КЫЗМАТ КЕЛИШИМИНИН НЕГИЗИНДЕ ПРОГРАММАЛЫК КАМСЫЗДООНУ ИШТЕП ЧЫГУУ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ

КЫЗМАТ КЕЛИШИМИНИН НЕГИЗИНДЕ ПРОГРАММАЛЫК КАМСЫЗДООНУ ИШТЕП ЧЫГУУ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ

Жарыяланган: 25 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-июлу, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК программалык камсыздоону иштеп чыгуу кызматтарын көрсөтүү үчүн чексиз катышуу менен эки баскычтуу сынакка катышууга чакырат (кызмат келишиминин негизинде)

Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн арыз жана башка иш-кагаздар арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Иш-кагаздарга кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Сынакка катышуучулар сынактын талаптарына ылайык орус тилинде катышуу үчүн арыз даярдап, керектүү иш-кагаздардын көчүрмөлөрүн тиркеп,  2026-жылдын 10-июлу, саат 15:00 чейин (Бишкек убактысы  developer2026@kumtor.kg электрондук дарегине электрондук форматта жөнөтүшү керек.

Бул сынактык иш-кагаздарына Техникалык тапшырма тиркелген.

Маанилүү!!! Каттын (сунуштун) өлчөмү 25 MBдан ашпашы керек.

Эгер тиркемелердин өлчөмү 25 MBдан ашса, анда сынакка катышуу арызы бөлүктөргө бөлүнүп, тема сабына төмөнкүдөй жазуу керек:

1. “Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аты)” 1-бөлүк.

2. “Коммерциялык сунуш” (сөзсүз 1 айлык чыгымды көрсөтүү керек; файлга кирүү сырсөз аркылуу болушу керек, сырсөз буйрутмачынын өтүнүчүнөн кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт).

Булут сактагычтан документтерди жүктөө үчүн шилтемелердин мөөнөтү чектелүү болгондуктан, иш-кагаздарды булут сактагычтарга жүктөө сунушталбайт.

Катышуучунун сунушу иш-кагаздардын эки топтомуна бөлүнүшү керек.

Сунуштарды баалоо 2 баскычта жүргүзүлөт:

1-баскыч – катышуучунун квалификациялык маалыматтарын баалоо;

2-баскыч – коммерциялык сунуш (сөзсүз 1 сааттын баасын көрсөтүү керек; файлга кирүү сырсөз аркылуу болушу керек, сырсөз буйрутмачынын өтүнүчүнөн кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт).

Андан кийин, зарыл болгон учурда, квалификациялык баалоодон өткөн катышуучулар менен маектер өткөрүлөт.

Катышуу үчүн арыз төмөнкү документтерди камтышы керек: Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;
Катышуучу толтурган сынактык иш-кагаздарына тиркемелер;
Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы жобо
Катышуучунун анкетасы
Баалоо критерийлери: Бардык талаптарга жооп берген жана суралган иш-кагаздардын топтомун толук камтыган сунуш жеңүүчү деп таанылат.
“Кызмат көрсөтүү келишими” темасын камтыган сунуш  2026-жылдын 10-июлу, саат 15:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча)  developer2025@kumtor.kg электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы сунуштардын бирин же баарын кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле Келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенме албастан.
Сунуш расмий бланкта болушу керек.
Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен, катышуучу компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.

Ар бир тандоо катышуучусу бир гана сунуш бере алат.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек.

Сынактык сунуштун жарактуу мөөнөтү учурунда сынактык сунуштарга өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт.

Аткаруу иш-кагаздарын тапшырууга талаптар:

1.      Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;

2.      Ак ниеттүүлүк декларациясы.

3.      Конкурстук арызды кепилдеген декларация

4.      Паспорт;

5.      Соттуулугу жок экедиги жөнүндө маалымкат;

6.      Жеке ишкердин патенти же күбөлүгү; (же жеке ишкерлик ачуу мүмкүнчүлүгү)

7.      Диплом, сертификат.

8.      Катышуучунун анкетасы/резюме

9.      Иш тажрыйбасын тастыктаган иш-кагаздар же эмгек каттоо китебинин көчүрмөсү (эгер бар болсо жана суроо боюнча) – келишимдер (көчүрмөлөр), кызмат көрсөтүү актылары же кабыл алуу жана өткөрүп берүү, эсеп-фактуралар, накладнаялар, келишимдер реестринен үзүндүлөр (эгер мамлекеттик сатып алууларга катышкан болсо), отчеттор же иштин аткарылышы боюнча жыйынтыктар, каржылык отчеттор (эгер талап кылынса, иштин көлөмүн тастыктоо), башка кардарлардан сунуш каттары, иш-кагаздар,

жеке адамдардын квалификациясын тастыктоо;

10.  Банк маалыматтары – келишим боюнча төлөмдү которуу үчүн (эгерде бар болсо);

11.  Техникалык тапшырмада каралган башка иш-кагаздар.

Бул сынак боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз: Meerim.Toibaeva@kumtor.kg
Тандоо шарттарын тактоо үчүн өтүнүчтөр сунушту тапшыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР