Кумтɵрчүлɵр Кыргызстандын тоо-кенчилер жана металлургдарынын спартакиадасында мыктылардын катарында!

Кумтɵрчүлɵр Кыргызстандын тоо-кенчилер жана металлургдарынын спартакиадасында мыктылардын катарында!

Жарыяланган: 02 October 2015

«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери Кыргызстандын тоо-кенчилер жана металлургдарынын II спартакиадасына катышышты. Ысык-Кɵл облусунун Бостери айылында жайгашкан “Кыргыз деӊизи” санаторийинде 2015-жылдын 15-18-сентябрында болуп ɵткɵн иш чарага Кыргызстандын тоо-кен металлургия тармагынын ɵкүлдɵрү болгон ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын 23 командасынан 400дɵн ашуун адам катышты.
Анын уюштуруучулары Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргызстандын тоо-кен металлургия профсоюзу жана Ыктыярдуу дене тарбия-спорт коому болушту.
Спартакиаданын алкагында мини-футбол, волейбол, чуркоо, сүзүү, гиря спорту, стол тенниси, шахмат жана спорттун башка түрлɵрү боюнча мелдештер ɵттү.

«Кумтɵр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлери спартакиадага жигердүү катышып, тɵмɵнкү байгелүү орундарды ээлешти:
1000 метрге чуркоо:
Эркектер арасында 1-орун – Бакай Токтобеков.
Аялдар арасында 1-орун – Жолдошбек кызы Рахат.

25 жана 50 метрге сүзүү:
Эркектер арасында 1-орун – Павел Натальченко.
Аялдар арасында 2-орун – Айчүрɵк Кожогулова.

Стол тенниси:
Эркектер арасында 2-орун – Куваныч Кожогулов.

Спорттун командалык түрлɵрүндɵ «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКтын курама командасы тɵмɵнкү байгелүү орундарды ээледи:
Мини-футбол – 2-орун (эркектердин курама командасы).
Волейбол – 2-орун (эркектердин жана аялдардын курама командалары).
Аркан тартыш – 2-орун (аралаш курама команда).

Жеӊүүчүлɵр жана байгелүү орундарды ээлегендер кубоктор, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Биз «Кумтɵр Голд Компани» кызматкерлерине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жеӊиштери менен куттуктайбыз!