“Кумтɵр” компаниясынын инженердик-геологиялык бөлүмү “Элим барсыңбы?” фонду менен биргеликте Бишкектин тегерек-четинде жашаган аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берди

“Кумтɵр” компаниясынын инженердик-геологиялык бөлүмү “Элим барсыңбы?” фонду менен биргеликте Бишкектин тегерек-четинде жашаган аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берди

Жарыяланган: 17 March 2016

“Кумтɵр” компаниясынын инженердик-геологиялык бөлүм жетекчилери жана кызматкерлери “Кумтөрдүн элчилери” долбоорунун алкагында “Элим барсыңбы” фонду демилге көтөргөн “Эмгекчил үй-бүлө” (“Балык уулоо үчүн кайрымак берүү”) кайрымдуулук акциясына катышты.

Долбоордун максаты – коомдогу жакырчылыкты жоюу. Анын жүрүшүндө жардамга өтө муктаж 20 үй-бүлө тандалып (фондунун социалдык кызматкерлери алдын ала аныктаган) керектүү жабдуу сатып алууга каражат жыйналган.

Долбоордун жүрүшүндө 2016-жылдын 3-мартында 20 үй-бүлөгө азык-түлүк топтому тапшырылды. Ошондой эле, жалгы бой эне Чолпонай Бөрүрбаева ири акциянын биринчи алуучусу болду. Тикмечи болуп иштеген алты баланын апасы ай сайын 2500 сом төлөп ижарага алынган үйдө турат. “Элим барсыңбы” фондунун кызматкерлеринин сунуш боюнча ага тишүүчү машине, бардык керектүү шаймандары менен сатып берилди. Эми ал өз алдынча иштеп, үй-бүлөсүн толук камсыздоого шарты бар.

Акциянын катышуучулары – инженердик-геологиялык бөлүмдүн жамааты кесиптештерди кийинки кайрымдуулук иш чараларына кошулууга чакырат.