“Кумтөр” компаниясынын 2015-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

“Кумтөр” компаниясынын 2015-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

Жарыяланган: 16 March 2016

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр

2015-жылы “Кумтөр” кен ишканасында 520 694 унция* же 16 195,4 кг алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 520 517 унцияны же 16 189,9 кг алтынды түзгөн.
Жылдын жыйынтыктары боюнча сатып өткөрүүдөн алынган жалпы каражат 604,5 млн долларды** түзгөн. Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр төмөнкү таблицада келтирилген:

IV квартал, 31-декабрга карата ***

12 ай, 31-декабрга карата ***

2015

2014

Өзгөрүүлөр

2015

2014

Өзгөрүүлөр

Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат** (млн USD менен) 144,5 346,2 (58%) 604,5 694,6 (13%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы**** (млн  USD менен) 112,1 171,5 (35%) 367,9 444,5 (17%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы**** (унциясына USD менен) 852 594 43% 707 792 (11%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 45 418 42 786 6% 169 527 191 723 (12%)
Казып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 3 941 6 615 (40%) 6 583 8 640 (24%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна) 1 504 1 502 0% 5 729 5 840 (2%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,42 7,40 (54%) 3,57 3,90 (8%)
Алтынды бөлүп алуу коэффициенти (% менен) 79,9 82,2 (3%) 78,8 78,0 1%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)* 130 610 291 635 (55%) 520 694 567 693 (8%)
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 4 062,4 9 070,9 (55%) 16 195,4 17 657,2 (8%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)* 131 549 288 851 (54%) 520 517 561 154 (7%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 4 091,6 8 984,3 (54%) 16 189,9 17 453,8 (7%)
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы****    (унциясына USD менен) 1 098 1 198 (8%) 1 161 1 238 (6%)
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор**** (унциясына  USD менен) 392 244 61% 356 357 (8%)
Өндүрүштү колдоп турууга жалпы жумшоолор**** (унциясына USD менен) 553 378 46% 731 779 (6%)
Бардык жумшоолор**** (унциясына USD менен) 572 418 37% 758 851 (11%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен**** (унциясына USD менен) 725 585 24% 921 1 024 (10%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фонддорду колдоп турууга)**** (млн USD менен) 11,8  13,4 (12%) 50,5 48,7 4%
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)**** (млн USD менен) 2,5 11,5 (78%) 14,2 40,1 (65%)
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)**** (млн  USD менен) 12,1 32,5 (63%) 210,6 261,1 (19%)

Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

** Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

*** – Тегеректелген суммаларда айырма болушу мүмкүн

**** – «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоп турууга жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фонддорду колдоп турууга жана өнүктүрүүгө) Бухгалтердик эсептин (GAAP) жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрү болуп саналбайт жана «Центерранын» пресс-релизинде «GAAPта колдонулбаган көрсөткүчтөр».

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2015-жылдын 12 айында компаниянын Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү которуулары 123 млн доллардан ашкан, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдагы 31-декабрына карата курсу боюнча 9 миллиард 373 миллиондой сомду түзөт.

2015 –жылдын  31-декабрына карата

Миң USD***

Дүң кирешеге салык 92 936,47
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 7 148,96
Экологиялык төлөм 310,00
Кызматкерлердин кирешесине салык 4 269,06
КР Социалдык фондуна төлөмдөр  17 049,19
Бажы төлөмдөрү  705,59
Резидент эместердин кирешесине салык  709,17
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 363,16
Жалпы 123 491,59
2015-жылдын 31-декабрына карата АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 75,8993
Аткарылган төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 9 372 925,39


Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катарында көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр

2015-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж үчүн төлөм, товарлар жана кызматтар алынган үчүн жергиликтүү ишканаларга төлөмдөр, инфраструктура боюнча төлөмдөр, кайрымдуулук ж.б. кошуп эсептелгенде) 256 млн доллардан ашкан. Жалпысынан компания иштеген 1994-2015-жж. аралыгындагы Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр 2 миллиард 964 миллион доллардан ашкан..

Млн. доллар менен **,***

2015-ж.

1994 – 2015-жж.

Салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөр 98,708 898,626
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 17,049 149,890
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 7,149 50,045
Лицензиялар жана уруксаттамалар үчүн төлөм 0,269 3,056
Экологиялык төлөмдөр жана Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин пайдасына которуулар 0,310 4,679
«Кыргызалтын» ААКсынын пайдасына төлөмдөр 0,298 12,347
Аффинаж үчүн төлөмдөр 3,310 47,076
 «Центерранын» акцияларын сатуудан алынган каражат 86,000
Дивиденддер 9,616 86,218
Кыргыз Республикасындагы сатып алуулар:
– товарлар жана кызматтар
42,519 690,207
– азык-түлүк 4,472 61,174
КР инфраструктурасына тиешелүү төлөмдөр:
– электр энергиясы
12,633 153,639
кен ишканасынан сырткары жолдорду жакшыртуу жана тейлөө 1,867 41,149
«Тамга – Кумтөр» ЭБЛ 41,612
КГКнын кызматкерлеринин таза эмгек акысы 56,026 569,955
Санатордук дарылануу 0,744
Билим берүүнү колдоо, стипендиялар жана окутуу 0,504 5,153
Демөөрчүлүк жардам жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлору 2,008 27,417
Өкмөткө социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууда жардам 31,000
Жергиликтүү жамааттарга төлөмдөр боюнча макулдашуу 4,400
Жалпысынан 256,728 2 964,39

Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын-ала маалыматы боюнча:

– Кумтөрдүн» өлкө ИДПсындагы 2015-жылдагы үлүшү 6,8%;
– «Кумтөрдүн» өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 22,5%;
– • Экспорттун жалпы көлөмүндөгү алтындын үлүшү 2015-ж. 39,7%ды түздү.

Комментарий

«Кумтөр Голд Компани» президенти Даниэль Дежарден компаниянын 2015-жылдагы ишмердүүлүк жыйынтыктарына: «Мен 2015-жылдын өндүрүштүк пландары ийгиликтүү аткарылганын билдирүүгө кубанычтамын. Алтын өндүрүүнүн басымдуу көлөмү төртүнчү чейрекке туура келген өткөн жылдарга салыштырмалуу, 2015-жылы алтын өндүрүү чейрек сайын текши болуп, пландык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылды.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык 2016-жылы “Кумтөр” кенинде өндүрүштүн көлөмү 480-530 миң унция же 14,9-16,5 тонна чамасындагы алтынды түзмөкчү. Компания 2016-жылы өндүрүш көлөмүнүн өсүшүн жылдын экинчи жарымында, алтынга бай рудалуу Борбордук карьердин SB зонасына чыгуу менен күтүүдө» деп комментарий берди.

2016-жылга прогноз

Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртыш ачуу иштерине чыгымдарды алып салгандан кийин, 2016-жылы 110 млн долларды түзүүгɵ тийиш. Негизги фондуларды модернизациялоого**** 84 млн доллар өлчөмүндөгү жумшоолор негизинен ири масштабдуу оор жүк ташуучу тоо-кен техниканы жаңыртып жабдуу (69 млн доллар); калдыктар чарбасындагы дамбадагы курулуш иштери (6 млн доллар) жана башка статьялар (9 млн доллар) менен байланыштуу.
Кумтөр кенин өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолорго**** 2016-жылы 26 млн доллар пландалып, карьердин кеңейиши менен айрым инфраструктура объектилерин көчүрүүгө (17 млн доллар), суу сордуруу иштерине (6 млн доллар) жана башка статьяларга (3 млн доллар) байланыштуу жумшоолорду камтыйт.
Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу карьерди иштетүүгɵ байланыштуу 2016-жылдагы жалпы кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга каралган 162 млн доллар өлчөмүнөн 122 млн долларды түзмөкчү.

● ● ●

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2015-жылдын 31-декабрына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 10,42 млн. унция же 324,1  тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Голд Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” өнүгүүгө багытталган Азияда, Канадада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, алтын өндүрүүчү компания. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбордук Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. “Центерранын” жөнөкөй акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.”Кумтөр” компаниясы жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.