«Кумтөр» кыргыз тилинде онлайн видеосабактарды жаратуу боюнча «Илимбокс» билим берүү платформасы долбооруна колдоо көрсөттү

«Кумтөр» кыргыз тилинде онлайн видеосабактарды жаратуу боюнча «Илимбокс» билим берүү платформасы долбооруна колдоо көрсөттү

Жарыяланган: 07 February 2022

Тышкы башкаруу киргизилгенден бери «Кумтөр Голд Компани» ЖАК бүткүл Кыргызстанда өлкө боюнча илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү долбоорлорун активдүү колдоп келет. «Өсүп келе жаткан жаш муунубуз биздин келечек үчүн чон мааниге ээ экенин түшүнүп, биз жаштардын окуусуна салым кошобуз”, – деп билдирди КГКнын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк.

Учурда Кыргызстанда «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен (ISOC) Интернет Коомунун Кыргызстандагы филиалынын «Илимбокс» билим берүү платформасы үчүн кыргыз тилинде онлайн видеосабактарды жаратуу долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун бюджети 1 780 474 сомду түздү.

Кыргызстандын билим берүү системасы инновацияларга жана санариптештирүүлүүгө муктаж. «Илимбокс» – бул Кыргызстандагы мектеп окуучулары үчүн биринчи Интернет аркылуу билим берүү платформасы, ал кыргыз тилиндеги санарип ресурстарынын тез жана коопсуз жеткиликтүү болушун камсыздап, мугалим менен окуучунун ортосундагы байланыш, окуучунун жетишкендиктерин көзөмөлдөө, (оорунун же карантиндин айынан) убактылуу мектепке бара албай жаткан балдарга аралыктан окуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.  Мындай платформа окуу куралдарынын жетишсиздигинен жана лабораториялык-практикалык сабактардын мугалимдердин жоктугунан берилбей калуу көйгөлөрүн чечүү жолу.

Онлайн форматтагы сабактар YouTube тиркемесин ача билген ар бир окуучуга жеткиликтүү, ал эми азыркы учурда муну баары билет. Орус тилиндеги мектептердин окуучулары лабораториялык-практикалык видеосабактарды Интернеттен көрө алышат.  Ал эми Кыргызстандын мектептеринин 60% кыргыз тилинде сүйлөйт. «Илимбокс» командасы сабактарды орус тилинен кыргыз тилине которуп, тажрыйбалуу мугалимдер-практиктердин коштоосунда, жана үн режиссерунун көзөмөлү астында кесипкөй диктордун үнүн коштоп чыгарышат, андан кийин алар YouTube каналына жүктөшөт. Азыркы учурда 500дөн ашык видео файл жүктөлдү, алар колдонуучулар үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:  https://www.youtube.com/channel/UC4B6wPGcsdZ6hUbje8f6O7g/featured  физика жана химия боюнча 1300 сабак которулуп, үн коштолуп жана YouTube баракчасына жүктөө пландалууда. Бул видеолорду кошумча окутуу материалы катары учурдагы «Илимбокс» платформасына интеграциялоо пландаштырылууда.

Азыркы учурда «Илимбокс» платформасында 7-10 класстын окуучулары үчүн 55 окуу модулу камтылган, аларды 12 мугалимден, педфакультеттердин 8 окуучусунан жана «Илимбокстун» менторлорунан турган топ даярдаган. Бардык материалдар колдонуучулар үчүн https://ilimbox.kg сайты аркылуу жеткиликтүү, ошондой эле Android OС негизиндеги мобилдик колдонмо аркылуу да жеткиликтүү: https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.ilimbox. Сайттын мазмуну класстарга жана темаларга бөлүнүп, ар бир сабак – окуу чейректери боюнча, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин окуу программасына ылайык бөлүштүрүлгөн. Ар бир тема видео-лекция, текст, конспект, интерактивдүү тапшырмалар/оюндар, тесттерди камтыйт.

Китептер менен окуу материалдар компьютерлерге, планшеттерге жана уюлдук телефондорго ылайыкташтырылган. Видеосабак файлынын көлөмү сапатын жоготпостон кыскартылат, бул өз кезегинде төмөн ылдамдыктагы Интернет туташуусун колдонууга мүмкүндүк берет. Мисалы, YouTube платформасында видео сабак көлөмү 300 МБ болсо, «Илимбокс» билим берүү платформасында болгону 30 МБ гана. Бардык маалымат Кыргызстанда жайгашкан серверлерде сакталат. Бул болсо кошумча ылдамдык артыкчылыгын берет, анткени көпчүлүк интернет-провайдерлер интернет-трафигин ички жана тышкы трафикке бөлүшөт.

Республиканын алыскы айылдарынын мектеп окуучулары борбор шаарда колдонулган билим берүү ресурстарына ээ болушат. Платформаны чет өлкөдөгү окуучулар да колдоно алышат. Мисалы, тыш жакаларга чыккан жана балдарына кыргыз тилиндеги окуу ресурстары менен билим берүүгө кызыккан мигранттар бул ресурстан керектүү сабактарды жүктөп ала алышат. Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үйдөн окуп билим алуу үчүн видео, аудио же тексттердин ыңгайлуу форматын тандай алышат.

«Өлкөнү өнүктүрүү үчүн билимге маани бериш керек. Интернетте кыргыз тилинде окуу материалдары абдан аз, ал эми кыргыз тилинде видео сабактар буга чейин такыр болгон эмес. Бул долбоордун аркасы менен биз мектеп окуучуларына эле эмес, жаш мугалимдерге да жардам беребиз. Биздин видео сабактар ар бир адам үчүн айкын жана жөнөкөй. Мындай долбоорлор сөзсүз ишин улантуу керек», – деди  «Илимбокс» командасы үчүн видео сабактарды кыргыз тилине которгон физика мугалими Сымбат Мадемилова.