тажрыйба (айрыкча өзгөртүүлөрдү башкаруу, инциденттерди башкаруу, көйгөйлөрдү башкаруу), ошондой эле IT Asset Management жана CMDB боюнча билим жана тажрыйба;
  • Маалымат базаларын башкаруу системаларын түзүүнүн жалпы принциптерин жана реляциялык байланыштарды түшүнүү;
  • Коммуникабелдүүлүк, командада иштей билүү;
  • Маселелерди өз алдынча чече билүү жана маалыматты өз алдынча издей билүү;
  • Эмоционалдык туруктуулук, ошондой эле татаал жана күтүлбөгөн кырдаалдарда тез багыт ала билүү;
  • Техникалык документтер менен иштей билүү жана тушүнүү.

Милдеттер:

  • Офистик программалык камсыздоодогу жана колдонмо программалык камсыздоодогу каталарды жоюу, КГКнын персоналдык компьютерлериндеги жана лэптопторундагы бузулууларды оңдоо боюнча өтүнмөлөрдү (ITSM) системасында каттоо жана эсепке алуу, маалыматтарды киргизүү жана алардын базасын актуалдаштыруу;
  • КГКнын IT-активдерин каттоо, эсепке алуу жана инвентаризациялоону жүргүзүү;
  • IT-активдерди башкаруу процесстери менен байланышкан документацияны иштеп чыгууга катышуу;
  • Лицензияларды башкаруу жана программалык камсыздоонун пайдаланылышын көзөмөлдөө (лицензиялар боюнча инвентардык жана келишимдик маалыматтарды көзөмөлдөө жана актуалдаштыруу);
  • Колдонуучулардын персоналдык түзмөктөрүнө программалык камсыздоону орнотуу жана жөндөө;
  • Техникалык көйгөйлөрдү чечүү жана КГКнын IT-активдерин колдонуучуларына консультация көрсөтүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе.
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2026-жылдын 29-апрелинде саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.