ЛАК-БОЁК МАТЕРИАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

ЛАК-БОЁК МАТЕРИАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 21 April 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 28-апрели, саат 12:00.


«Кумтор Голд Компани» ЖАК сизди лак-боёк материалдарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен өткөрүлүп жаткан жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.

Сунуштарды берүү форматы

Баа сунушу (мындан ары — БС) PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.

Сунуштарды берүү тартиби

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү. Документтерге шилтеме:
    https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
  2. БСти кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 28-апрели, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү.

Коммерциялык сунуштун курамы

Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • БСтин аракеттүүлүк мөөнөтү — берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн;
  • Милдеттүү түрдө: сунушталган товар сертификацияланууга тийиш болгон учурда сертификат берүү.

Жеткирүү жери

DDP (DAP) шартында, «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын кампасы:

  1. Кыргызстан, Бишкек ш., Лев Толстой / Элебаев көчөлөрү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери

Талаптарга толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган БС жеңүүчү деп табылат.

Сунуштарды жөнөтүү тартиби

Тема сабында: «Сурам № R29123 (лак-боёк материалдары)» деп көрсөтүү менен сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 28-апрели, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жиберүү зарыл.

Кошумча шарттар

  • Заказ берүүчү келишим түзүлгөнгө чейин бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн БС берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
  • БС ишкананын расмий бланкында, кол коюлган жана мөөр басылган түрдө берилүүгө тийиш.
  • Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Сунуш берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга толук макул экендигин ырастайт.
  • Ар бир катышуучу бир гана баа сунушун бере алат.
  • БСтин аракеттүүлүк мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
  • Тандоо мөөнөтүнүн ичинде баа сунуштарына өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
  • Бул тандоо боюнча бардык суроолор Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүүгө тийиш.
  • Тандоо шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн калганда жиберилиши керек.

 

Тиркеме №1.