ӨЗБЕКСТАНДЫН ӨНӨР-ЖАЙ ФЛАГМАНЫ “КУМТӨР” АЛТЫН КЕНИНДЕ БОЛДУ

ӨЗБЕКСТАНДЫН ӨНӨР-ЖАЙ ФЛАГМАНЫ “КУМТӨР” АЛТЫН КЕНИНДЕ БОЛДУ

Жарыяланган: 10 April 2023

Кыргызстан менен Өзбекстандын эң ири алтын өндүрүүчү ишканалары тажрыйба алмашып, өз ара кызматташууга бел байлады. Жакында эле Өзбекстандын өндүрүштүк флагманы болгон “Навои мамлекеттик тоо-кен металлургиялык комбинатынын” алдыңкы адистеринен турган делегация “Кумтөр” ишканасында болушту.

Өзбекстандык кесиптештерин алгач “Кумтөр Голд Компанинин” президенти Алмазбек Барыктабасов кабыл алып, кыргыз тоо-кенчилери алар менен кызматташтыкты арттырууга кызыктар экендигин, бул боюнча өлкө башчысы Садыр Жапаровдун дагы конкреттүү тапшырмасы бар экенин айтты.

НМТМКнын кесиптик бирлигинин төрагасы, ардагер геолог Исраил Рахматовдун айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары жолукканда, тоо-кен тармагында эки тараптуу тыгыз кызматташтыкты арттыруу маселеси көтөрүлүп, дал ошол себептен тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстанга, “Кумтөр” ишканасына келишкен.

Мындай эки тараптуу кызматташтык Кыргызстандын тоо-кен тармагын өнүктүрүүдө абдан маанилүү экенин айткан “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев: “Президент Садыр Нургожоевичтин, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбековичтин тапшырмасынын негизинде, коңшуларыбыздын алдыңкы технологияларын байкап, алардын өндүрүштөгү ийгиликтерин “Кумтөрдө” колдонсокпу деп жатабыз. Бири-бирибизден үйрөнө турган, пайдалана турган көп жакшы жактар бар экен. Ушул жылдын май айында өзбек кесиптештерибиз ушундай өндүрүштүк сапар менен Навои мамлекеттик тоо-кен металлургиялык комбинатына келип кеткиле деп чакырышты” – деди.

Навои мамлекеттик тоо-кен металлургиялык комбинаты – алтын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы 5 ишкананын бири. 65 жылдык тарыхы бар бул комбинатта учурда 58 миң адам эмгектенет. Жылына 100 тоннага жакын алтын өндүрүлүп, таза кирешеси 1 миллиард доллардан ашат.

Өзбекстандын сыймыгы болгон бул комбинат – геологиялык чалгындоо, кен казып, аны кайра иштетүүдөн баштап, даяр продукция алууга чейинки өндүрүштүк циклди толук өздөштүргөн өнөр жай кластери болуп саналат.

Иш сапардын алкагында өзбекстандык адистер “Кумтөр” кен жайындагы борбордук карьерди, алтын ылгоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды кыдырып чыгышты.

Навои мамлекеттик тоо-кен металлургиялык комбинатынын башкы механиги Уктам Рахматов “Кумтөрдөгү” иштин ыргагына, адистердин кесипкөйлүгүнө жогору баасын берди.

“Биз дүйнөнүн алдыңкы компанияларын кыдырып, баардык континенттерде болгонбуз. Бүгүнкү сапардан кийин, эч тартынбастан, ачык эле айтышыбыз керек, Кумтөр компаниясы – дүйнөнүн алдыңкы сабындагы, жогорку деңгээлдеги компаниялардын бири деп эсептейм. Эч жагынан кем калбайт экен. Техниканы да жакшы кармап, карьерди да кылдат карап атканыңар көрүндү. Технологияңар дагы абдан туура жолго коюлган экен. Эч кандай көйгөйдү көргөн жокмун. Эң башкысы мыкты адистерди кармап калыпсыңар. Келечекте бул сөзсүз өз жемишин берет”-дейт Уктам Рахматов.