Расмий билдирүү
29-августу

Расмий билдирүү
29-августу

Жарыяланган: 29 August 2013

Kumtor Operating Company“Кумтөр” компаниясынын жетекчилиги алдынкы күнү массалык маалымат каражаттарында жарыя кылынган опузалап акча талап кылуу фактысын иликтөөдө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине толук көмөк көрсөтөт.

“Кумтөр” Кыргызстан үчүн компаниянын үзгүлтүксүз ишмердүүлүгү канчалык маанилүү экендигин да жакшы түшүнөт. Тилекке каршы, акыркы мезгилде бизге ар кандай мүнөздөгү талаптарды аткарбаган учурда трассаны тосуу менен коркутуу дайыма келип түшөт. Компания региондун социалдык проблемаларын чечүү боюнча конструктивдүү диалогду улантуудан эч кандай баш тартпайт. Андан тышкары, компания региондун калкынын жашоосун жакшыртууга багытталган бардык социалдык долбоорлорду улантууга ниеттенет.

Компания Ысык-Көл областынын жашоочуларына чыдамдуулук жана акыл-эстүүлүк көрсөтүү жана укукка жат аракеттерди колдобоо өтүнүчү менен кайрылат.