2023-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ ЧЕЙРЕГИНДЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАР

2023-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ ЧЕЙРЕГИНДЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАР

Жарыяланган: 25 May 2023

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – КГК) 2023-жылдын биринчи чейрегиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул убакыт аралыгында «Кумтөр» кенинде 80 511 унция же 2 504 кг алтын өндүрүлгөн. 2023-жылдын биринчи чейрегинде Кайра каралган инвестициялык макулдашуунун (КИМ) алкагындагы Кыргыз Республикасынын бюджетине которулган салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон чегерүү жана башка милдеттүү төлөмдөр 48,1 млн АКШ долларын түздү.

 Өндүрүштүк ишмердүүлүк:

 2023-жылдын биринчи чейрегинде мурда казылып алынган кампалардагы рудалардын запастарын кайра иштетүүнү эске алуу менен алтын өндүрүү 80 511 унцияны же 2 504 кг түздү. Ал эми 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 66 474 унция же 2 068 кг алтын өндүрүлгөн. Көлөмдүн өсүшү – биринчи кезекте фабрикага жиберилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушу, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу болду. 2023-жылдын биринчи чейрегинде фабрикага алтындын ар кандай курамы бар кампалардан берилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 2,34 граммды, рудадан алтынды ылгап алуу коэффициенти 72,11% түздү.  2022-жылдын биринчи чейрегиндеги бул көрсөткүчтөр тоннасына 2,27 граммды жана 67,46% түзгөн.

Даяр продукцияны сатуу:

 «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААК жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2009-жылы түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра каралган келишимде (АКСКК) көрсөтүлгөндөй, «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатылып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары сатуу боюнча өзгөчө укукка АКСККтын жоболоруна ылайык, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому гана ээ. 2023-жылдын биринчи чейрегинде 77 547 унция же 2 412 кг алтын сатылса, 2022-жылдын ушул эле маалында бул көрсөткүч 63 077 унция же 1 962 кг алтынды түзгөн. 2023-жылдын биринчи чейрегинде алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 146,7 миллион долларды түзсө, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 119,9 миллион долларды түзгөн.

Кыргыз Республикасынын бюджетине болгон төлөмдөр жана милдеттүү төгүмдөр:

2023-жылдын биринчи чейрегинде 2009-жылдагы Кайра каралган инвестициялык макулдашуунун (КИМ) негизиндеги Кыргыз Республикасынын бюджетине которулган салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон чегерүү жана башка милдеттүү төлөмдөр 48,1 млн АКШ долларын түздү.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр:

 2023-жылдын биринчи чейрегинде Кыргыз Республикасынын ичиндеги төлөмдөр (анын ичинде: салыктар, аффинаж, инфраструктура, жергиликтүү жеткирүүчүлөргө товар жана кызмат көрсөтүү үчүн болгон төлөмдөр, кайрымдуулук ж.б.) 91,754 миллион доллардан ашты.