Жарыяланган: 20 April 2026
16-апрелде «Кыргызалтын» ААКтын аянтчасында мамлекеттин, бизнестин, илимдин жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн башын бириктирген «Жаңы реалдуулуктагы лидерлик стратегиясы» аттуу тоо-кен форуму болуп өттү.
Иш-чаранын негизги жыйынтыктарынын бири – кадрларды даярдоо чөйрөсүндө өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлушу болду. «Кыргызалтындын» туунду компаниясы катары «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын стратегиялык тармагы үчүн адистердин жаңы муунун калыптандыруу боюнча системалуу ишти баштоодо.
Ишенимдүү өнөктөш катары Жусуп Баласагын атындагы КУУ, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Б. Ельцин атындагы КРСУ иш-чарага активдүү катышты.
«Тоо-кен тармагын өнүктүрүүнү адистердин жаңы муунун сапаттуу даярдоосуз элестетүү мүмкүн эмес. Биз жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаштардын практика, такшалмалардан өтүп, кесипкөйлүк жактан өсүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө даярбыз», — деп белгиледи «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов.
Макулдашууда студенттерди максаттуу даярдоо, өндүрүштүк практика, компаниялар тобунун ишканаларында такшалмалардан өтүү жана тармактын адистеринин билим берүү процессине катышуусу каралган.
