Тамга айылында «Кызгалдак» балдар бий тобунун концерти болду

Тамга айылында «Кызгалдак» балдар бий тобунун концерти болду

Жарыяланган: 01 October 2014

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү Жети-Ɵгүз районунун Тамга айылынын маданият үйүндɵ «Кызгалдак» балдар бий тобунун «Кумтɵр Голд Компанинин» каражатына Бишкекте тигилген жаӊы костюмдары менен бет ачаар концерти болуп ɵттү. Жалпысынан 30 комплект сахна костюмдарын тигүүгɵ алтын кен ишкана 215 миӊ сом бɵлдү.

Салатанаттуу иш чарага Белорус Республикасынын КРдагы Атайын жана ыйгарымдуу элчиси Виктор Денисенко, КР Президентинин кеӊешчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеӊештин депутаты Ирина Карамушкина, Жети-Ɵгүз районунун мамлекеттик администрациясынын ɵкүлдɵрү, айыл тургундары, ошондой эле, балдарга майрамдык торт жана таттууларды, Тамга мектебинин китепканасына кыргыз жана орус тилдеринде 150 нуска балдар энциклопедиясын белекке алып келишкен «Кумтɵрдүн» кенинде жана Бишкектен кеңсесинде иштеген «кумтɵрчүлɵр» катышты.

Концерт кɵрсɵткɵндɵй, балдар бардык жанрларды ɵздɵштүрүшкɵн. Балдар бет ачаар үчүн атайы кыргыз, орус жана беларусь бийлерин үйрɵнүп аткарышты. Ар бир номер үчүн түркүн улуттардын кийимдери кесипкɵй чеберлер тарабынан тигилген жаӊы костюмдар. Бул ажайып кооз костюмдардан улам кɵрүүчүлɵрдɵ биримдик жана ынтымак маанайы орногон зор майрамга катышуудан кайталангыс сезим калат.
Балдар ансамблинин кɵркɵм жетекчиси Мирбек Маматовдун сɵзү боюнча, «Кумтɵрдүн» айылдык балдар жамаатын колдоп жатышынын мааниси баа жеткис, себеби бүгүн алыскы аймактардын балдары борбордо жайгашып, ɵнүгүү үчүн бардык мүкүнчүлүктɵргɵ ээ болгон кесипкɵй балдардын топторуна караганда жетимсирегендей абалда турат.

«Биз туруктуу ɵнɵктɵштүк алака үчүн «Кумтɵр» компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Жаӊы костюмдар үчүн чоӊ рахмат, эми биздин жамаат республикада эле эмес, чет өлкөго да чыгып, мекенибизди татыктуу кɵрсɵтɵ алат. Келерки жылы Жеӊиштин 70 жылдыгын майрамдоо алдында биздин ансамблди Кыргызстанда түзүлгɵн үгүт бригадасынын курамында Фрунзеде түзүлгɵн 385-аткычтар дивизиясынын Орусия жана Белорус аркылуу күрөш жолунун маршруту боюнча концерт коюуга чакырышкан», – деп белгиледи Мирбек Маматов.