КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН, ЧАРБАЛЫК ТОВАРЛАРДЫ ЖАНА ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН, ЧАРБАЛЫК ТОВАРЛАРДЫ ЖАНА ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 28 October 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 9-ноябры, саат 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди курулуш материалдарын, чарбалык товарларды жана жыгач материалдарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен өткөрүлүүчү жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.

Сунуштарды берүү форматы

Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.

Сунуштарды берүү тартиби

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме:
    https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
  2. БСны кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 9-ноябры саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүшү керек.

Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

  • Жеткирүү мөөнөттөрү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • БСнын жарактуулук мөөнөтү сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек;
  • Милдеттүү түрдө сунушталган товарга сертификат берүү.

Валюта

  1. Резиденттер БСны улуттук валютада – сом менен берүүгө тийиш;
  2. Резидент эмес компаниялар БСны каалаган валютада бере алышат.

Жеткирүү жери

DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:

  1. Кыргыз Республикасы, Балыкчы шаары, Нарын шоссеси көчөсү, 9.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери

Жеңүүчү болуп техникалык сүрөттөмөгө туура келген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу таанылат (лот бөлүнүүчү).

«R29399 суроо-талабы (курулуш материалдары, чарбалык товарлар, жыгач материалдары)» деген темадагы сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 9-ноябры саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.

Заказчы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алуу же четке кагуу, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин тандоо процессин каалаган убакта токтотуу укугун өзүнө калтырат жана мында БС тапшырган катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.

Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол жана мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунуш берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.

Баалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Тандоо процессинин мөөнөтү аяктаганга чейин берилген баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолорду төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg

Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР