«Кумтөр» компаниясы Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун бир катар айылдарында ирригациялык системаларды реабилитациялайт

«Кумтөр» компаниясы Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун бир катар айылдарында ирригациялык системаларды реабилитациялайт

Жарыяланган: 12 May 2014

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 12 калктуу пунктунда ирригациялык системаларды реабилитациялоо жана алыскы жайыттарга жолду калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлмөкчү. “Кумтөр” компаниясы техника (экскаваторлорду, самосвалдарды жана бульдозерлорду) жана адистерди бөлдү. Жалпысынан айылдардын инфраструктураларын калыбына келтирүү боюнча иштерге 2014-жылы 100 миң АКШ доллары бөлүнөт.

Топурак иштери аяктагандан кийин 5 калктуу пункттагы сууну суткалык жөнгө салуу бассейндери (БСР) тазаланып жана бекемделмекчи, 4 ирригациялык канал калыбына келтирилмекчи, селден кийин бузулган дарыялардын дамбалары бекемделмекчи. Атүгүл, кен ишканасынан атайын техника бийик тоолуу жайыттарга алып барчу жолдордун жуулуп кеткен бөлүгүн калыбына келтирүүгө жана Тоң районунун суу сактагычын кеңейтүүгө жардам бермекчи.

Компания жергиликтүү бийликтердин жана жашоочулардын өтүнүчтөрү боюнча фермерлерге сел жууп кеткен ирригациялык каналдарды калыбына келтирүүдө үзгүлтүксүз жардам көрсөтүүдө. Топурак иштерин быйыл ийгиликтүү аяктоо региондун экономикалык өсүшү, жол жана ирригациялык инфраструктурасын жакшыртуу үчүн масштабдуу натыйжа бермекчи – айылдыктар малды алыскы жайыттарга тоскоолдуксуз чыгара алышат жана сугат сууну үзгүлтүксүз алышмакчы.